Соңку убактарда ар түрдүү себептерден улам Кыргыз Республикасынын Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек араларында жаңжалдар кайталанып келе жатат. Чек арада болуп жаткан чыр-чатактардын себеби эмнеде? Аны болтурбай коюунун жол-жоболору барбы? Албетте, бар. Жаңжалдардын себептери да ар түрдүү. Ал үчүн ким болбосун, каалаган мамлекетине атайын чакырык менен адегенде өткөрмө бекеттерине катталып, анан өтүүсү абзел. Чек аралар толук такталып бүтүшү керек. Тактала элек, эки тараптуу кол коюлбай, зым тосулбаган ачык жана ууру жолдор менен өтүү, же контрабандалык жүктөрдү ташуу – мыйзам бузганга барабар жана кылмышка тете, өмүр үчүн кооптуу иш. Чек арага кире бериш жайларга мамлекеттик чек ара тилкеси экендигин жана ал жерден өтүүгө тыюу салынарын эскерткен белгилер коюлушу керек. Мындай эрежелер ар бир адамды чек ара кокустуктарынан сактайт.
Эгерде расмий кабарларга таяна турган болсок, маалымат каражаттары аркылуу жакында эле Ош облусунун Кара-Суу шаарында аткезчилик үчүн Кыргызстан менен Өзбекстанды байланыштырган жер астындагы жашыруун тоннель табылды. Ал “тоннель Кара-Суудагы үйдүн бетон тротуарына салынган. Тоннелдин тереңдиги 17,5 метр бийиктикте, кире бериш жери 1,80 метр, туурасы 70-80 см, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы аралык 155 метрге жакын. Жер алдындагы бул жол аныкталган убактан бери тоннелди пайдалануу менен мыйзамсыз иштерди жасаган адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Мындай окуя мурда да болгон. Анда да Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет, 24-майда Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы Тельман айылынын аймагында Өзбекстанга өтчү 270 метр жашыруун жолду тапканын билдирген.
Эске салчу жагдай – Кыргыз Республикасы менен Өзбекстандын чек арасынын узундугу 1378 чакырым. 2017-жылкы макулдашуунун негизинде Өзбекстан менен болгон чек аранын 1170 чакырымы (85%), андан бери дагы 13% жакыны такталган. Чек ара окуялары ушуну менен эле чектелип калган жери жок.
Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука райондорунун чек арага жакын айылдарында эки өлкөнүн жарандары арасында ууру жолдор аркылуу жер семирткич ташуу токтобой, адам өмүрү кыйылган учурлар менен коштолгон учурлар жок эмес. Буга 5-апрелде өзбек аскерлеринин огунан кыргызстандык эки бир туугандын өмүрү кыйылса, май айынын башында кыргыз-өзбек чек арасында Ала-Бука районунун үч тургуну Өзбекстандын чек арачыларынын огунан набыт болгону далил боло алат. Өзбек тарап окуяга “алар мыйзамсыз жүк өткөрүүгө аракет кылган” деп мүнөздөмө берген.
Жер семирткич алып өтүүгө байланыштуу мындан башка да бир катар фактылар орун алган: 12-майда Кербен шаары менен Өзбекстандын Мамай участкасынын чек ара бөлүгүнөн ондой жаран селитра ташып, бузуп өткөн. Тасмага бир топ жарандардын мүшөктөрдү көтөрүп, чек ара тилкелерин кесип өтүп жатканы тартылган. Укук коргоо мекемелеринин билдирүүлөрүнө караганда алар кыргыз жерине жер семирткич ташып өткөн өзбекстандыктар болгон. Ошол эле күнү Баткендин Кадамжай районунда коңшу мамлекеттен 25 тонна жер семирткичти ууру жол менен ташып өтмөк болгон адамдар колго түшкөн. Биз мындан башка да расмий түрдө катталган, маалымат каражаттары аркылуу элге кабардар болгон окуяларды күбөгө тартабыз.
Коңшулаш мамлекеттин, айрыкча Тажикстан менен биздин өлкөнүн аныктала элек чек араларында жол, суу, жайыт, көпүрөнүн, кээде тажик адамдардын атайылап кыргыз жерине кирип келүүсүнүн айынан араздашуу болууда. Фактыларга кайрыла турган болсок, өткөн жылдын апрель айындагы жаңжалда өлкөбүздүн 36 жараны каза тапкан, 154ү жараат алган. Тажик өлкөсү 19 адамы мерт болуп, 87си жабыркаганы жөнүндө маалымдаган. Үстүбүздөгү жылдын январында болгон чыр-чатакта кыргыз тараптан 11 адам жараат алса, Тажикстан ал жаңжалда эки адамынан айрылып, 10 кишиси жараат алганын кабарлаган. 10-мартта болсо, Баткендин Тескей аттуу жеринде чек аранын тактала элек тилкесинде болгон ок атышууда Тажикстандык бир чек арачы каза таап, дагы бир киши жабыр тарткан. 12-апрелде да чек арада болгон ок атышууда Кыргызстандан алты адам жараат алып, ал эми тажикстандык бир чек арачы курман болгон. Өткөн жумада тажик чек арачылары Баткен районундагы Булак-Башы аймагындагы кыргыз жерине өтүп келишкен. Кыргыз чек арачыларынын өз аймагына чыгуу талабын аткарбай, тажик чек арачылары ок жана миномет менен аткылашкан. Тажик тарап аскердик оор техникасын чек арага алып келгени да расмий кабарларда жазылды. Жаңжалдан улам оор жарадар болгон эки чек арачы Бишкектеги ооруканаларга жеткирилген.
