Домой Усул каана Чиркей, чабалекей жана жылан (Элдик жомок, адабий окуу, 2-класс)

Чиркей, чабалекей жана жылан (Элдик жомок, адабий окуу, 2-класс)

76

Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү сабагы
Сабактын усулу: Репродуктивдүү
Сабактын формасы: Топтук иштөө
Көрсөтмө каражаттары: Окуу китеби, түстүү сүрөттөр, карточкалар
Предмет байланыш: Мекен таануу, музыка, сүрөт
Сабактын максаты Окуучу үчүн күтүлгөн натыйжалар
Билим берүүчүлүк: Кыргыз эл жомогу менен таанышат. Жомоктогу каармандарга мүнөздөмө беришет. Салыштыра алат. “Окуган чыгармага пикир жазуу” стратегиясын колдонуп, тапшырмаларды аткара алат. Окугандарын жашоо тажрыйбасы менен байланыштыра алат. — Чыгарма менен таанышып, мазмунун түшүнсө;
— Түшүнгөнүн өз сөзү менен айтып бере алышса;
— Текст менен иштөөдө чыгармадан көркөм окуп бере алса;
— Салыштырып, анализ жүргүзүп, түгөйү менен талкуулап, биргелешип иштей алса;
— Сүрөт аркылуу Менин аңгемемди жаша алышса;
— Окугандарын жашоо тажрыйбасы менен байланышын түзө алса;
Өнүктүрүүчүлүк: Өз алдынча ой жүгүртүп, ойлорун эркин, так, кыска, адабий тилде айтууга көнүгүшөт.
Тарбиялык: Активдүүлүккө, ыкчамдыкка, тактыкка, бирин-бири уга билүүгө, сыйлоого, ынтымактуу болууга үйрөнүшөт
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Саламдашуу. Шыктандыруу.
Амансыңбы – кайрымдуу асман ата?
Амансыңбы – мээримдүү жер эне?
Амансыңбы – жаркыраган алтын күн!
Амансыңарбы – менин досторум?
Амансызбы, эжеке!
Үй тапшырмасын суроо
Асманда жаркыраган айды Өмүрбек эмне деп ойлоду?
Жылдыздарды Айдын балдары деп айтууга болобу?
Жаңы теманы түшүндүрүү. ПК4, ПК5.
Сабактын максаты тааныштырылат. Окуучулар үч топко бөлүнүп отурушат. 1-топ: Канаттуулар. 2-топ: Жаныбарлар. 3-топ: Чымын чиркейлер.
Практикалык иш. “Окуган чыгармага пикир жазуу” стратегиясы. Стратегияны колдонгонго чейин: ПК5
Чыгарманы окуучулар менен бирге окуп, мазмунун түшүндүрөт. Чыгарманы көркөм, шар, уккулуктуу, ролго бөлүштүрүү менен окуп, талкуулоолорго багыт берет. Видеролик көрсөтүлөт. Чиркей, чабалекей жана жылан. (Элдик жомок)
Илгери-илгери жер жүзүн топон суу каптаптыр. Ошондо Нух пайгамбар чоң кеме жасап, “жан-жаныбарлардын тукуму үзүлбөсүн” деп ар бир жаныбарлардан бир эркек, бир ургаачы кылып, кемеге салууга буюрган экен. Күндөрдүн биринде кемеде тешик пайда болуп, суу кире баштайт. Көрсө, аны чычкан тешиптир. Нух пайгамбардын айласы кетип:
-Ким бул тешиктен суу өткөрбөй жаап тура алат!,- деп жар чакыртат.
-Мен суу киргизбей кармап турам!,- деп жылан чыгат.
Ошол убадасына бек болуп, топон суу бүткөнчө бир тамчы сууну кемеге киргизбей тосуп турат. Алар акыры кургакка чыгышат. Нух пайгамбар жыландын эмгегине ыраазы болуп, өзүнө чакыртат.
-Жылан, сага ыраазымын. Эмгегиңе кандай акы аласың?,- деп сурайт.
-Дүйнөдө эмне таттуу болсо, ошону алам,- дейт жылан.
-Эмесе, ар бир жаныбардын, жемиштин даамын татып, эмне таттуу экендигин билип кел,- деп Нух пайгамбар чиркейди жумшайт.
Чиркей бүт ааламды кыдырып, жан-жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн даамын татып, кайра келе жатканда, анын алдынан чабалекей тосуп:
-Чиркейим, эмненин даамы таттуу экен?,- деп сурайт.
