Домой Без рубрики Экс-президент А. Акаев кандай кызмат өтөдү?

Экс-президент А. Акаев кандай кызмат өтөдү?

16

Демократиялуу өлкөдө мамлекеттин ар бир башчысынын эмгегине баа берилип турат. Маалымат каражаттарында республикабыз көз каранды эместикке жетишкенден тартып, өлкөбүздү башкарган ар бир ажолордун Кыргыз Республикасын калыптандыруудагы ички-тышкы саясаттары жана ийгиликтери менен кемчиликтери жөнүндө сөз болуп келе жатат. “Акыйкаттын” өткөн аптадагы санында экс-президент А. Атамбаевдин ишмердүүлүгү тууралуу макала жарыяланган. Кеп оролу бул ирет КРнын туңгуч президенти Аскар Акаевдин айланасында жүрмөкчү.

Окумуштуулуктан президенттикке карай
Окумуштуу-физик 1990-жылдын 12-октябрында, Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин кезексиз сессиясында мамлекеттин жетекчилигине шайланган. Бир жылдан кийин, же 1991-жылы болуп өткөн шайлоодо ал республиканын алгачкы президенттик креслосуна олтурган. Ошол жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасы көз каранды эмес мамлекет болуп жарыяланды. Андан бери мамлекетибизди бир нече чет өлкөлөр таанып, эки тараптуу элчиликтер ачылды. Республика Бириккен Улуттар уюму жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму сыяктуу эл аралык бир нече абройлуу мекемелерге мүчөлүккө өттү. Дүйнөлүк Банктардын өкүлчүлүктөрү иштей баштады. Кыргыз армиясы жана Улуттук Гвардия түзүлдү. Көп узабай КРнын эки палаталуу Жогорку Кеңеши түзүлүп, ЖКнын ар башка жылдардагы сессияларында мамлекеттүүлүктүн эн белгилери болгон республикабыздын Баш Мыйзамы, Гимни, Туусу, Герби, Улуттук валютасы – сом кабыл алынды.
Аскар Акаев 1995-жылдын 24-декабрындагы шайлоодо атаандаштарынан озуп чыгып, экинчи мөөнөткө ажо болду. Бүткүл элдик добуш берүүлөрдө мамлекеттик бүтүндөй мекеме-ишканалар анын шайлануусу үчүн иштеген. Ошондогу президенттикке талапкерлердин биринин сөзү менен айтканда “өлкөнү кыдыраар чагында ал самолетке президент катары олтурат да, жер-жерлерге жеткенде президенттикке талапкер” катары эл менен жолугушууларды өткөргөн. Шайлоо жана референдумдар мыйзам бузуулар коштолсо да, аны БШК четке кагып турган. А. Акаевдин кызы менен уулунун Жогорку Кеңешке депутат болуп шайлануусуна жана паракорлук өөрчүгөнүнө байланыштуу саясатчылар “үй-бүлөлүк башкаруу” орногондугун маалымат каражаттарына айтып, жазып келишкен. Кезегинде тунгуч президенттин өзү да паракорлукту тастыктагансып: “Коррупция – жетинчи кабатта” – деп, бекеринен моюнга албаса керек эле.

Коомдук мүлктү жеке менчикке айлантып
Коомдук ишмер Б. Талгарбековдун айтымында Аскар Акаев жүргүзгөн жер жана агрардык реформа республикабызда ийгилик менен ишке ашырылган. Мурдагы колхоз-совхоздор толук жоюлуп, алардын мүлк-байлыктары эл колуна өттү делгени менен талкаланып, талоонго сатыкка түшүп, коллективдүү менчиктин ордуна жеке менчик түптөлгөн. Республиканын айыл эли жер, мал, мүлк, техниканын ээсине айланып, эркин чарба жүргүзгөнгө ооду. Кыргыз өлкөсү уюшулган алгачкы жылдары буудайды алтынга сатып алууга мажбур болгон. Айыл чарба реформасы аркылуу дыйкандар 1998-жылы 1 миллион 200 миң тонна буудай өндүргөн.1990–1995-жылдары республика боюнча айыл чарбасынын өндүрүшү 60 пайызга азайган. Ошону менен бирге эле чет элдик насыялардын жардамы менен “Бишкек-Ош” автожолун куруу, «Манас» аэропортун жаңылоо, алдыңкы телекоммуникация системасын түзүү да биринчи президенттин эмгеги болуп саналат.”
Совет доорундагы коллективдүү колхоз-совхоздор, фабрика, заводдор жана башка ар түрдүү тармак боюнча иштеген айыл чарба, өнөр жай, соода-сатык, кайра иштетүү, маданий мекеме-уюмдар жоюлуп, ишкана-имараттары сатыла баштаган соң, мамлекет чет өлкөлөрдөн түрдүү пайыздагы насыяларды алып иштетүүгө аргасыз болду. Нечендеген адам жумушсузга айланды. А. Акаевдин ажолук доору болгон он төрт жыл ичинде, же 1991–2005-жылдары республикага кырк жылдык мөөнөт менен 1,8 миллиард доллар кредит келген. Бул насыялар Дүйнөлүк банк жана Азия өнүгүү банкынан алынган. Белгилүү болгондой ошондон тарта чет өлкөлөрдөн насыя алуу иши ар башка президенттердин убагында түрдүү шарттар менен улантылды. Азыркы күндө чет элдик карыз беш миллиард долларга жакындады. Жылдан-жылга жумушсуздук жана кымбатчылык күчөдү. Жашоо оорлоп, жакшы жашоого умтулган миңдеген адамдар жакынкы жана ырааккы чет өлкөлөргө барып, иштеп келүүгө жол издешти.
Мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркациялоо жумуштары да А. Акаевдин доорунда башталган. Эки тараптуу келишимдердин убагында Казакстан жана Кытай Эл Республикасы менен чек аралар аныкталып – такталган. Бирок, Үзөңгү-Кууштун Кытайга берилиши Жогорку Кеңештин депутаты Азимбек Бекназаров менен анын колдоочуларынын нааразылыгын туудуруп, алты адамдын өмүрүн жалмаган Аксы окуясы келип чыккан. Расмий маалыматтарга ылайык Үзөңгү-Кууштагы талаш жердин жетимиш пайызы, Хан- Теңири чокусу биз тарапта калды, Кытайга отуз пайызы өткөн.  Каргашалуу Аксы окуясы менен 2005-жылы 24-мартта болгон “жоогазын” төңкөрүшүнө жол бергендиги, Кумтөр кенинин айланасындагы окуялар Акаевдин чоң кемчилиги катары айтылып, жазылып келе жатат. Мындай окуялардын айынан жана 2005-жылдын февраль айында болгон парламенттик шайлоолордун адилетсиздигинен шайлоочулар анын бийлигине нааразы болуп, ошо жылдын 4-мартынан 20-мартына чейин Жалал-Абад облустук администрациясынын алдында жыйырма күн туруп, обладминистрацияны ээлеп алышкан. Шайлоону кайра өткөрүү акциялары кийин Бишкекте улантылып, А. Акаев Россияга кетүүгө аргасыз болгон. Президенттиктен бо шонуу арызын ошол жактан жазып берген. Ошол бойдон ал көз жумган жакындарына да келе албай, он алты жыл четте жүргөн. 1999-2000-жылдары удаасы менен эки жолу чет элдик жоочулар кыргыз жергесине кол салган.

