Жалал-Абад облусунун Сузак районунун бир кыштагында үйүнө мас болуп келген кырк бир жаштагы киши кызганычтын айынан өңдүү-түстүү аялын экинчи жолу катуу уруп- сабаган. Келиндин суранычы боюнча бул үй-бүлөнүн аты-жөнүн, дайын-дарегин да айтпоого макул болдук. Үч уулу көз ачып, турмуш курган биринчи күйөөсүндө калган. Отуз үч жаштагы бул аял ушу кезде зөөкүр, экинчи жубайы менен бирге үч кызды тарбиялап жатышат. Өзү менен экинчи күйөөсүнүн ысымын айтуудан да баш тарткан келин кыздарын ээрчитип, кээде башка айылда, тун күйөөсүндө калган уулдары жана өз энеси жашаган айылга алардан кабар алганы барып турат.
— Апам менен уулдарымды көргүм келет. Апамкына барып кайра үйүмө кайтсам, азыр күйөөм жок жерден : ”Сен мурунку эриңе бардың!”- деп, шылтоолоп, атайын чыр чыгарып, ур-токмокко алат. Ичпеген күнү үндөбөйт. Майда-чүйдө жаңжалдарды оюма деле албайм. Эки жыл мурда да эси-көөнүмөн кеткис кылып, сабагандай адатын карматты. Москвада иштеп жүргөнүбүздө да кез-кез токмоктоп турган. Күйөөм өтө мас болбоосу, кайра дагы мага кол көтөрбөөсү жана жан сактоом үчүн ушу эрим көтөрүп келген арактан мен да татып, ичимдикти азайтууга мажбур болуп жүрдүм. Биринчи токмогунан кийин да ооруканага жатып, дарыланып чыкканмын. Бети-башым, жамбаш-жонум көгөрүп, баш мээме доо кеткенде мен дарыланып жаткан ооруканага барып, эмне үчүн токмоктолгонумдун себебин сураган милицияга арыз берип жүрдүм. Бирок, “турмушум бузулбасын” деген ой менен айыгып чыккандан кийин биринчи жолкусундай эле кайра эле арызды кайтарып алып аттым. Үч кызым болсо, аларды атасыз койгум келбейт- деди ал аял, көзүн жашылдантып. Анткени менен үй-бүлөдөгү чыр-чатак бир эле тараптын айынан боло бербөөсү белгилүү. “Шамал болбосо, дарактын башы кыймылдабайт”.
Ноокен районундагы жашы кыркка жете элек, Н аттуу бир эркек татынакай, билимдүү , кирпигине чаң жуктурбаган аялынын үстүнө башка бир кыштакта жашаган бир балалуу келинге жашыруун үйлөнүп алып, тунгуч аялына запкы көрсөтүп жүргөнүн кошуналарына уктук. Анын биринчи аялы күйөөсүнүн үйгө келбей калган күндөрү артынан аңдып барып, ырымчыл келиндикинде жашап жүргөнүн, атүгүл эки балалуу болгонун, үй куруп, машина сатып алып бергенин угуп: ”Эмнеге минтесиң?”-деп сурап,каргап-шилейт. Күйөөсү ага:”- Мен сени сүйбөймүн. Сен ага окшоп, менин бутумду жууп бербейсиң!Кааласаң, кете бер! Болбосо, үйдөн чыгып кет! Мен ошону алып келемин!”-деп, сөгүнүп, кээде муунтуп, аялын уруп-тепкилеп урганга өтөт. Мындай адат тез-тез кайталанат. Келин ыйлап-сыктаганы менен уул-кыздарынын келечегин ойлоп, эч кимге арызданбайт. Мындай окуялар ар бир айылда учурашы ыктымал. Үй-бүлө зордук-зомбулугунан бир эле жубайлар гана эмес, кээде кайын эне, кайын ата, балдар-кыздар да запкы тартышы ыктымал. Адам баласына жат мындай көрүнүштөр бат-бат улантылып тургандыгы кимди болсо да, өкүндүрүп, аял менен кыз-келиндерге, балдарга кол көтөргөн зөөкүр, айбанчалыш пенделер өздөрүнө карата айтылган акыл-насаат, кеп-кеңештерге кулак салбай, жыйынтык чыгарбаганына, сабырдуу, токтоо болуп, “жетимиш жолу өлчөп, жети жолу кесип”, тынч, аман-эсен өмүр сүрбөгөнү жан кейитет.
