Домой Көйгөй Эне тилге энедей камкордук көрүлсө…

Эне тилге энедей камкордук көрүлсө…

29

Мамлекеттик тил мыйзамы күчүнө киргенден бери опол тоодой күчтүү жигиттердин кырчын курагына тете мезгил өттү. Бул арада анын доораны жүрүп, түпкү улуттун ата-энелери гана эмес, уул-кыздары да байырлаган айыл-кыштактардын калкы 1989-жылга чейинкидей эле жалаң эне тилибизде сүйлөп, окуп-жазып, билим алып калган мезгил болду. Окуу жайлар менен мекеме-ишканаларда деле көбүнесе иш кагаздар менен көрнөк жазуулар да, сабак-лекциялар, тегерек үстөл жана башка жыйындар да көпчүлүк учурда жалаң мамлекеттик тилде өтүп келатат. А түгүл  республикабызда туулуп-өсүп, билим алып, мамлекеттик кызматтарда иштегени менен кыргызча сүйлөгүсү келбеген бөлөк улуттардын өкүлдөрүнөн айырмаланып,  чет өлкөлөрдөн келген ыктыярдуулардын биздин эне тилибизде сүйлөп, эне тилибизде окуп-ырдап, комуз чертип, же кыргызча бийлеген таланттууларын  угуп, көрүп, таңданып да  жүрөбүз.

Анткени менен Бишкек шаарында, мамлекетибиздин башка улуттун өкүлдөрү аралаш жашаган калаалар менен райондордун борборлорунда мамлекеттик тилге тоңдосун мамиле байкалып турат. Борбор шаарыбызда жана ага канаатташ, айлана-тегерегинде жашаган шаарлар менен райондордо, ичкери кирбей эле, Бишкек – Ош жолун бойлорунда жашаган айыл-кыштактардан  китеп-дептерди,  же кандайдыр бир буюмду колуңа алганда эле сырткы бети көзгө дароо урунгандай, чет тилде жана орусча жазуулардын басымдуу экенин байкайсыз. Калкыбыздын токсон беш пайыздан ашыгы ислам динине ишенгендиктенби, же соңку жылдардагы диний таасирдин күчтүүлүгүнөнбү, болбосо, ислам динине ашкере берилгендиктенби, демократиянын, эркин жашоонун эпкини тийгенге, айтор жыл өткөн сайын жергебизде, арапча жазуулар, жаңы төрөлгөн ымыркайларга, менчик мектептер менен балдар бакчаларына арапча ат койгондор көбөйүп баратат. Кайсы улуттагылар көп болсо, көчөлөр менен айыл-кыштактар жана шаарларда ошо тилде сүйлөшөрүн, базар, көчө, ашкана-кафе, ресторандарда кыргызча сүйлөп, суроо берсең, кыргызча эмес, өзбек, дунган, корей, орустар жашаган жерде ошолордун тилдеринде жооп беришет. Жалал-Абад шаарында деле орустун атактуу А. Чехов, А. Пушкин, М. Горький ж.б.) жазуучуларынан тышкары жөнөкөй эле Калинин, Цимлянский, Пахта-Абадский өңдүү орус аталыштары менен аталып калган көчөлөр бар. Расмий булактар боюнча биздин өлкөдө мамлекеттик жана расмий тил бар экени жай турмушта эске деле алынбай калгандай.

Муну бир эле биз эмес, Өзбекстандын Анжиян облусунун Коргон-Төбө районунун Дардак айылында туулуп-өсүп, улуту кыргыз болгону менен орто мектепте жана жогорку окуу жайларындагыдай эле, Анжиян менен Ташкенде да өзбекче окуп, ал жакта жогорку билимдүү кесип ээси болуп, биздин өлкөгө көчүп келгенден бери мекенибиздин курулуш тармактарында эмгектенген,  бөлөк улуттун өкүлдөрүнө караганда эне тилибизде да, өзбекче жана орусча да ээн-эркин сүйлөп, мыкты жаза билген инженер аксакал да байкаптыр. Ал өз оюн минтип баяндап берди:

-Мен таң калам,- дейт калың кара чачын ак аралай баштаган жетимиш беш жаштагы Жакып Турдиев аксакал. (Карыя дегенге ооз барбайт. Себеби, ал киши Жалал-Абад шаарындагы курулушта дагы эле иштеп жүрөт.)  – Биздин республикада мамлекеттик тил мыйзамынын кабыл алынгандыгына быйыл отуз үч жыл толот, ээ? Бирок, дагы деле эне тилибизге өгөй мамиле жасалып келаткандыгынын себеби эмнеде?

