Домой Мезгил, окуя, факты Гүлжан Асанова: “Март революциясы максатына жеткен жок”.

Гүлжан Асанова: “Март революциясы максатына жеткен жок”.

52


2005-жылдын 24-мартындагы элдик революциянын кыргыз тарыхындагы ролу өзгөчө болгондугуна 18 жылдан кийин дагы бир жолу ынандым. Кыргыз эли эзелтен демократиянын элементтери кан-жанына сиңген эркин эл. Узурпацияланган бийлик, үй-бүлөлүк башкаруу, адилетсиз шайлоо – элди көчөгө алып чыгып, өз укуктарын, эркиндигин коргоого мажбур кылды…
Ал эми расмий тарыхыбызда бул окуя мындайча сүрөттөлөт: ” Март окуясы – советтик система кыйрагандан кийинки 15 жыл ичинде Кыргызстанда түзүлгөн оор социалдык-экономикалык кырдаалдан улам коррупциялашып кеткен бийликтин жүргүзгөн саясатына каршы багытталган жалпы элдик кыймыл. Анын чыгышынын негизги себептери: бардык бийлик бутактарынын (аткаруу, мыйзам чыгаруу жана сот бийлигинин) негизги рычагдары акырындап жеке бир адамдын (президенттин) колуна топтолушу; өлкөнүн экономика, финансы жана жер-суу ресурстарына үй-бүлөлүк монополиянын орношу; экс-президенттин үй-бүлөсү менен анын дос-тамырларынын кызыкчылыгы мамлекеттин кызыкчылыгынан жогору коюлушу; чет элдик кредиттер менен мамлекеттик финансы каражаттарын президенттин үй-бүлөсү менен жогорку бийлик өкүлдөрүнүн жеке кызыкчылыктары үчүн пайдаланылышы; Кыргыз мамлекетинин коңшу өлкөлөр менен чек ара маселеси эл аралык деңгээлде такталбастан, коңшу өлкөлөргө бериле башташы; оппозициячыл маанайдагы массалык маалымат каражаттары (телекөрсөтүү, радио уктуруу, гезит ж. б.) катуу көзөмөлгө алынып, куугунтукталышы; саясатта жалганчылык менен алдамчылык күндөлүк нормага айланышы; жеке үй-бүлөлүк башкаруу бийлигин күчөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү боюнча активдүү аракеттердин башталышы ж. б. Өлкөдө түзүлгөн ушундай жагдайда калктын жашоо деңгээли кескин начарлап, жумушсуздардын саны 2003–04-жылдардагы расмий маалымат боюнча 200 миңден ашкан (иш жүзүндө мындан 3–4 эсе жогору). Коомдо социалдык жиктелүү күчөп, айрымдары эбегейсиз байыса (калктын 5–10%и), калгандары өтө эле жакырданып (калктын 30–40%и) кеткен. Энергетика тармагындагы жоготуулар 3–4 млрд сомго жетип, өлкөнүн жаратылыш байлыктары (сурьма, алтын, суу ж. б.) уурдалган, ички жана сырткы товардык карым-катнаш, соода жүгүртүү бүтүндөй көмүскө фирма менен компаниялардын колуна топтолуп, пайданын 20–30%и гана мамлекеттик бюджетке түшүп турган. Март окуясынын башталышына айрыкча 2005-жылы 27-февралдагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине шайлоо учурундагы одоно мыйзам бузуулар, көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин кандидатураларынын эч негизсиз четтетилиши калк ичинде катуу нааразылык жаратып, элдик толкундоолордун күчөшүнө түрткү берген”.