Жалал-Абад облусундагы адам укугун коргоочу жана мыйзамсыздыктарга каршы турган “Адилеттик (Справедливость)” уюму да үй-бүлөлүк зордук-зомбулук токтобой келе жатканын белгиледи. Мекеме келишпестиктер менен уруп-токмоктолгон жарандардын таламын талашып келүүдө. Уюмга күйөөсүнөн, же өмүрлүк жолдошунун тууган-уруктарынан жабыр тарткан, ажырашкан, ажырашкан кезде мүлктөрүнөн, үлүш жерлеринен, буюм-тайымдарынан ажыраган аялдар, балдарына алимент төлөттүрө албай жүргөндөр, тартип коргоо кызматкерлеринен зомбулук көргөндөр, сот адилеттигине жетише албагандар кайрылышат. “Адилеттик” уюмунун өкүлү Бактыкан Жапарованын белгилешинче үй-бүлөлүк зордук-зомбулук, кыйноолор, теңсиздиктер бир миллион эки жүз миңден ашык ар түрдүү улуттардын өкүлдөрү жашаган Жалал-Абад облусунда мурунку кездердегидей быйыл да кайталанууда.
-Жыл башынан тартып, ушу кезге чейин бизге 60 кайрылуу түштү. Алардын он чактысы кагаз жүзүндө, калган элүүсү анонимдүү, телефон (“горячая линия”) аркылуу кабыл алынды. Алардын ичинен көпчүлүк арыз бергендер жубайлары, же алардын туугандары менен жарашып алып, арыздарынан баш тартышты. Анонимдүү кайрылуулардын көптөгөн ээлерине укуктарын мыйзамдуу түрдө коргоо үчүн юридикалык кеп-кеңештер берилди. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулук али токтой элек. Өмүрлүк жары менен башка бирөөдөн запкы жеген аялдардын, кыз-келиндердин, же балдардын баары эле расмий уюмдарга кайрыла беришпейт. Күйөөсү токмоктогон келиндер да зөөкүр эри менен теңтайлашпай, балдарынын, үй-бүлөсүнүн келечеги менен биримдигин, уккан адамдардын сөз кылаарын ойлошуп, сабырдуулук кылышып, “жабылуу аякты жабылуу бойдон” калтырышат.
Алты расмий кайрылуу боюнча тергөө иштери жүрүп жатат. Маселен, Токтогул районунда жубайынан запкы тартканы үчүн асынып өлгөн келиндин туугандарынын кайрылуусу менен козголгон кылмыш иши жергиликтүү сотко басым-кысым болбошу үчүн азыркы убакта Кара-Көл шаардык сотунда каралууда. Үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктардын себептери, ар түрдүү. Экономикалык, моралдык, психикалык жагдайлардан, түгөйлөрдүн эч негизи жок ушак-айыңдын, шекшинүү менен бири-бирине ишенбөөчүлүктүн айынан, өз ара араздашуусунан уруш-жаңжалдын келип чыккандары бар. Мунун арты эркектин аялына муштум көтөрүүсүнө, аялдын каргап-шилеп, кээде таарынып убактылуу кетип калса, соңунда ажырашуу менен бүтүүдө. Үй-бүлөлүк уруш-жаңжалды, балдар менен кыздарга байланыштуу ызы-чууларды, адам укуктарын бузулушу менен кордолушун болтурбоо, үй-бүлөлүк ынтымакты сактоо үчүн эл арасында, айыл-кыштактар менен шаарларда, окуу жайларды, мекеме-ишканаларда информациялык компанияларды, үгүт-насаат, түшүндүрүү иштерин, тегерек үстөлдөрдү уюштуруп, мыйзам алдында аялы менен күйөөсү, кыздар менен балдар да, чоң кишилер да бирдей экендигин ар бир адамдын аң-сезимине жеткирүү зарыл. Биздин мамлекетте үй-бүлөнүн ынтымагы, эркек менен аялдын, балдардын укуктарын коргоо боюнча мыйзамдар жетиштүү. Тек, аларга көңүл кош мамиле жасоого болбойт – деп кеңеш берди укук коргоочу Бактыкан Жапарова.
