Домой Көйгөй Фейктер (Ой — пикир)

Фейктер (Ой — пикир)

15

Бул сөздү уксам да зарылдыгы жоктугунанбы айтор маани бербептирмин. Ал эмес телефон көтөрүп, андан бошоно албагандарды көрүп таӊ калчу элем. Дүйнөгө бүлүк салган коронавирустун кесепети кыргыз жерин да каптап кирип, үйдө олтуруп калдык. Мурда байланыш каражаты катары жаңылыктарды көрө коюп гана жаап койчумун. Анан кесибим педагог болгондугуна байланыштуу пандемия учурунда аралыктан сабак өтүүгө туура келди. Бул мен үчүн зарылдык эле. Телефонду мурдагыга караганда аргасыз көп колдонууга туура келди. Телефондогу «Фейсбуктан» «Педагог», «Мугалимдер», «Мугалимдер үчүн методикалар» сыяктуу кийинчерээк дагы бир канча сайттар ачыла баштады. Мен кесибиме байланыштуу аларга кире баштадым. Алардан педагогикалык, методикалык жаңылыктарды окуп билгим келди.
Оболу, интернеттен окуган маалыматтар менен кошо андагы коомго терс таасир берүүчү жаман сөз кунарын кетирген сөздөрдү окуп, таӊ калдым. Педагогикага терс таасир берүүчү уят сөздөрдүн, уят порнографияларды көрүп, ушуларды да мен окутуп жаткан окуучулар да окуйт да, менин балдар, кыздарым да окуйт да, деп телефонду жерге чапкым келди. Ошондой күчтүү мегабайты бар чоӊ телефондорду көтөрүп жүргөн окуучу кыздарымды, балдарымды көрүп, чынын айтсам жактырчу эмесмин. Анткени алар ата-энеси менен жарыша, керек болсо, алар кирбеген сайттарга кирип, сексуалдык порнографияларды көрүп, түн күзөтүп, отура беришин себептерин ойлоп капа болчумун. Дагы эле ошол жаман ойдон кутула албай жүрөм. Айфон көтөрүп жүргөн кыздарды көрсөм, ошол жаман ой келет башыма. Ата-энеси көрбөгөн порнографиялык видеолорду көрүп эле, эми бошогон кыздардай, балдардай ойлой берчү болдум. Мен балким мугалим болгондугум үчүн, сөздүн ыйык кудурети менен коомдук тарбия берүүгө мүмкүн болбой жаткандыгына өкүнгөнүмдөн ушундай ойлордон арыла албай жаткандырмын. Өзүмдү башкалардын көзү менен да карап көрдүм. Башкалар эч нерседен капары жок эле жүрүшөт. Кызы тиги бурчта, баласы бул бурчта телефон чукулап, өздөрү эч нерсени билбегендей эле жүрүшөт.
-Келечекте биздин балдар не деген адам болот?,- деген суроо жүрөк өйүп, жооп табуу мүмкүн болбой жатат.
Анан мага зарылдык пайда болду. Фейбуктагы баракчама суроолорду, сунуш-пикирлерди жаза койчу болдум. Аларга берилген комментарийлерди окуп, кээде жооп да жазып жиберчү болдум. Пандемия күчөгөндөн күчөп, жаңы окуу жылы да онлайн форматында өтчү болду. Окуучулар менен дагы онлайн байланышта болууга туура келди. Санариптештирүү саясаты билим тармагында өзгөчө мааниге ээ болуп бара жаткандыгын жон терибиз менен сезе баштадык. Ал гана эмес коррупцияны жоюунун бирден-бир жолу да санарипте экендигин коомчулук сезе баштады. Санариптештирүү – учурдун жана келечектин зарылдыгына айлана баштады. Улуу ойчул акын Туяк ырчынын айткандары четтен эле туура чыгып жатат. Туяк ырчы ушул кезге чейин эле адабият таануучулар, тарыхчылар же философтор тарабынан толук изилденүүгө алына элек коомдун катмарына толук тааныш эмес ырчы катары оозго алынат. Акыркы жылдары акын дастанчылар тарабынан анын ырлары дастандары ырдала баштаганын эске албаганда, жамы журтка али белгилүү эмес акын.

Фейктер – ушакчы, чагымчыларбы?

