Домой Чыгармачыл аалам Даткайымды түйшөлткөн ойлор

Даткайымды түйшөлткөн ойлор

60

Ала-Бука районундагы №6 Т. Мизираимова атындагы башталгыч мектебинин окуучусу Анарбекова Даткайым жаш экендигине карабастан, өзүнүн аалам чабыттаган ойлорун сүрөт аркылуу берүүнүн чебери. Маселен анын ою боюнча коронавирус лампочканы (демек, жарык ааламды) талкалап жарып чыгып айылга кирип келген. Бала бойдон туруп, дүйнөлүк көйгөйлөр тууралуу ойлорго батып эле тим болбой, аларды боёк аркылуу баяндаган Даткайымдын келечеги али алдыда. Ал быйылкы эс алуу күндөрү Бишкекке атайын көл өнөрчүлүгүн арттыруу, сүрөт боюнча кеңири тартканды үйрөтүү максатында курска жөнөтүлүп, эки ай окуп келди. Анын тарткан сүрөттөрүн өз окурмандарыбызга сунуштоо менен бирге эле, ага чыгармачылык зор бийиктик жана узак өмүр каалайбыз.
Baian.kg