Ошондой эле сөз эркиндиги кысымга кабылып, бир тараптуу бийликти көкөлөткөн МИКлар да революцияны тездетти. Андан бери улам бийлик алмашып, жаңы төңкөрүштөр жүз берип, заман таптакыр өзгөрдү, бирок элдин үмүтү дагы деле акталбай кала берүүдө… Жедеп тамырлап кеткен коррупциялык схеманы, соттордун адилетсиздигин жоюп, адилеттүү башкарууну толук колго алууга бийлик башындагылар алсыздык кылып, карапайым калктын басымдуу бөлүгү оокатын өткөрүү үчүн массалык түрдө сырткы миграцияга агылды… Демек 2005-жылдагы Март революциясы максатына жеткен жок.
Бийликте орундар алмашты, бирок сумма өзгөргөн жок. Бул – чындык. Эгер кимдир бирөө жыргап кеттик деп жатса, ал карапайым элден эмес. Элдик революцияны канжыгага башты байлап, бийликтин таягын жеп, огунан каза таап, эл жасады. Албетте, лидерлер башкарды, убагында уюштурушту. Бийликке келишти, алардын тегерегинде кошоматчылар пайда болуп, чыныгы революция жасап, элди ээрчиткен уулдарыбыз четке сүрүлдү. Кадрдык кризис коррупцияны күчөттү…
Март революциясынын жыйынтыгына, андан кийинки бийлик алмашуулардын натыйжасына карап олтуруп мен бир нерсени байкадым: революциядан кийин келген жаңы бийлик сөзсүз люстрация жасаш керек экен. Ансыз эч бир максат жүзөгө ашпайт экен.
Мен ондогон жылдар мамлекеттик ММКда иштеп туруп, ошол учурдагы шайлоодо жүз берген адилетсиздикти чагылдыра албай (жазгандарымды чыгара албай), бийликти мактап турган гезитти таштап, калыстыкты талап кылган калкыма кошулуп, алардын үнүн ааламга жеткирүүгө киришкем…

2005-жылдын 4-марты… Жалал-Абад мамлекеттик администрациясынын алдында шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл чогулуп, жылдап чогулган нааразылыгын билдиришип, бийликтин отставкасын талап кылып турушту… Боз үй тигилип, анда бийликке каршы белгилүү саясатчылар чогулушту. Маркум Жусуп Салиевич Бакиев баштаган бир тууган Бакиевдер, Б. Асанов, Т. Тургуналиев, А. Бекназаров, Р. Отунбаева, М. Үсөнов, К. Талиева ж. б. жыйын өткөрүшүп, тарыхый окуяны ММКга калыс таркатуу милдетин мага тапшырышты. Окуяга дүйнө жүзүнөн ММК өкүлдөрү саресеп салышып, айрымдары келип да жатышты. Ушул жерде айта кетейин, март революциясынын жүрүшүн чагылдырууда “Азаттык№ радиосунун ролу, анын облустагы кабарчысы Ырысбай Абдыраимовдун ролу зор.
Эсимде, Топчубек Тургуналиев бир калың дептерди мага карматып: «4-март, Жалал-Абадда тарыхый окуянын башталышы»,- деп тема жазды да: «Жүрөгүңө колуңду коюп, ар бир саатты, элдин чындыкка карата аракет кадамын, ар бир күндү калтырбай окуянын өөрчүшүн кагазга түшүр жана таркат”,- деп тапшырды. Мен 20 күн бою ал киши айткандай дүйнөлүк коомчулуктун Жалал-Абаддагы революционерлерге болгон реакциясын маалымдап, чагылдырып жаттык. Бизден бир аз мурда Украинада революция болгон .Алардын ММК өкүлдөрү биринчилерден болуп биздин жергебизге келишти.

Кийин мен жазган ошол хронологияны негиз катары алынып, “24-Март – элдик революция» деген китеп жарык көрдү. Анын автору журналист Ө. Төлөбеков болду, ошол мезгилдеги “Фергана” аттуу эркин басылманын башкы редактору Бакыт Орунбеков жана мен авторлош болдук.
Ошол мезгилде Жусуп Салиевич Бакиев: “Биздин бардык кадамдарыбыз мыйзам чегинде болушу керек”,- деп какшап айтып турчу. Координациялык Кеңеш түзүлүп, элдик бийликтин бардык иш аракеттери мыйзамдуу документтер менен ырасталган. Элдин саны катталган, каржылык отчет-эсептер жүргүзүлгөн. Март окуясындагы бардык маалыматтарды, ага катышкандардын тизмесин, мен кийин А. Бакиевге өткөрүп бергем. Кийин эмне болду, билбейм.
Мен ошол кездеги бийликтин бардык каардуулугуна чыдап, тагдырын тобокелге салып, 2005-жылдын 24-мартындагы элдик революцияга катышкан ар бир адамды элдин баатыры деп билемин. Анын кийинки жүрүшү үчүн биз жооптуу эмеспиз, себеби революциядан кийинки ролдорду таптакыр башка адамдар ойношкон. Али айтыла турган сөз алдыда. Менин пикиримде, 2005-жылдын 24-мартындагы революция – кийинки 30 жыл аралыгындагы тарыхыбыздагы эркиндик үчүн болгон чыныгы катуу күрөшү болгон. Бул боюнча мен өзүнчө китеп жазам, буюрса… Ал кезде өзгөчө каармандар болгон…