Фейктер – ущакчы, чагымчыларбы? Деги, мындайлар менен кантип күрөшүүгө болот, же булар коомго керек айбан сымал адамдарбы? Мен булар жазган маалыматтарды окуп, ушундай деп жоромолдодум. Жай жашоону каалаган кыргыз элине, деги эле бардык элдерге булардын кереги барбы?,- деген ойго камалдым.
Буларсыз эле жашоого болбойбу? Көрсө, фейктерди да өзүбүз эле атайылап пайдаланат экенбиз. Кантип дебейсизби? Аттуу-баштуу чиновниктер өзүн мактатуу үчүн же коргонуу үчүн фейктерди пайдаланышат экен да, алардын дарегине айтылган сын-пикирлерге каршы жаман, уят, ыплас сөздөр менен жалданма фейктер пост жазып турушат экен. Айрыкча, мындай фейктер шайлоо учурунда талапкерлерди каралоо, же мактоо менен алек болушат. Ал үчүн чоӊ суммадагы акы төлөнүп берилет имиш. Фейсбук пайдалануучулар муну да жакшы билишет экен. Ошондуктан, сен фейк окшойсуӊ,- деп шектүү пикир жаратышат. Алардын фейсбукта сүрөтү, аты -жөнү башка адамдар, даректери так эмес, телефон номерлери башка.

Эмне үчүн?
Эмне үчүн фейктердин пост жазууларына уруксат берилет? КРнын мыйзамдарында фейктер тууралуу ЖОБОлор, же токтомдор, беренелер барбы? Болбосо, эмне үчүн уят, цензурага сыйбаган, ыплас сөздөрдү жазууга ошол фейсбуктун администратор башкаруучуларына уруксат беришет? Буларга ушундай укук берилгенби? Укук берилбеген болсо, анда эмне үчүн администраторлору жоопкерчиликке тартылышпайт?
Коомду дүрбөлөңгө салып, бири-бирине карама-каршы коюп тополоңдордун чыгышына, түндүк, түштүк деп бөлүп, от жагып жаткандар дал ущул фейктер экенине ишенип коюңуздар. Мисалы, КРнын эл артисти Саламат Садыкованын нарындыктар жөнүндө айтылган бир сөзү үчүн не деген жаман сөздөр менен каралашпады. Ооба, жаңылбас жаак, мүдүрүлбөс туяк болбойт дегендей Саламат жаңылып айтып алганын айтып жатат. Ошону түндүк, түштүк маселесине чейин көтөрүп чыгуунун кажети бар беле? Акыры кечирим суроого мажбур болду.
Же болбосо, КРнын Президентин эл шайлаган. Эл шайлаган Президентке не деген акарат сөздөр айтылып жатат. Бул жакшылыктын жышааны эмес. Элибиздин психологиясы мынчалык бузулуп баратканын ушул соцтармактарда жазгандарынан байкоого болот. Ушинтип жүрүп отурса, акыры эмне менен бүтөт? Азырынча соцтармактарда, анан келечекте ачык эле бири-бирибиздин эл алдында абийирибизди төгүүгө өтөбүзбү деп чочуйм. Мындай болбойт деп ишене албай турам. Ушунун баарын жасап жаткан өзүбүз. Мыйзамдуулуктун соцтармакка жете электиги болуп жатат. Эмне үчүн буга тыюу салууга болбосун. Мен бир блогердин фейсбукка ошондогу Президентибизди фашист деп жазганын окуп калдым да, дароо минтип жаздым: «Биздин укук коргоочулар, коопсуздук комитетинин кызматкерлерине кабар берүү керек. Эл шайлаган Президентти фашист дегенге кандай акысы бар? Дароо кармап, авторду жоопкерчиликке тартуу керек». Бир саатка жетпей пост жазган авторду да, менин жазгандарымды да фейсбуктан өчүрүп салышты.
Президент да сабырдуу киши экен тим койду. Аны да фейктер түшүнүшпөй, дагы эле колунан келишинче каралап жатышат. Президент эмес жөнөкөй бир атуул да андай сөздөрдү көтөрө албай жүрөгү кармап каларына шек жок. Эгер мурдагы бийликтеги А. Атамбаев болгондо, булардын баары сотко берилип, жообун беришмек эле. Бирок, сабырдуулуктун дагы чеги болот да. Мейли, билгендериндей адамдар бири-бирин фейктер аркылуу сөгүнүп-сагынып, боктоп «шыбай» беришсин. Соцтармакты билимдүү, илимдүү адамдар да, карапайым адамдар да, окумуштуулар, илимпоздор да, мугалим, врачтар да, ал эмес, окуучулар да, балдарыбыз, кыздарыбыз да, ата-энелерибиз да пайдаланышканын неге эске албайбыз. Телефон кармап ошолордун жанында кайсы бетибиз менен отурабыз? Эмне үчүн улуу муундагы аксакалдарыбыз, эл шайлаган депутаттарыбыз бул тууралуу ооз ачышпайт? Ушул коомдо жашап жаткан адам катары эмнеге көңүл бөлүшпөйт. Адамдар баары эле түркөй, дүнүйөкор болуп, абийир, ар-намыс дегенди унутуп калышканбы? Же кайдыгерликтин сазына батып калдыкпы? Элибиз ушинтип бузулуп кетеби, кыргыздын нарк-насили, ыйман адеби, ушинтип төгүлө береби деген ойго чулганып каңырыгым түтөп турду.

