Домой Без рубрики Ден соолук

Ден соолук

8

Эх, жашоо, ачылбаган барактарын,
Жашыруун, сырлуу оюн катат дайым.
Не болот, келечегим кандай болот,
Өткөн бир өмүрүмдү барактайын.

Жараткан оор сыноону берди мага,
Куюлуп ачуу жашым көздөн тама.
Ыйладым, ыйлап алдым каалашымча,
Жүрөгүм ооруп жатты балдарыма.

Менден эч кетпей койду коркуу сезим,
Бат эле көңүлүм суз, чөгүп кеттим.
Жаңырат кулагыма дарыгердин,
“Кызым ай, кеч келипсиң”,- деген сөзү.

“Өмүрүм калды канча?” – деп сурасам,
Дарыгер тынымдан соң жооп узатты:
“Өлөм десең эки айда келет ажал,
Жашайм десең узак өмүр сүрөсүң сен”.

“Дарылайм, дарыласа болот кызым,
Бир аз оор, кыйналасың, чыда”, — деди.
“Чачтарың, кара кашың баары түшөт,
Эки — үч ай сабыр кылсаң чыгат”,- деди.

Кантейин, болдум макул, аргам да жок,
Кулады ысык жаштар мончок-мончок.
Чачтарым мейли түшсө түшө берсин,
Оюмда балдар үчүн жашаш керек!

Оюмда балдар үчүн жашаш керек,
Уул-кызым жараткандан мага белек.
Аларга ким даярдайт даамдуу тамак.
Ак жууп, жумшак сүйлөп эркелетет?

Сулуулуктун деле мага кереги жок,
Болбосо ден соолугум бекем, таза.
Жанында балдарымдын көп жашасам,
Мен үчүн мына ушул бакыт тура!

Жети ай кетти убакыт, дарыландым,
Жети айда мен картайып, карып калдым.
Оор экен, азап экен, кыйын экен,
Ууланып дарыларга санааркадым.

Дарылар бүт боюмду алсыратты,
Денем күйүп, оозум кургап, кардым ачты.
Нечен күн ачка болуп жей албадым,
Тамак эмес, суу дагы өтпөй жатты…

Музга тайып, кыштын күнү сынды бутум,
Эки дарт бирдей келип алды күчүм.
Таянып эки балдак колтугума,
Өзүмчө баса албай көпкө жүрдүм.

Кыш болуп, аркасынан жаз келгендей,
Азаптуу оору кетип, мен сакайдым.
Ыраазычылык билдирип дарыгерге,
Кубанычтуу жылмайып, үйгө кайттым.

Мен эми ден соолуктун баркын билдим,
Капаланып – кайгырбай күлүп жүрөм.
Эч кимге таарынбаймын, ыйлабаймын,
Түшүндүм өмүр мүлкү күлкү экенин.

Капалануу оорунун башаты экен,
Ооруган жаман экен, азап экен.
Кам көрүп ден соолукка жүрүү керек,
Дартыңа даба болчу күлкү экен.

Эгер сенин ден соолугуң чың болбосо,
Эч кимге тийбейт экен түк керегиң.
Оорубай амандыкта жүрөлүчү,
Ден соолук жараткандын зор белеги!
Өмүрхан БАЙМАХАНОВА,
Н. Бекменбетов атындагы №7 мектептин
кыргыз тили жана адабияты мугалими,
Ала-Бука району.