Кыргыз Эл жазуучусу Жунай Мавлянов 1923-жылы 23-октябрда Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун Кош-Төбө айылында туулган. Ал ошол кездеги көптөгөн жаштарды тартып, комсомолдун катарына тезирээк өтүү үчүн жашын бир жылга узартып жаздырып алганын кыздарынын бири жазып чыккан. Быйыл анын жүз жылдыгын өткөрүү үчүн долбоор жакында Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде талкууланды.
Мектепке жөө барып-келип окуган
Келечектеги жазуучу мектепке тогуз жашында кирген. Ал беш чакырымдай жердеги башталгыч мектепке жөө барып-келип окуган. Кийинки билимди район борборундагы интернаттан алат. 1941-жылы Жалал-Абаддагы педагогикалык окуу жайын аяктагандан кийин Аксынын Афлатун жана Иринжит айылдарындагы жети жылдык мектепте мугалим болуп, балдарга билим-тарбия бере баштаган. Улуу Ата Мекендик согушка 1942-жылы кетип, фронтто оор жарадар болгон. Аскерден 1944-жылы туулган жерине кайтып келип, жети жылдыкка айланган мектепте иштеп, мектептин окуу бөлүмүнүн башчылыгына, кийин директорлугуна дайындалган. Ал тууралуу: “Бир кезде төрт жыл жөө жүрүп, окуган мектебиме он бир жыл атчан каттап, иштедим. Бул мезгилде колхоздордун күчү менен (сельсоветтеги жалгыз жети жылдык мектеп болгондуктан ага беш колхоздон тең балдар келип окушчу) мектептин жаңы имаратын тургузууга жетиштим. 1951-жылы өз аракетим менен мектебибиз он жылдыкка айланды. Менин сунушум боюнча ага орус жазуучусу Максим Горькийдин аты коюлду”,- деп эскерген ал.
1950-жылы Жалал-Абадда ачылган мугалимдер институтун артыкчылык диплому менен, ошол эле жылы Фрунзедеги пединституттун үчүнчү курсу үчүн экзамен тапшырып, КМУнун сырттан окуу бөлүмүн 1952-жылы ийгиликтүү аяктаган. 1961-63-жылдарда Москвадагы Максим Горький атындагы Жогорку адабий курсту жалаң “бешке” окуп, бүтүргөн.
1960-жылы жазуучунун биринчи ырлар жыйнагы «Жүрөк» деген ат менен жарыкка чыккан. Ал эми «Бекиш, сага эмне болду?» аттуу повести туңгуч прозалык китеби болуп эсептелет. Ал мындан тышкары «Нан», «Жалгыз бутактуу арча» аттуу мыкты аңгемелердин, «Ачык асман», «Бийиктик», «Турмуш», «Кайрымсыз жылдар» аттуу роман, повесттердин да автору. Жазуучу Барадий Мунгуновдун «Кара шамал» повестин жана Василий Сухомлинскийдин «Балама кат» аттуу китебин кыргызчалаган. Адабий китептери орус, тажик, өзбек, украин, казак, француз, немис, англис, татар, латыш тилдерине которулган.
Жаш жазуучуларга камкордук көргөн
Жунай Мавлянов 1963-1966-жылдары Караван мектеп-интернатынын директору, 1966-1971-жылдары Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкармалыгында катчы, 1971-1988-жылдары «Мугалимдер» гезитинин редактору болуп иштеген. Адабий ишмердүүлүгүндө көптөгөн жаш акын-жазуучулардын өнөрүнүн калыптануусуна чоң үлүшүн кошкон. Ошол себептүү ушул газетада журналисттик жана жазуучулук чыйырын баштаган бир нече калемгерлер азыркы күндө мамлекетибизге таанымал болушту. “Кыргыз эл акыны”, “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгеги сиңген ишмер” жана “КРнын эмгек сиңирген мугалими”, “КРнын эмгек сиңирген агартуучусу” деген бир нече ардактуу сыйлыктардын ээлери болуп калышты. Ж. Мавлянов өзү башкы редактор болуп иштеп турган “Мугалимдер газетасынын” ар бир жолку чыгарылышында адабият ышкыбоздорунун чыгармаларын үзбөй чыгарып турган. Жунай Мавляновдун андай адабий камкордугуна ушул саптардын автору да туш болгон. Жунай агай башкы редакторлук бөлмөсүндө биздин аңгемелерди башынан аягына чейин автордун көз алдында окуп чыгып, жакшы баа бергендиктен 1984-1985-1987-жылдары аңгемелерибизге “Мугалимдер газетасынан” толук бир беттен орун берип турган. Бул газета ал жылдары аптасына эки ирет, азыркы 16 беттегидей болуп жарыяланаар эле.