Биздин таалим-тарбиябыз кайда калды?

Мектеп мугалимдери нечендеген тарбия сааттарын окутуп, жакшы бол, жакшы тур, адам бол деген таалим тарбиясы кайда калды. Мугалимдин ар бир сабагы тарбия, ошолордун натыйжасы ушулбу? Мугалимдин он жылдап берген тарбиясын фейктер бир күндө, бир саатта жокко чыгарып жатса да эч ким үн катпаса, эмне дешибиз керек. Акыр замандын балдарына боло берет деп тим бололубу? Жок, андай эмес, биз таза коом курабыз десек, фейк деген түшүнүктү жоготуу үчүн мыйзамдуу күрөш баштообуз керек. Соцтармактарда уят сөздөрдү жазууга каршы катуу тартип киргизүүбүз керек. Ал тармактарда иштеп жаткан администраторлорду жоопкерчиликке тартуу боюнча мыйзам кабыл алуу өтө зарыл. Фейктер – ушакчылар, коомду бүлгүнгө учуратуучу, адамдарды адеп-ахлактан оолактатуучу бузуку, эл душмандары катары кабыл алууга чакырык жасообуз керек. Эӊ башкысы, келечектин ээлерин биз соцтармак аркылуу бузуп, мектеп тарбиясына карама-каршы келчү иштерди жүргүзүп жатканыбызды туура түшүнөлү.
Бардык маселелерди сөкпөй-нетпей эле айтса боло тургандыгын кантип түшүнбөйбүз. Ушул тармакты тейлеп нан таап, бала чака баккандарды эл душмандары катары кабыл алышыбыз керек. Эгер Кыргызстанды эгемен Кыргызстан деп тааный турган болсок, анда мамлекеттик мыйзам менен иш алып бара турган соцтармакты түзүүгө барышыбыз керек. Ушул тармакты тейлеген маданият министрлигинин мындай жосунсуз жоруктарга жол берүүсүнө жол бербөөбүз керек. Ал үчүн такай көзөмөлгө алууга барышыбыз керек. Ал эмес, укук коргоочулардын көз жаздымында бир да адамдын абийирине шек келтирүүчү жаман, уят сөздөр жазылууга тийиш эмес.
Коомдук тарбия менен мектеп тарбиясынын карама-каршылыгын мына ушул фактордон көрүүгө болот. Балдарды тарбиялоо боюнча кабыл алынган тарбиялоонун мамлекеттик программаларын соцтармакта жүргүзүлүп жаткан жат көрүнүштөр жокко чыгарууда. Мамлекет канчалаган каражат жумшап, мугалимдерге эмгек акы төлөп берип, балдар-кыздарды тарбиялоого бар күчүн жумшап жатса, соцтармактарда адепсиздикке, ыймансыздыкка, жалданма жалаа жапкычтарга, ушакчыларга оюн эркин жазууга укук берип жатат. Мындай карама- каршылыкты бир жакадан баш чыгарып, жоюп салуубуз керек. Биз мугалимдердин жүргүзүп жаткан таалим-тарбия иштерине фейктердин жазган посттору карама-каршы келип жатат. Ошондуктан коомдун тазалыгы үчүн мыйзам чегинде бул маселе коомдук талкууга алып чыгууга муктаж деп ойлойм.
Абдыманап АВАЗОВ,
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими,
ЖАМУнун ардактуу профессору