Домой Агартуу айдыңында Ичкиликтин жана тамекинин зыяндуулугу

Ичкиликтин жана тамекинин зыяндуулугу

20

(Тарбиялык саат)
Сабактынмаксаты:
• Билим берүүчүлүк: Жашмуундар алкоголь ичимдиктеринин жана тамекинин тийгизген терс таасирлери жөнүндө маалымат алышат.
• Өнүктүрүүчүлүк: Сергек жашоо көндүмдөрүн калыптандырышат.
• Тарбия берүүчүлүк: Өспүрүмдөр ар кандай жаман адаттардан оолак болууга тарбияланышат.

Сабактын жабдылышы: Ватман, маркер, ичимдик идиши менен, тамекинин кутусунун модели, сызгыч, түстүү борлор, кайчы, түстүү карандаш ж. б.
Уюштуруу: Классты эки топко бөлүп, аларга ватман жана маркерлерди бөлүп берет. Сабактын учурунда тамеки жана ичимдик жѳнүндѳ кластер жана синквейн түзүшѳт.
Мугалимдин сѳзү: Балдар, бүгүнкү биздин тарбиялык саатыбызда азыркы мезгилде бүтүндѳй коомчулукту түйшѳлтүп, ойго салып келе жаткан орчундуу маселе болгон араккечтик жана тамеки тартуу жѳнүндѳ сѳз кылмакчыбыз. Анда келгиле, бул ичкилик, тамеки деген нерселер кайдан, качан пайда болгондугун билип алалы. Алгач ичимдик накта жүзүмдѳн жасалып, шарап катары колдонулуп келгени тарыхтан белгилүү. Ошол эле шараптан мас кылуучу ичимдиктерди жасоо –Чыгыш ѳлкѳлѳрүндѳ кенен тараган. Ичимдиктер алгач Аравияда, Египетте, Кытайда, Италияда пайда болуп, андан соӊ дүйнѳнүн баш-аягына таркап кеткен. Адамдар алкоголду эзелтеден бери «Акыл-эстин уурусу» деп аташкан. Италиялык монах Валентинус биринчи болуп 4-6-кылымда спиртти даярдап, ичип кѳрүп катуу мас болуп, “картаңды жашартып, чарчаганды эс алдырып, капаланууну жок кылып, кѳӊүлдү кѳтѳрѳ турган кереметтүү эликсирди таптым деп жар салат. Бирок анын ою туурабы, жокпу – бул боюнча биз силер менен азыр талкуу жүргүзѳбүз.
Ал эми тамекининт арыхына токтолсок, 1492-жылы Христофор Колумб Атлантика океанын кесип өтүп, Кубанын жээгине токтойт. Жергиликтүү эл аларды белектер менен кошо «сигаро» деп аталган өсүмдүктүн кургатылган жалбырагы менен тосуп алышат. Колумбдун айтуусу боюнча, жергиликтүү эл, чөптүн түтүнүн жутушуп, үйлөп, мурдунан чыгарышат. Колумбдун матростору ал жерден тамеки чеккенди үйрөнүшөт, өздөрү менен кошо кургатылган чөптү ала кетишет. Экинчи жолку жүрүшүндө Колумб тамекинин үрөнүн Испанияга ала кетет. Бул зат ушунчалык кирешелүү болгондуктан, деңиз жана кербен жолдору аркылуу дүйнөгө тарай баштайт. Мына ошол күндөн, ушул күнгө чейин тамекинин түрлөрү көбөйүүдө.
-Балдар, тема түшүнүктүү болдубу? Анда тамекинин зыяндуулугу боюнча слайдга көңүл бургула. (Слайд коюлат). Андан соң ичкиликке берилип кеткен адам жөнүндө, анын үй-бүлөсү менен мамилеси ичкиликтин айынан кандай абалга келгени тууралуу ролик көрсөтүлөт.
Балдар кластер,синквейнт үзүшөт.
Тамеки, сигарет.
Жагымсыз,зыяндуу.
Оорутат, уурдатат, өлтүрөт,
Адамдын өмүрүнө зыян келтирет.
Ичимдик, шарап
Ачуу, зыяндуу.
Мас кылат, жыгылтат, өлтүрөт
Ден соолукка зыян келтирет
Мугалим:
Демек, балдар, бүгүнкү сабактан ичимдиктин жана тамекинин зыяндуулугун билип алдыңар жана аларды пайдалануудан алыс болосуңар деген үмүттөмүн. Ар бирибиз тамеки тартпай, ичимдик ичпей, алардан алыс болсок, ден соолугубуз чың болуп, узак өмүр сүрөбүз.

Эльнура АБДРАХМАНОВА,
№24 Г. А. Бакиева орто
мектебинин мугалими,
Сузак району.