Эки өлкөнүн (Кыргызстан менен Тажикстандын) ортосунда 972 чакырым чек ара тилкеси бар. Чек араларды тактоо иштери 2002-жылы башталган. Кыргыз-тажик чек арасынын 664 чакырымы такталган. Калган жерлерди аныктоо-тактоо жумуштары эки өлкөнүн паритеттик комиссиялары тарабынан жүргүзүлүүдө. Демек, кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатактар чек аралардын толук аныкталбагандыгынан жана жол, суу, жер талаштын айынан чыгып жатса, кыргыз-өзбек чек арасындагы жаңжалдарга коңшу мамлекеттердин тургундарынын чек ара эреже-тартиптерин сактабай, өз өмүрүн тобокелчиликке салганы, мыйзамдуу уруксат берилген өткөрмө жайлар аркылуу катташпагандары себеп болуп жатат өңдүү. Ал эми карапайым жарандардын бул окуяларга карата пикирлери кандай болду экен? Алар чек ара чыр-чатактарынын себебин эмнеден көрүшөт?
Жалал-Абад облусунун тургуну Ильясбек Камалов:
-Ар бир мамлекеттин өз саясаты, идеологиясы болуусу керек. Чек арада чыр-чатактардын болуп жаткандыгына эки тарапта тең коррупциянын жоюлбагандыгы. Катуу тартиптин жоктугу, биздин мамлекетти коңшу өлкөлөрдүн тармактык кызматтары тең санабагандыгы, жетекчилеринин биздин өлкөгө жасаган тоңдоосун мамилеси. Эки тараптуу ынтымак жакшырса, коңшулаш мамлекеттер бири-бирин тааный билсе, чек ара бекем кайтарылса, мыйзамсыз иштер болбосо, чек арада эч кандай жаңжал чыкпайт. Эл ичинде контрабандалык жол менен ар кандай буюм-тайым, материалдар гана эмес, биз тараптан коңшу мамлекеттерге ууру жолдор аркылуу кой-мал деле ташылып жаткан учурлар бар экени айтылып жүрөт. Андыктан контрабандалык иш чаралар менен коррупцияны биротоло жоюп, минералдык жер семирткичтерди арзан баада алып өтүүнү эки тараптуу келишимдер аркылуу мамлекет өзү уюштуруусу абзел. Чек ара такталганда жаңжал болбойт. Кээде мамлекеттик чек ара бар экенин билбей калган жарандар турмуш-тиричиликтин айына ортого зым тартылса деле өтүп жүргөндөрү бар. Контрабандисттерге тыюу салуу керек. Мал ташылып атат. Биздин жетекчилердин коңшулаш мамлекеттердин башчылары менен тең ата сүйлөшө билүүсү керек керек.
Укук коргоочу Абдиназар Маматисламов:
-Албетте, кошуналар менен тынч жашоо, ынтымак бөтөнчө маанилүү. Чек араны бузгандардын канчасы кармалып, канчасы жаза тартканы дегеле белгисиз. Чыр-чатактарга, жаңжалдарга тиешеси бар кандай даражадагы адам болбосун, жазалоо керек. Ал тууралуу уккан жокпуз. Идеологиялык иштерди жүргүзүп, талаш жерлер боюнча бир чечимге келүү керек. Ала-Бука районунун атын атагысы келбеген бир тургуну чек ара окуяларына кабылган адамдар ага аргасыз барып жатат деп эсептейт. Ал жашыруун жол менен чек арадан аткезчилик кылуу катардагы жарандардын колунан келбейт деген оюн да жашырган жок.
-Азыр айылда жер семирткич жок. “Өзбекстандан арзан баага сатып алабыз”,- деп коркунучтуу окуяларга туш болгон, өмүрүнөн айрылгандар болуп өттү. Атасы менен эки баласы каза тапты. Эми чек араны ар ким эле бузуп, селитра же мал алып чыга албайт. Жерди тактап, зым менен тосуш керек.- дейт ал.
ЖКнын депутаты С. Айжигитов сессияда Баткен районунун Булак-Башы айылы Кык деген жайлоонун жанында, ал жерде беш-алты үй бар экенин жанындагы тажик анклавына оор техника тартылганын айтты:
-Оор техниканы чыгарыш керек анклавдардан. Эл аралык тажрыйба боюнча анклавдарда оор техника кармаганга эч кимдин укугу жок. Анклавга кирген куралдын баары биздин мамлекетте каттоодо болушу керек,- деди ал.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.