Маалымат жетишсиз болгон жерде ача жолдор, ар кыл ойлор көбөйүп кетери белгилүү. Ошондуктан, Элдик Курултайдын делегаттарына жана жалпы эле элге өзүмдүн Фейсбук баракчам аркылуу зарылдыкка жараша маалымат берип турууну чечтим. Курултайдын кароосуна келип түшкөн жана трибунадан айтылган 2 миңден ашык суроо-талап, ой-сунуштар көңүл борборунан сыртта калбастан Президенттин аппаратынын жана Биринчи Элдик Курултайдын аксакалдар кеңешинин иш өндүрүшүнө алынды. Жыйындын жыйынтыгы менен толукталган Резолюция иштелип чыгып, 2022-жылдын 7-декабрь күнү коомчулукка жарыяланды жана бийлик бутактарына расмий жөнөтүлдү. Анын негизинде 500 барактан турган иш-чаралардын топтому иштелип чыгып, Президент С.Н.Жапаров кол койгон ал иштиктүү документ тийиштүү тараптарга аткарууга жөнөтүлдү. Иштин көлөм-маанисине жараша быйыл жана келечекте ишке ашыруу мөөнөттөрү белгиленген.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрагасы З. К. Базарбеков менен жолугушуп, Резолюцияны колуна тапшырып жатып, Кемпир Абад маселеси боюнча камактагылардын ишин дагы бир жолу баса белгиледим. Бүгүнкү күндө Аксакалдар кеңешинин ички убактылуу жобосуна ылайык жети багыт (аксакалдар, билгилер, аялдар, жаштар, аймактар, чет өлкөлөрдөгү мекендештер, элдик демилгелер борбору) боюнча иш алып баруудабыз. КР Айыл чарба министрлигинде тармактык адистер менен болгон көчмө жыйын иш аракеттерди максаттуу жүргүзүү багытындагы жакшы жолугушуу болду. Илим, билим, тарбия маселеси боюнча СУНУШ долбоорду иштеп чыгып, КР билим берүү жана илим министрлигине тапшырдык. КР Тышкы иштер министрлиги, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Резолюцияда көтөрүлгөн маселелер боюнча биргеликте иштеп жатабыз. Тармактык адистерден турган Билгилер кеңеши иштей баштады. Коомдогу жигердүү аялдардын жана жаштардын башын бириктирген алгачкы уюштуруу кеңешмелери болду. Жергиликтүү бийликтер менен делегаттардын ортосунда иштиктүү байланыш түзүлдү. Жакында коомчулуктан демилгеленген идея – долбоорлордун, илимий ачылыштардын, чыгармачылык табылгалардын бет ачарларын өткөрүүнү баштайбыз.
Элдик Курултайдын мыйзамы кабыл алына электен улам бюджеттик каражатыбыз жок болгондугуна карабастан туруктуу иш алып барып жаткан 21 кишиден турган Аксакалдар кеңеши өз каражатыбыздын эсебинен 200 миң сомго жакын иштерди жасадык. Алардын ирдүүлөрүнүн бири “КУРУЛТАЙ.KG” сайтын бүтүрүп, ишке киргиздик. Электрондук курултай системасын түзүү багытында ишти улантып жатабыз.
Менин адресиме түз суроолор көп түшүп жаткандыктан, алардын кээ бирлерине жооп бере кетейин. “Курултай болгондон бери 4 ай өттү, эмне иштер бүттү? Мыйзамын кабыл алуу эмне үчүн кечигүүдө? Казино менен Кемпир-Абад маселесин тез эле мыйзамдаштырган ЖК депутаттары эмне үчүн Конституцияда турган Курултайга карыш чыгып жатышат? Бийлик Курултайды өз кызыкчылыгына колдонду, эми жылдырбайт… Кошалиевди ал жерден алыш керек… ж.б.у.с “ толтура суроолор. Бул суроолордун бир тобуна жооп берилди окшойт. Мыйзам боюнча айтсам, коомчулук кабардар болгондой “Элдик Курултай жөнүндө” мыйзамдын долбоорун Президенттин жарлыгы менен түзүлгөн жумушчу топ иштеп чыгып, өткөн 2022-жылдын апрель айында эле долбоорду Жогорку Кеңешке өткөргөн. Май айында тийиштүү комитетте каралып, кеңешмеге катышкан 8 депутаттын төртөө макул, төртөө каршы добуш берип, мыйзам долбоору палатанын кароосуна чыгарылбай калган. Регламент боюнча добуштар тең экиге бөлүнүп калган учурда, комитеттин төрагасынын добушу маселени чече турган норма бар экендигин эске алганда Медер Аалиев төрагалык укугунан пайдаланып, мыйзам долбоорун андан ары жылдырбаганы түшүнүксүз калды. Көп өтпөй жайкы каникул