-Баарынан адамдын каны таттуу экен,- дейт чиркей.
-Тилиң кандай болуп калыптыр, таттуу даамга кандай болгонун көрөйүнчү? Тилиңди бери сунсаң?,- тдейт чабалекей.
Чиркей тилин суна бергенде, чабалекей анын тилин сууруп алат.
-Кана, чиркейим, эмненин даамы таттуу экен?,- деп Нух пайгамбар чиркейден сураганда, ал “кың-кың” этип эч нерсе айта албай коёт.
-Баканын каны таттуу экен деп жатат,- деп чабалекей жооп берет анын ордуна. Чабалекейдин сөзүнө ачуусу келген жылан куйругу менен бир чапканда, чабалекейдин куйругу экиге бөлүнүп калат экен. Ошондон улам анын куйругу эки ача болуп калыптыр. Нух пайгамбар чабалекейдин сөзүнө ишенип, баканы жыланга буйруп коюптур. Ошондо улам жылан бака соруп калат. Эгерде чабалекей болгондо, жылан адамдын канын соруп калмак экен. Жылан менен жылан чабалекейдин өч болуп, адам менен чабалекейдин дос болуп калышы ошондон улам болуптур дешет.
Стратегияны колдонуу учурунда: ПК3
Үч топтун окуучулары “Менталдык картасын” пайдалануу менен иш аракеттерин жасашат.
1-кадам. Мугалимдин иш аракетти: Окулган чыгармага карата жазуу жүзүндөгү пикир кантип түзүлө тургандыгын, ага эмнелер кириши керектигин жана сүйлөм түзүү үчүн кандай сөздөрдү пайдалануу сунуштала тургандыгын түшүндүрөт.
-бул чыгарма жакты (аябай таасирлентти);
-чыгармада жашоону сүрөттөп берген;
-мага өзгөчө окуянын башкы каарманы жакты;
-бул окуя жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берди.
-бул чыгарманы окуу оңой, анда кызыктуу иллюстрациялар бар;
-чыгарма жөнөкөй тилде жазылган.
2-кадам. Мугалимдин иш-аракетти:
-Чыгарманын автору ким экен?
— Чыгармадан тааныш эмес сөздөр кезиктиби?
Окуучунун иш-аракеттери: Окуучулар жазышат
3-кадам. Мугалимдин иш-аракети:
-Бул чыгарма эмне жөнүндө?
-Окуянын башкы идеясы эмнеде?
Окуучунун иш-аракеттери: Окуучулар жазышат.
4-кадам. Мугалимдин иш-аракетти:
-Чыгарма жактыбы, же жаккан жокпу?
-Эмне үчүн?
-Окуя эмнеси менен кубандырды?
-Эң кызыгы эмне болду?
Окуучунун иш-аракеттери: Окуучулар жазышат
5-кадам. Мугалимдин иш-аракетти:
-Башкы каарман ким?
-Чыгармадагы каармандар сага жактыбы?
-Жыландын ордуна сен болгондо эмне кылаар элең?
-Каармандарга кандай мүнөздөмө берет элең?
-Каармандар жөнүндө дагы эмне билесиң?
Окуучунун иш-аракеттери: Окуучулар жазышат
6-кадам. Мугалимдин иш-аракети:
-Чыгармада эң баалуу эмне болду?
-Чыгармадан эмнени түшүндүңөр?
Окуучунун иш-аракеттери: Окуучулар жазышат
Стратегияны колдонгондон кийин: ПК3. “Менталдык карта” боюнча жазылгандарды окуп, ой бөлүшөт.
Эс алуу көнүгүү
Чарчап кетти колдорум,
Чачырап кетти ойлорум.
Эс алдырып албасам,
Таарынат го колдорум.
Жалпыбыз тең бирдейбиз,
Жалкоолукту билбейбиз.
Мындай кызык сабакта,
“Кара жорго” бийлейбиз.
Сабакты бышыктоо: Кроссворд менен бышыктайт
•Нух пайгамбар эмне үчүн бардык жаныбарлардан бир түгөйдөн кемеге салып алган экен?
•Жыланды кайсы эмгеги үчүн пайгамбар сыйламакча болот?
Баалоо: «Гүлдөр салынган ваза»
Үй тапшырма: Чыгарманы окуп келүү
Жыйынтыктоо: Кол белги жана смайликтер менен жыйынтыктоо
Рефлексия:
1. Бүгүнкү сабакта силерге эмне маанилүү болду?
2. Эмне түшүнүксүз болду?
3. Сабак жактыбы?

Чынара АХМАТОВА,
№45 “Беш-Жыгач” негизги мектебинин
башталгыч класс мугалими,
Ноокен району.