Жазуучу өз өмүр баяны тууралуу жазылган макалаларында айтканына караганда 1955-жылы аны Жаңы-Жол районунун борборундагы орус-кыргыз орто мектебине директорлукка которушат. Ал директор болуп иштеген Караван орто мектеби облуста биринчи болуп, мектеп-интернатка айланган.
Башкы көңүлү билимге бурулган
Жунай Мавлянов өзүнүн түйшүктүү, ары сыймыктуу, жетекчилик –педагогдук жылдарында келечектеги билим ээлеринин мыкты билим алуусуна, жашоосуна өтө чоң камкордуктарды көргөндүгү жазып калтырган эскерүүлөрүнөн да байкалып турат. Ага мисал төмөнкү баяндама :
“Менин 47 жылдык эмгек стажымдын 42 жылы эл агартуу системасында өттү. 1966-71-жылдарда гана Кыргызстан Жазуучулар союзунун секретары болуп иштедим, бирок аны деле негизги кесибиме ыйгарып жүрөм. Көп жылга созулган педагогикалык ишимден Караван мектеп-интернатында өткөргөн он жылымды өзгөчө жылдар деп эсептейм. Бул мектеп-интернатта согуш маалында томолой жана жарым жетим калгандар тарбияланышкан. Алар областтын бардык райондорунан, шаарларынан келгендер жети жаштан тартып, кабыл алынган. Үч жүздөн ашык балдар жана кыздар. Демек, үч жүздөн ашык тагдыр… Ал тагдырлар кийин «Менин күндөлүгүм» деген бир повестке, «Жаңы таң» деген романга араң батты.
Он жыл ичинде балдар үчүн үч кабат жатакананы, мугалимдер үчүн эки кабаттуу үч үйдү, эки кабат окуу корпусун, жаңы ашкана, мончо, кампаларды, кир жуучу жана башка күндөлүк турмуш-тиричиликке керектүү жайларды курууга жетиштик. Балдарды окуу менен кошо эмгек жагынан тарбиялаш үчүн кыздарга ондон ашык тепме машинасы бар тигүү мастерскоюн, балдарга буюм-терим жасоого ылайыкташтырылган темир жана жыгачты иштетүүчү бир нече станогу бар жыгач, темир устаканаларын уюштурдук. 11 гектарга алма өстүрдүк. Мал күттүк. 75 гектар жерди иштеттик. Жайында тарбиялануучулар эс алыш үчүн райондогу эң кооз жерлердин бири болуп эсептелген Пача-Атадагы чоң суунун боюна жайкы лагерь курдук”.
Эр эмгегин жер жебейт
Жунай Мавляновго көп жылдык педагогдук ишмердүүлүгү үчүн 1973-жылы “Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген мугалими”, андан соң,” “СССР Эл агартуусунун отличниги” аттуу ардактуу наамдар ыйгарылган. 1960-жылы СССР Жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган. Ал “Улуу Ата Мекендик согуштун” 1-даражадагы ордени, “Эмгек Кызыл Туу” ордени, “Ардак Белгиси” ордени, «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согушта Германияны жеңгендиги үчүн», «Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн», «1941-1945-жылдары Улуу Ата Мекендик согуштун жеңишинин 20 жылдыгы», В. И. Лениндин туулган күнүнүн 100 жылдыгынын урматына «Каарман эмгеги үчүн» жана «Эмгек ветераны» деген медалдары менен кошо Кыргыз ССР ЖКнын Ардак грамотасы менен да сыйланган.
Кыргыз улуттук адабиятыбызга сиңирген эмгеги үчүн ага «Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу» деген жогорку наамы жана КРнын II даражадагы “Манас” ордени жана “Даңк” медалы да ыйгарылган.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.