Домой Жай турмуш Дипломатиялык мамилелердин башталгандыгынын 30 жылдыгы

Дипломатиялык мамилелердин башталгандыгынын 30 жылдыгы

10

20-мартта Жалал-Абад шаарында кыргыз – өзбек дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгына арналган биргелешкен иш чара болуп өттү. Иш чарада Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эркин Маматаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, эки элдин түбөлүк достугунун мааниси терең экенин баса белгиледи. Андан сырткары Кыргызстан элдер ассамблеясынын төрагасы Каныбек Тилекеев, Кыргызстандагы Өзбек улуттук маданий борборунун жетекчисинин орун басары Адылжан Атажанов, Өзбекстан этностор аралык коомунун төрагасы Феруз Беков, Өзбектер коомдук бирикмесинин төрагасы Латипжан Ахмадалиев жана Өзбекстан муфтиятынын өкүлү Хабибулла Жоробаев кыргыз – өзбек дипломатиялык мамилелеринин 30 жылдыгы менен куттукташты.
Боордош эки элдин өнөр адамдары тарабынан биргелешкен майрамдык концерт тартууланды, тактап айтканда, Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын өнөр адамдары менен Өзбекстан мамлекеттик филармониясынын артисттери сахнада эриш-аркак чыгармаларды жаңыртып, иш чаранын көркүн ачышты.
Маалымат Жалал-Абаддагы аталган филармониянын директору, белгилүү обончу Эмил Балтагулов тарабынан даярдалды.