Домой Жай турмуш Фонограмма жана жандуу үн

Фонограмма жана жандуу үн

10

Фонограмма жана жандуу үн

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде концерттик программаларда, маданий иш чараларда ырчылар жандуу үн менен аткаруу жөнүндө буйрук чыкты. Бардык чыгарылган, буйрук, мыйзамдар коомго кандайдыр бир жакшылык, акыйкаттык, өнүгүү алып келүү үчүн жасалат эмеспи. Бул буйруктан эмнени күтөбүз, тагыраагы, эмне үчүн кабыл алынды деген суроо турат? Ырчылар ырларды мыктап жаздырып алып, элдин алдына чыккандан оозун кыймылдатып, элди алдап жатат деген негизги жүйөө. Чындыгында ырчылар ырдайт, ошол учурду алалы, бирок биз жаздырылган жакшы вариантын угабыз. Эми элдерди «алдоо» токтоп, чыныгы үнү мыкты, таланттуу ырчылар сахнаны ээлейт деген илгери үмүт. Эми баардык нерсенин алды, арты, күнгөй, тескейи болгондой эле бул буйруктун дагы көрүнбөгөн, билинбеген, аны жөндөп жаткандар билгиси, көргүсү келбеген, көрсө дагы айткысы келбеген жактары бар.
Концерт берүүдө ырчылар ондогон ырларды аткарат жана көптөгөн аялдамаларды пландайт. Ошончо ырды жандуу үн менен аткаруу- ойдогудай аткаруу чынында реалдуу эмес. Дүйнөлүк ырчылардан айталык Дженифер Лопес Орто Азияда турне кылып жатат дейлик. Алма-Атага концерт коюп, кийинки аялдамасы Бишкек эле… Ал жакта фонограммага тыюу салынган, концерт болбойт. Мындан биз элибиздин Дженифер Лопести көрүп, ырынан ырахат алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратып жатабыз. Анын убактысы бар, Бишкекке деген, албетте, жеке түнкү клубдарга, ресторан, бар ушу сыяктууларга концерт коюшу мүмкүн. Буйрукта айтылгандай фонограммага тыюу мамлекеттик мекемелерге гана тиешелүү. Жеке клубдарда орун чектелүү, баасы асманда жана чөнтөктүү «избранныйлар» үчүн. Демек, бул буйрук калың элдин эмес, пулдуулардын арыгын чабат. Ушундай эле көрүнүш кошу өлкөлөрдүн ырчыларына да тиешелүү. Бул эми азыр биздин тойлордун гүлү болуп аткан Рахымжан Макайымды концерттен көрүп калуу ыктымалдуулугун өлдү карай төмөндөп барат деген сөз. Анан мыйзам көбүнчө башкаларга иштейт, башкалар деген чет элден келгендер. Алар мындай турбайбы аадеп калышат. Бизде «кыргызчылык» деген сөз бар… ал деген кантип аткарылат? аткарылабы? Биринчиден ким, кантип аныктайт, ырчынын фонограмма колдонуп жатканын? Министрликтин анча адамы жок болуш керек, мынча ырчынын артынан аңдып жүрө турган. Айталык, милиционерге тапшырылды текшерүүнү. Аларга фонограмманы аныктоо үчүн кандайдыр бир курал менен камсыз болуш керекпи? Кантип аныктоо боюнча кыска болсо дагы инструкциядан өтүш керекпи? Мейли, аныктаганда дагы ал милиционер менен сүйлөшүп коюу кыйын эмес болуш керек. Анан дагы буйрукта айтылгандай ырчыга жаза жок, жаза мекеменин жетекчисине берилет. Бул деген милиционер келгиче эле клубдун жетекчиси менен ырчы макулдашып алса болот экен да, билбедим көрбөдүм деп. Милиционер келгенде жандуу үндү көргөзүп коюшат болду. Ушундай суроолор көп. Буга чейин деле аймактардагы маданият үйлөрүн кыдырып концерт койгон ырчылар көп эмес болчу, эми ресторандардагы той-концерт менен сый-концерттерге кенен шылтоо ачылды.
Эми «алдоо» жөнүндө сөз кылалы, ырчы ырды жаздырды, өзү ырдады да, элге ырдамыш этип атат. Эл чындап эле ырдап жатат деп кабыл алууда. Бул алдообу же жокпу? Эми клипти алайлы, азыр ыр чыгаары менен клиби чыгат. Биз клипте ырчы тоонун башында, катердин ролун кармап алып, тапанчаны атып-атып ж.б. ырдап жатканын кабыл алып атабыз, бирок биз билебиз да клипте фонограмма, башкача айтканда, жаздырып коюлган ыр чыгып жатканы, ошого макулбуз. Бул дагы алдообу? Фокусниктин сыйкырларын таң калуу менен кабыл алабыз, шоу ошондой да, булчу алдообу? Фокустун сырын айтып анан койгула десе кандай болор экен. Ушулардай эле эл фонограмманы билсе дагы ырдап жаткан ырчыны ушул тапта мындайча айтканда, жандуу ырдап жаткандай кабыл алат жана ырахаттанат. Эгерде фонограммадагы тыюу салынса көпчүлүк учурда жандуу ыр мурда угуп жүргөндөй болбойт жана угуучулар тескерисинче күткөндөй ырахат ала албай калышат.
Балким, буйрук кабыл алуунун негизги максаты элди «алдоодон» арылтып, таза, таланттууларды чыгаруу эмес протекционизм, башкача айтканда, улуттук ырчыларды колдоо саясаты болуп жүрбөсүн.
Абдимитал К. 2023-жыл, январь.

(Автордун пикири редакциянын позициясын билдирбейт)