Өткөн аптада “Адилеттиктин” юристтери Кара-Көл шаардык мэриясынын өтүнүчү боюнча энергетиктердин ушул калаасында үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктарды жана кыйноолорду, аял, бала жана киши укугун бузуп, басмырлаган окуяларды болтурбоо жана андай жат көрүнүштөрдү алдын алуу үчүн атайын семинар өткөрүп келишти. Өз кезегинде биз эки күн бою тартип коргоо уюмдарына телефон чалып отуруп, машыгууларда жүргөн милиция кызматкерлеринен үй-бүлөлүк зордук-зомбулук окуялары, аларга көрүлгөн чаралар тууралуу кабар ала албай койдук. Сот уюмдарынан да маалымат алууга мүмкүн болбоду.
Анткени менен “Акыйкатчынын” Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыял Токтобаева айткандай, соңку убактарда маалымат каражаттарында балдарга, аялдар менен кыз-келиндерге карата болгон терс мамилелер тууралуу окуялар ютуб каналы жана интернет желелери менен телеканалдарда коомчулукка тез таркалып жатат. Анын изилдөөлөрүнө караганда терең талдап көргөндө үй-бүлөлүк баалуулуктарга жетишээрлик түрдө көңүл бурулбай келе жатат. Тагыраагы үй-бүлөнүн түптөлүшү менен сакталышы, ата-энелердин жоопкерчилигине жакшы көңүл бурулбай калгандай.
Үй-бүлөнүн бузулушунун айынан бүгүнкү күндө социалдык жетим балдардын саны өсүүдө. Буга миграция да себеп болуп калууда. Миграциянын өлкөбүзгө экономикалык жактан пайдасы тийгени менен ошол эле кезде үй-бүлөнүн бузулушуна, балдардын кароосуз калуусуна, зордук-зомбулуктардын болуусуна жол ачып жатат. Кээ бир ата-энелердин балдарынан да, балдарга терең билим-тарбия берүүнүн, келечегине жакшы камкордук көрүүнүн ордуна аларды балакатка жете элегинде эле оор жумуштарга иштетип, материалдык баалуулуктарды биринчи орунга коюп алуусу өкүндүрөт.
Эмне үчүн үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктар менен ызы-чуулар, жаңжалдар болуп жатат? Себептери эмне?- деген суроолорубузга “Акыйкатчынын” облустагы өкүлү Кыял Токтобаева мындай жооп узатты:
-Биздин көз карашыбыз менен талдоолорубузга караганда үй-бүлөлүк зордук-зомбулуктун, кыйноолордун келип чыгуусунун жүйөөлөрү төмөнкүдөй:
1. Социалдык-экономикалык абалдын туруксуздугу;
2. Багыт берүүчү идеологиянын жоктугу;
3. Жумушсуздук;
4. Миграция
5. Тарбиянын жетишсиздиги жана башка жагдайлар.
Үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу боюнча сунуш
1. Айыл өкмөттөрдө, айылдарда атайын комиссияларды түзүү, көчмө жыйындарды өткөрүү (аксакалдар, жаштар, аялдар кенеши, укук коргоо органдарынын кызматкерлери, дин өкүлдөрү, соц адис, соц педагогдор менен).
2. Үй-бүлөлүк баалуулуктарга көңүл буруу, түшүндүрүү иштерин күчөтүү; (үй-бүлөнүн түптөлүшү, сакталышы, ата-энелердин жоопкерчиликтери боюнча).
3. Кодекс, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү боюнча сунуш келтирүү (жоопкерчиликти күчөтүү).
4. Район-шаарларда кризистик борборлорду ачуу;
5. Жогорку, орто окуу жайларында атайын лекцияларды өтүү;
6. Социалдык роликтерди чыгаруу, укуктук сабаттуулукту жогорулатуу.
Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнө 2021-жыл ичинде үй-бүлөлүк зомбулук боюнча сегиз арыз түшкөн. Ал эми 2022-жылдын 24-майына карата 2 арыз (бирөөсүнүн арызы боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп, иш сотко өткөн. Экинчисине юридикалык кеңештер берилип, тараптардын өз ара макулдашууларына байланыштуу арызданган адам аны кароосуз калтырууну суранган) .
Ошол эле учурда бири-бирин сыйлап, ынтымактуу жана бакты –таалайлуу болуп, өмүр сүрүшүп, уул-кыздарына татыктуу тарбия-билим берип келе жатышкан үй-бүлөлөр облуста, бүтүндөй эле республикабызда миллиондоп саналат.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.