Өлкөгө он алты жылдан кийин келди
Былтыр гана ал Бишкекке келип, Кумтөр боюнча суроолорго жооп берип, ага тиешелүү кылмыш иштери токтотулгандыгына байланыштуу өлкөгө келип-кетүүгө мүмкүнчүлүк алды. Бул иш Президент Садыр Жапаровдун «кыргыз элин бириктирем, ынтымагын чыңдайм» деген саясатынын жемиши экендиги талашсыз. Садыр Жапаров айкөлдүк кадам таштап, саясий куугунтукта жүргөн тунгуч президентибиздин мекенине кайтып келүүсүнө жол ачты. Аскар Акаев с аясатка аралашып, бийликке келгенине өкүнгөндүгүн маалымат каражаттарына берген маегинде: «Кээде саясатка келгениме өкүнөм. Анткени, ал кезде илим менен көп ийгиликтерди багынтып келе жаткан кезим болчу. Эгер ошол багыт менен кете бергенимде, балким, баары башкача болмок беле деп калам. Бирок, баары бир тагдырдан качып кутулуу мүмкүн эмес да,-» деп айтканы бар. 2005-жылы, бийликтен кетээр замат, «Акаевге тиешелүү» делген эки жүздөй компания, имарат ж. б. мүлктөрдүн тизмеси ачыкка чыккан. Бирок, текшерүү учурунда алардын бири да Акаевге тиешеси жок болуп чыккан. Сурак жана териштирүүлөрдө Аскар Акаевдин «Кум-Төрдөн» бир доллар да албаганы, «Центерра» компаниясында бир да акциясы жок экени аныкталган. Аскар Акаев Москвада үй-бүлөсү менен он алты жылдан бери В. Путин берген мамлекеттик дачада жашаары тууралуу маалыматтар бар.
Аскар Акаев Кыргызстандын мурдагы президенттеринин Дубайда өткөн жолугушуусу боюнча:
-Президент Садыр Жапаров жана анын командасы эки жыл ичинде мамлекеттик жана коомдук турмуштун бардык тармактарында, өлкөнүн ички жана тышкы саясатында көрүнүктүү ийгиликтерге жетишти. Алар биринчи кезекте мамлекеттүүлүктүн негиздерин бекемдеп, эффективдүү мамлекеттик башкарууну калыбына келтиришти. Ошого жараша биринчи оң натыйжалар пайда болду.2022-жылы тарыхый бир катар окуялар болуп өттү. Анын ичинде Казакстан жана Өзбекстан менен Чолпон-Атада «Борбордук Азияны 21-кылымда өнүктүрүү боюнча достук, коңшулаштык жана кызматташтык келишимине» кол коюлду. Өзбекстан менен чек ара маселелерин эки тарапка тең алгылыктуу жана пайдалуу ийгиликтүү чечилди. Кыргызстандын стратегиялык өнөктөшү Россия менен мамилеси бекемделди.
Экономикада да ийгиликтер бар. «Кумтөр» ишканасы улутташтырылып, Кыргыз Республикасынын кызыкчылыгы үчүн иштей баштады. Кыргызстандын ИДПсы 2022-жылы 7 пайызга өсүп, бардык ЕврАзЭС жана КМШ өлкөлөрү үчүн рекорддук көрсөткүч жаратты. Алдыда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жана Камбар-Ата ГЭСинин курулушу турат. Бул экономиканы өнүктүрүүнүн энергетикалык базасын чыңдайт. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда экономикалык жылышка жана андан ары динамикалуу туруктуу өсүшкө — элдин жыргалчылыгын кескин жогорулатууга шарт берген кырдаал түзүлдү. Мамлекеттүүлүктү чыңдоо, эл арасындагы биримдикти, ынтымакты бекемдөө президенттин түздөн-түз жана негизги конституциялык милдети. Бул милдетти иш жүзүндө толук ишке ашыра баштаганы кубандырат.- деген билдирүүсүн таратты.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.