Домой Без рубрики Инерция. Инерттүүлүк. Ньютондун 1-закону. (7-класс)

Инерция. Инерттүүлүк. Ньютондун 1-закону. (7-класс)

78

Сабактын тиби: Сабак-таймаш
Колдонулган методдор: Көрсөтмөлүүлүк.
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, түстүү сүрөт, плакаттар, слайддар, видео ж. б.
Сабактын максаты:
А(Билим берүүчүлүк: Окуучулар инерция, инерттүүлүк, Ньютондун биринчи закону жөнүндө түшүнүк алышат.
б)Өнүктүрүүчүлүк: Жаңы түшүнүктөр менен таанышышат, алган билимдерин турмушта колдоно билүүгө тарбияланышат
в) Тарбия берүүчүлүк: Өз ойлорун эркин айтууга, адептүүлүккө тарбияланышат
Көрсөткүчтөр:
а)Сабакта берилген түшүнүктөр боюнча ойлорун эркин айта алышса;
б)Турмуштан инерция, инерттүүлүккө мисал келтиришип, Ньютондун 1-законунун колдонулушун билишсе;
в)Өз ойлорун эркин айта алышса, бири-биринин пикирин түшүнүшсө;
Сабактын этаптары: Уюштуруу. Үй тапшырмасын текшерүү. Жагымдуу маанай. Жаңы тема. Бышыктоо. Жыйынтыктоо. Үйгө тапшырма. Баалоо.
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Уюштуруу баскычы.
Саламдашуу
Алтын эреже
Класстын тазалыгына,
Окуучулардын маанайына көңүл буруу
Топторго бөлүү
Окуучулардын иш-аракети: Топтордун аттары: 1.”Чондуктар”, 2. “Бирдиктер”, 3.”Закондор”.
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Үй тапшырмасын текшерүү баскычы. §19 Нерселердин өз ара аракеттешүүсү. Күч.
Окуучулардын иш-аракети: Карточка боюнча текшерилет.
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Жагымдуу маанай баскычы. “Ким бат санайт?” оюну.
Окуучулардын иш-аракети: Предмет аралык байланыш болот. Кезеги келген окуучу кайсы тилде болсо да саноону улантат.
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Жаңы тема баскычы. Слайд менен түшүндүрүлөт:


“Эмне үчүн адам мүдүрүлгөндө алдыга, тайгаланганда аркага чалкалайт?” деген суроонун үстүндө талкуу жүрөт.
Талкууну жыйынтыктап, кайрадан слайд көрсөтүлөт.


Инерция латындын iners, inertis деген сөздөрүнөн алынган. Ал аракетсиздик, баштапкы абалын өз алдынча өзгөртө албоочулук дегенди түшүндүрөт.
1632-жылы Галилео Галилей “инерция кубулушун” ачкан. Ал эгер нерсеге башка нерселер таасир этпесе, анда ал тынч абалын же бир калыптагы түз сызыктуу кыймылын сактайт деп айткан.
Сырткы күч таасир эткен учурда нерсенин баштапкы абалын кандайдыр бир деңгээлде сактоо касиети ал нерсенин инерттүүлүгү деп аталат.

Окуучулардын иш-аракети: Окуучулар сүрөттөргө карап ойлорун айтышат. Берилген суроонун үстүнөн талкуу жүргүзүшөт.
Мугалимдин ишмердүүлүгү: Бышыктоо баскычы.


Окуучунун ишмердүүлүгү: Окуучулар топтордо иштешет, сүрөттөр боюнча талкуу жүргүзүшөт. Суроо-жооп иретинде жыйынтыкташат
Жыйынтыктоо:
1.Инерттүүлүк деген эмне?
2.Инерция деген эмне?
3.Исаак Ньютон, Галилео Галилей ким болгон?
4.Эмне үчүн машинада жүргөндө коопсуздук курун тагынуу кеерек?
Үйгө тапшырма: §20 окуп келүү
Баалоо: Ар бир окуучу өзүнчө, андан кийин топтордун упайлары өзүнчө эсептелет.

Айжан ТУРГУНОВА,
Мамадалы Барпиев атындагы №19 Жылгын жалпы орто билим берүүчү мектебинин физика жана информатика мугалими

Өзүм жөнүндө:

Мен, Тургунова Айжан Суйуналиевна, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районуна караштуу Жылгын айылында 1982-жылы 3-февралда жарык дуйнөгө келгем.
Бишкек шаарындагы И. Арабаев атындагы КМПУнин жаңы маалыматтык технологиялар институтуна (ИНИТ) тапшырып, 2004-жылы аталган окуу жайын артыкчылык диплому менен аяктап, физика информатика предмети боюнча окутуучу адистигин алгам.
Эмгек жолумду 2005-жылы 24-январда Аксы районуна караштуу Мамадалы Барпиев атындагы №19 Жылгын жалпы орто билим берүүчү мектебинде физика, информатика мугалими болуп иштөөдөн баштагам. Учурда жогоруда аты аталган мектепте эмгектенип жатам.