Домой Без рубрики Чикилдек – көчмөн аристократтардын оюну

Чикилдек – көчмөн аристократтардын оюну

10

Чикилдек – кыргыздын таза, мырза мүнөз оюну. Чаткалда чо-оң эле кишилер, аксакалдар азыр да эрте жазда ойноп калышат. Чаба турган жыгачы – чикилдек, чаап жибергенде уча турган кичинекей жыгач – балелик. Чикилдекти четинден, ыргайдан, долонодон, кайыңдан жасаса, салмактуу болуп чапкан балелик алыска кетет. Утурумдукка туш келген эле жыгачтан жасаса деле болот, бирок, мисалы, тал кургаганда жеңил болуп калат, ошондуктан ордочулар томпоюн сактап жүргөн сыяктуу эле, чикилдек чапкандар деле чикилдеги менен балелигин (мунусу көбүнчө табылгыдан жасалат) сактап коюшат.
Чаткалда чикилдектин үч түрү ойнолчу, эмнегедир бирин “кыргызча”, бирин “орусча” деп алышкан, ойнор алдында кайсыл түрүн атарды тактап алышат. Орусчасын, көбүнчө, биз, балдар, ойночубуз, чоң кишилер орусчасын билбесе деле керек – ойномок тургай, “ошол да – чикилдекпи, антип аялдар деле атат”,- деп жактырышчу эмес. Үчүнчү түрү – “Бой жетер”, балеликти ийинден (ата турган жерден) окчун таштап коюп, балдар жата калып, колун созуп, кимдин бою жетсе, ошол тарап биринчи башташат, калган эрежеси “орусчаныкындай” эле, б. а. ийинден бир атылат, түшкөн жеринен кайра экинчи жолу атып, ал түшкөн жерден үчүнчү жолу атып – акыркы түшкөн жеринен ийинге чейинки аралык чикилдек салынып өлчөнөт. Ким узакка жеткирсе – ошол утат. Бул эки түрү – жеңил, таразалап атканга, балеликтин бир учун кыя кесип даярдап алган жерине чаап, айлантып алып чапканга – уруксат. Ошондуктан кыргыздын нукура чикилдегин ойногондор аны жактырышпайт – ошол себептен окшойт, азыр орусча чикилдек менен бой жетер таптакыр ойнолбой калды.
Кыргызча чикилдектин – тартиби катаал. Упай өлчөгөнгө бир гана чикилдек тандалат, же эки чикилдекти теңдеп кыркышат. Балелик түшө турган тарапка макулдашып чек (макей ) белгилешет, балеликти ошондон ашыра атса гана эсеп, ага жеткире албаса – оюну жатат. Бир адам бир гана жолу атат, бирок улам чектен ашыра ата алса уланта берет. Чектен ашыра аткан учурда балеликти ийинге ыргытып беришет, аткан адам аны жерге тийе электе кайтара чабууга, иши кылып ийинден алыска жиберүүгө аракет кылат. Балелик түшкөн жерден ийинге чейинки аралык чикилдек менен өлчөнүп, канча чыкса, ошончо упай жазылат, маарага, мисалы 200гө кайсы тарап биринчи упай топтосо ошолор утат.
Балеликти адеп чабарда чикилдек менен салмактап, өйдө көтөрүп алып анан көкөлөткөнгө уруксат берилбейт, муну “таразалабай атуу” дешет, “таразалап алса – катындар деле атат да” деп ошону айтышат. Балеликти жерден чикилдек менен шок көтөрүп, кайра жерге түшкүчө чаап үлгүрүү керек. Ыкчылдар шок көтөрмөк тургай, балеликти чимирилтип да жиберишет, чимирилип турган балеликти таамай атса, алыска кетет. Чектен ашып түшкөн балеликти кайра ыргытып берген учурда да жерге тийе электе алыска чаап үлгүрүп калуу керек, жерге бир тийип, кайра көкөлөгөн учурда чабышка болбойт, кокус оюнчу кызыгып кетип чаап жиберсе – эсеп эмес, балеликтин биринчи жолу жерге тийген жеринен өлчөөгө алынат. (Бой жетер деген түрүндө буга уруксат берилет, ошондуктан мыкты чикилдекчилер муну оңой көрүп – жактырышпайт). Адеп эсеп ачылганда бир упай колекке союлат – мурдагы, ата-бабаларыбыздан өткөн чикилдекчилердин элесине арналып жокко саналат, мисалы, топтогон упайы алты болсо, бири колекке союлуп, бешөө эсепке алынат.
Баарынан кызыгы – чикилдек атылган соң, маарадан өтүп келе жаткан балеликти жерге тийгизбей тосуп алса, аткан адамдан оюну жатат. Ошондуктан жакшы аткан адам атканда берки команда бүт чыгып, калпак менен, кол менен, костюмдун эки жеңин тескери кийип, этек кылып алып, тосуп алып жаткырып коюшат. Мурда аксакалдар, калыстар калпак же кол менен тосконго гана уруксат беришчү, костюм менен тоскону кийин кошулду.
Утуш: Уткан тараптын мыкты оюнчусу чикилдек атат, ал балеликти мүмкүн болушунча алыска жеткирүүгө аракет кылат, анан балелик түшкөн жерди сызып коюп, ошол жерден ийинге чейин жеңилгендердин ар бирин бирден чыгарып – зуулдатат. (Куйругуна чикилдекти сайып алып ийинге чейин кубалайт). Жазанын жеңилирээк түрү – көтөрмөй, жеңилгендер бирден чыгып, уткан тараптын бир кишисин, ийинге чейин жонуна көтөрүп келет. Мындай учурда “Баланчаны эшек кылып минип келдим”,- деп мазакташат. Айтор, жеңилсең маскара эле болосуң, айылдагы бала-чака, катын-калач бүт карап турушат. Баса, биз үйлөнүп-жайланып калганда эле ар жыл сайын, 9-майда, классташтар болуп чикилдек атчубуз, бир жолку зуулдатмайда тартылган сүрөттөрүбүз бар, мен уткан тарапта экенмин, чикилдекти кыйратып чаба албаганым менен, зуулдатканын келтиргем… Мага Жумаш досум туш келиптир, эткээл неме да, күлбөгөн киши жок.
Коопсуздук жагы – чикилдек атып жаткан адамга жакын турууга болбойт, кокус чикилдек колдон чыгып кетсе, бала-чаканын башы-көзүн жарып кетиши мүмкүн. Акимбай деген аке бар эле, чикилдекти аябай жакшы атчу, сакманда көп ойночубуз, башы-көзү бүт эле тырык, “Бетиңизге эмне болду эле?”,- деп сурасам, “Ата Мекендик согушка барды дейсиңби, чикилдектин эле тагы да…”.- дегени эсимде.
Чикилдек – таза, тартиби катаал, бирок абдан адилет, көчмөн аристократтардын оюну. Ушуну заманбап кылып иштеп чыкса, стадиондо, ал тургай кененирээк жабык стадиондо деле ойносо болор эле, тартиби өтө жөнөкөй, андыктан “Көчмөндөр оюндарына” кошсо, абдан сонун болмок…

Самидин СТАМБЕКОВ,
Жалал-Абад шаары