болду, аңгыча комитеттин төрагасы алмашып, Чолпон Султанбекова келди. Кечээ жакында Нооруз майрамынын алдында кайрадан каралган учурда ыйык ишке кайдыгерлик мамиле жасалып, кээ бирөөлөр тарабынан саботаж жасалгандай окуя болду. Мыйзамдын тагдыры боюнча биздин суроолорубузга “аппараттын юридикалык бөлүмү менен ЖКнын юридикалык бөлүмү тийиштүү комитеттин депутаттары менен биргеликте иштеп жатышат”,- деген жоопторду угуп келгенбиз. Чындыгында эч кандай иш жүрбөгөнү көрүндү. Депутаттардын ”өткөн жылдагы долбоорду үтүр-чекитин да оңдобой кайра алып келипсиңер”,-деп айткандарында чындыктын үлүшү бар. Бирок да, мыйзамдын тагдырына ЖКнын тийиштүү комитети жооптуу болгон соң, алымча-кошумчаларды демилгечи тарап менен биргеликте карап, оңдолгон вариантын алып чыкканда болмок да. Комитеттин чечими макулдашуу баракчасы аркылуу жүргүзүлүп, 9 депутат колдогондугу ооз- эки айтылганы менен депутаттарга, демилгечи тарапка кагаз жүзүндө таратылган жок. Комитеттин төрайымы Ч. Султанбекова ак-көк деп сүйлөп да койгон жок. Президентин ЖКдагы расмий өкүлү А.А . Абытов, юридикалык бөлүмдүн башчысы М.К. Укушевдер эл айткандай казинонун мыйзамын өткөргөндөй жан күйүп аракет кылганы байкалбады. Эми эч нерсе эмес, өздөрү айткандай макулдашуу комиссия түзүлөбү, же комитет менен түз иштер жүрөбү, айтор талаш жараткан жерлерин тараптардын катышуусунда карап, кайра эле Парламенттин кароосуна алып чыгуу укугу менен Күн тартибинен убактылуу алынды. Менин кээ бир журналист кесиптештерим жаңылыш айтып жаткандай мыйзам долбоору «четке кагылган» жок.
Элдик Курултай маселесин 20 жылдан бери коомчулук көтөрүп келет. Буга чейин канча Президенттер менен иштедик. Тил эмизип, өздөрүнө пайдалангандан башка идеяны ныпым жылдырышкан эмес. Ал эми С. Н.Жапаров Президенттикке талапкер болуп чыккандан баштап эле Курултайды мыйзамдаштыруу программасында бар болчу. Өзүнүн саясий эркин көрсөтүп, Курултайдын мыйзамы токтоп калган учурда Жарлыгы менен чакырып өткөрдү. Жогорку Кеңеш саясий күчтөрдүн өкүлдөрү олтурган жер. Байкашыбызга караганда Курултайдын мыйзамдашып коомдон өз ордун табышын каалабаган күчтөр өлкө ичинде, болгондо да жогорку кызматтагылардын арасында бар экени көрүнүүдө. Зарылчылык жаралса аттарын ачык айтабыз. Ошол эле мезгилде кээ бир сырткы күчтөрдүн да каршы экендигин билебиз. Алар кыргыздар биригип өнүгүп кетишине кызыкдар эмес.
Жер жерлерден бизге мыйзамдын кечигип жаткандыгына байланыштуу “команда бергиле, район-облустардын борборлорунда митинг-флешмоб-жөө жүрүштөрдү өткөрөлү, керек болсо Бишкекке баралы”,- дегендер четтен чыгууда. “Курултай менен митинг коошпогон көрүнүш, сабыр кылыңыздар, тил табышуу, кепке келүү аракеттери болуп жатат, орозонун күнүндө тынч эле туралы”- деп дамбанын жарылышына азырынча жол бербей келатабыз. Азыр Жогорку Кеңештин депутаттары 1-апрелге чейин аймактарда шайлоочулар менен жолугушууларда жүрүшөт, андыктан урматтуу мекендештер, делегаттар, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып алар менен жеринде иштеңиздер.
Азыркы Конституциянын беш беренесинде Курултай институтунун ыйгарым-укуктары жөнүндө, б. а. КОНЦЕПЦИЯСЫ так жазылып турат. Демек, мыйзамы да андан кем, же ашыкча болбошу шарт. Мыйзамды кабыл алуу Конституциянын талабы. Он үч жылдан бери бул мыйзамдын кабыл алынбай келе жатканына Кыргыз Республикасынын Мыйзам чыгаруу бийлиги- кийинки чакырылыштардын депутаттары түздөн түз күнөөлүү. Элдүүлүктүн жолу улуу, көшөгө артындагы жеке саясий оюндарды токтотуп, мыйзамдуулукту жана салттуулукту сактайлы. Орозо кабыл болсун, элибизге ынтымак-биримдик каалайм.
Элдик Курултайдын Аксакалдар
Кеңешинин төрагасы К. А. Кошалиев