Домой Усул каана Чынгыз Айтматов – аалам жылдызы (Тарбиялык саат)

Чынгыз Айтматов – аалам жылдызы (Тарбиялык саат)

3380

Сабактын максаты:
• Окуучулар Ч. Айтматовдун өмүрү чыгармачылыгы боюнча кеңири маалымат алышат.
• Өмүрү өрнөк инсанды өзүнө туу тутуп, көркөм окууга үйрөнүшөт.
• Эли жерин сүйүүгө, элдин керегине жараган инсан болууга тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: сүрөттөр, плакаттар, музыка, слайд-шоу, маркер, кооздолгон гүлдөр, кластер.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Үй тапшырманы суроо. Жаңы тема боюнча түшүнүк берүү. Эрте келген турналар (Көрүнүш). Кластер түзүү. Үйгө тапшырма берүү. Саламдашуу. Сабакты баштоонун алдында жагымдуу маанай түзүп алабыз. Музыка уктуруу.
Үй тапшырманы суроо:
1. Манас ким болгон?
2. Манас кайсы жерде туулган?
3. Манастын апасынын, атасынын аты ким?
4. Силер да Манастай болгуңар келеби?
Окуучулар манас айтышат.
Ооба, балдар: «Манас – кыргыз рухунун туу чокусу”,- атактуу жазуучубуз Ч. Айтматов бекеринен айтпаса керек.
Бөлүнгөндү жыйнаган,
Манасы бар кыргыздын.
Атагын алыс чыгарган,
Чынгызы бар кыргыздын.
Окуучулар эки топко бөлүнүшөт: 1-топ – “Жамийла”, 2-топ “Делбирим”. Слайд-шоу: “Ч. Айтматов”.
Кыргыз жүзү Чынгыз менен жарыкпы,
Жер жүзүнө кыргыз элин таанытты.
Жылдыз болуп түбөлүккө өчпөгөн,
Элибизге тартуулады бакытты,- демекчи кыргызга эле эмес, бүткүл дүйнөгө белгилүү жазуучу жана коомдук ишмер Ч.Айтматов 1928-жылы
12-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында төрөлгөн. Атасы Төрөкул, апасы Нагима эки кыз, үч уулдуу болушкан. Алардын эң улуусу – Чынгыз, эн кичинеси – Роза. Апасы Нагиманын улуту татар. Чыңгыз Айтматовдун үч уул, бир кызы бар. (Аскар, Санжар, Ширин, Элдар).
Жазуучу 1946-жылы Казакстандагы Жамбыл шаарындагы айыл чарба
техникумунда билим алат. Ал техникумда окуп жүргөн учурун: «Техникумдун китепканасы мен үчүн китепкана да, жашоочу үйүм да болчу”,- деп эскерет.
Жазуучунун кыргыз элине гана эмес дүйнө элине таанылган повесттери, романдары, аңгемелери бар.
Мугалим: Кана, балдар, Ч. Айтматовдун кандай чыгармаларын билесиңер?
Окуучу: «Атадан калган туяк», «Эрте келген турналар», “Жамийла”, “Бетме-бет”, «Кылым карытар бир күн», «Кыямат» романы жана башкалар.
Окуучулар ыр айтышат
Аалам алпы жазуучу Чынгыз атам,
Чынгыз деп бүт ааламга жар салам.
Биздин Чынгыз бүт ааламга жаңырып,
Кыргыздардын китептерин чыгарган.

Чынгыз десе билишет кыргызымды,
Кыргыз десе айтышат Чынгызымды.
Кыргызга кылымдарда бир жаралган,
Белек элең жандырган жылдызымды.

Эскерели эскерүүдөн тажабай,
Атасынан эрте калган баладай.
Чынгыз Атам мактоолорго татыктуу,
Кыргызыма камкор болгон атадай.

Унутпайлы даанышмандын эмгегин,
Адабият айдыңында туу чокуга жеткенин.
Көзү жок деп унутууга акың жок,
Кыргыз үчүн айтып келген кептерин.
Ч. Айтматовдун айткан учкул кептери да бар, аларга токтолсок:
• Дос кыйынчылыкта билинет дешет, менимче, бактылуулук кезинде да билинет.
• Сени тааныгандар жашап жатканда сен тирүүсүң.
• Биз дүйнөнү өзгөртөбүз, дүйнө бизди өзгөрттөт.
Эми биз элибиз терең сыймыктанган Чынгызыбыз жөнүндө айтылган айрым учкул ойлордон айтсак:
• Биздин мекен таланттарга бай! Болгондо да зор дүйнөлүк масштабдагы таланттарга бай… Алардын бири – кыргыздын уулу Ч. Айтматов.
Сабакты бышыктоо үчүн кластер түзүү:
1-топ: Ч. Айтматов ким болгон?
2-топ; Ч.Айтматовдун чыгармаларына окуучулар кластер түзүшөт.
Окуучулар суроолорго жооп беришет.
1. Ч. Айтматовдун туулган жери?
2. Ч. Айтматовдун карындашы?
3. Авалбек кайсы чыгармадагы каарман?
4. Жазуучунун эң акыркы чыгармасы?
5. Жазуучунун апасы Нагиманын улуту?
Үйгө тапшырма: Ч. Айтматовдун чыгармаларын окуп келүү.
Баалоо: Упайларын эсептөө менен баа коюлат.
Күнчүрөк АНДАШЕВА,
№62 Р. Темиров атындагы
“Таштак” орто мектебинин
математика мугалими,
Аксы району.