Домой Көйгөй Чет жерди эңсеген келечек ээлери, же эмне үчүн биздин алдыңкы...

Чет жерди эңсеген келечек ээлери, же эмне үчүн биздин алдыңкы жаштар өлкөдө калууну каалашпайт?

11

Акыркы убактарда өлкөбүздө чет тилдерди үйрөткөн курстар, окутуу борборлору козу карындай жайнап, өнүккөн өлкөлөрдөн окуп, билим алууну, ал тургай ал жактарда биротоло калып кетүүнү көздөгөн жаш муундарыбыздын саны артты. Көп тил билүү – бакубат келечектин алтын ачкычы. Андай эле болсо, ааламдын алтын дарбазасы сен үчүн ачык. Кыскасын айтканда, балдарыбыздын жаркын келечегине жакшы жол. Алар кайтып келип чет жерден алган билимин, тажрыйбасын жайылтып, өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошсо, ага не жетсин!

Анткени менен медалдын эки жагы болуп жатат. Сырткы миграция, экономикалык оош-кыйыштар, билим берүүгө көңүл буруунун азайышы ж. б. у. с. өлкөбүздөгү  билим берүүнүн сапатын  кескин төмөндөтүп, акыркы отуз жыл ичинде туулуп-өскөн жаш муун мурдагылардыкынан айырмаланган, өзүнчө билимге, таалим-тарбияга ээ болду. Албетте, анын натыйжасы мактанарлык эмес экенин күнүмдүк жашоо-турмуш көрсөтүп жатат. Ачыгын айтсак, ата-энеден баштап, тиешелүү кызматтар, коомчулук баланын келечегине астейдил болбой калдык. Мамлекеттик мектептерди чанып, жеке студенттер, айылдарга чейин ачылган ЖОЖду бүткөн мугалимдердин мууну өсүп чыкты. Социалдык сайттарда блогерлер күлүп да, ыйлап да тарткан коомдун трагедиясы болгон көрүнүштөр пайда болду. Борбордогу эн сөөлөттүү деген ЖОЖдон билим алып жаткан студенттердин кыргыз тарыхына, маданиятына салым кошкон саналуу залкарларды, ал турсун жаныбарлардын балдарынын аттарын, өз дене мүчөсүнүн аталыштарын өз эне тилинде атай албагандыгын көрүп, “дарбызыбыз колдон түштү”. Алар: “Төөнүн баласы музоо”, “тизенин арты – шыйрак”, “Раззаков – эстрада ырчысы”,- деп жатышат. Ал эми өлкөбүздөгү белгилүү инсандын аты коюлган сапаттуу деп саналган билимканаларда окуп жаткан, көп тилде сүйлөгөн алдынкы окуучудан: “Мектебиңерге аты коюлган чыгаан инсан ким?”,- деп сурасам, “Билбейм, кызыкпайм да…”,- дейт. Социалдык желелерде: “Оа”, ”Мм”, ”Келтаспы”, ”бардыспы”, ”сомнения кармап турам” ж. б. у. с. эне тилибизди ылайлаган укмуштуу сөздөр пайда болду. Ал тургай  супермаркетте сүт куюлган кутудан “Сүт уйдуку” деген жазууну окудук. Көрдүңүзбү, “Уйдун сүтү” деген түшүнүк жок. Банкоматты “Акчамат” деп жазып коюшуптур. “Банкомат” банк деген терминден алынган. Такыр башка түшүнүк берген сөз. “Акча” дегенине макул дейли, “мат” деген эмне? Кыскасы, баш-аламандык. Кайдыгерлик. Кенебестик. Көңүл коштук…

Демек, бизде нарк-насил, адеп-ахлак, эл-жерди сүйүү деген патриоттук дух,  ЖОЖдордо, мектептерде, үй-бүлөдө окутуу, тарбиялоо жетишерлик деңгээлде эмес. Тактап айтканда, улуттук идеология деген ат чабым артта.

Не дейбиз, баланы чапанына ороп, башынан сылап жомок айткан илгерки чоң энелер азыр жокко эсе, бешик ырын ырдап, балага мээримин төгө турган энелердин баары миграцияда, а биздегилери болсо конок күтмөйдө, той-аштарда, кафе-ресторандарда жүрүшөт…

Баарыбыз балдарыбыз чет өлкөлөрдөн окуп, жакшы билим алып, бакубат жашаса деп тилейбиз. Дүйнөлүк олимпиаданы багынтып, терең. билими менен өлкөнүн сыймыгын арттырган жаш муундардан да уучубуз кур эмес. Ошентсе дагы жогорудагыдай кемчиликтерибиз колду байлап, бутту тушап турат. Андыктан төгөрөгү төп келген, билим деңгээли жогору бүтүрүүчү билими бааланган, кесиби ардакталган өлкөнү эңсейт.

Чет жерден келечегин издеген жаш муундар эмнеге мекенде эмес?,- деген суроо берсең өз өлкөсүнөн туруктуу келечегин көрбөй турганын айтышат. Канчалык мыкты билим болбосун, карапайым калктын баласына жогорку кызматтарда орун жок экенин, чет өлкөлөрдө мыйзам иштээрин, билими бааланарын айтышат. Не дейбиз, жаш муундун кайдыгер өсүп-өнүгүүсүнө, келечегинин кедергисине биз чоңдор, коом күнөөлүүбүз. “Өзгө жерде султан болгуча, өз элиңде ултан бол”,- деген накыл кеп бар. Заманбап келечек ээси менен кошо кыргыздын мекенчил уул-кыздарын кошо тарбиялоону унутпасак деген гана сөз…