Биздин өлкөдө мамлекеттик тил мыйзамынан тышкары эне тилибизге түздөн-түз байланыштуу болгон президентке караштуу мамлекеттик тил комиссиясы, ал комиссиянын облустардагы бөлүм-өкүлдөрү, жалаң улуттук тилде иш жүргүзүүгө багытталган улуттук академия, УТРК баштаган бардык радио-телеканалдар, маданият, билим берүү, илим министрликтери, облустук-шаардык- райондук- айылдык маданий мекемелер, адабий, илимий-тармактык китептер менен гезит-журналдар, жогорку жана атайын орто окуу жайлар, мектептер иштейт. Ушунчалык зор мекеме-уюм, ал мекемелердин миңдеген кызматкерлери бар туруп, мамлекеттин борборунда жашагандардын көпчүлүгү эмне үчүн орусча сүйлөшөт? Орус  тилине – расмий тил укугу берилген. Анан да ар бир  адам каалаган тилде сүйлөшүп, каалаган тилде билим алууга акылуу. Деген менен элибиздин, мамлекетибиздин келечегине түздөн-түз таасир этер тилибизге кайдыгер мамиле жарабайт го! Кайсы бир жылы чет өлкөлүк бир уюм кыргыз тилин  жүз жыл аралыгында жок болуп кетүүчү тилдердин катарына кошкон. Кыргыз барда – эне тилибиз жоголбойт. Кыргыз эл акыны Шайлообек Дүйшеев айткандай: “Кыргыз тилинин байлыгы – укмуш. Тил жоголбойт, тил жоголсо – эл жоголот. Тил меники эмес, элдики!”. Муктаждыктын, жумушка орношуп, ойдогудай маяна таап, жакшы жашоонун айынан жана окууну бүткөндөн кийин Россия Федерациясына барып иштөөсү үчүн балдарын орус мектептерге берген, же чет тилдеринде окуган кыргыз, өзбектер улам көбөйүүдө. Мейли, окута беришсин, көп тил билгендин зыяны жок, кайра пайдалуу. Мектептерге болсо, англис, орус, химия, физика, математика, чийүү, информатика сабактарынын мугалимдериндей эле кыргыз тили жана адабияты сабактары менен мугалимдери, кыргыз тилиндеги китептер да жетишпей келе жатканын угуп, дагы таң калабыз. Мунун өзү – абсурд.  Ай, кыргыз өлкөсүндө, кыргыз жеринде жашап туруп, жогоруда айтылгандай билим-илим берүүчү өтө кубаттуу республикалык деңгээлдеги мекемелери бар туруп, бул эмне деген көрүнүш, эмне деген мамиле? Туура, жогорку окуу жайлардын ар бири жылына 25-30 кыргыз тили жана адабияты сабагынын гана мугалимин даярдап чыгарса, бул аздык кылат, албетте, педагогдор жетишпейт. Мектеп китептери да саналуу санда чыгарылгандыктан, алар да сатылгандыктан дагы деле кыргыз тилиндеги окуу китептери таңкыс болуп кала берет. Мамлекеттин келечеги болгон билим менен илимдин кени болгон окуу китептерин чыгаруудан жана жогорку билимдүү кыргыз тилчи жана адабиятчы педагогдорду көп даярдап чыгаруудан эмнеге каражат аянабыз? Ар бир баланын колунда мектеп программасына жараша китептери, окуу куралдары болбосо, анан кайдан туруп, терең билим алууга жетишсин? Мугалим айтып берип, дептерине жаздырткан билим – билим дегенге жооп бербейт. Республикалык бюджеттин эң көп бөлүгүн башкаруу аппараттарына эмес, ушул тармакка неге бөлбөйт? Кээде бизди, Өзбекстанда төрөлүп-өсүп, ал жакта окуган кыргыздарды: “Силер – өзбексиңер, кыргыз эмессиңер! Эне тилиңерди билбейсиңер!”,- деп сын тагып калышат. Анын түпкү тарыхы менен иши жок.

Совет мезгилинде Кыргыз ССРинин жогорку окуу жайларын бүтүргөн адистерди, айрыкча кыргыз тили жана адабияты сабагынын мугалимдерин Өзбекстан менен Тажикстандын кыргыздар жашаган райондоруна кесиптик практикага жана илим изилдөө иштери менен 5 жыл иштеп келүүгө жиберишер эле. Ошону менен бирге ал жактарга Фрунзеден чыккан окуу китептерин, гезит-журналдарды, адабий китептерди да жөнөтүшөт болчу. Тескерисинче, Советтер Союзу менен Өзбекстан, Кыргызстанда жашаган орус жана өзбек мектептери, уул-кыздары үчүн өздөрүнүн мектеп программаларына ылайыкташкан окуу китептери менен жарак-жабдыктарын ашыкча түрдө жиберип туруучу. Ошондуктан бул мектептерде китеп өксүгү сезилчү эмес. Өзбекстан менен Тажикстанда жашаган кыргыздардын өз эне тилинде окубай, билим албай калуусу ушу себептерге да байланыштуу. Мисалы, өзбек, же тажиктер жашаган айыл-кыштактарда кыргызча мектеп, китеп, мугалим болбосо, айласыздан тажик, өзбек мектептеринде ошолордун тилинде окууга аргасыз болосуң. Орто мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайларында да кыргыз тилинде эмес, тажик, же өзбек тилинде окутулса, анан кантип, кыргызча билесиң, кыргызча китеп, гезит-журнал, кыргыз тилинде билим-тарбия берээр жогорку билимдүү кыргыз агай-эжекелер ал жактарда иштебесе? Телеканалдары менен радиолору совет доорунда болгону жарым, же бир сааттан ашык кыргыз тилинде көрсөтпөй, кыргызча сүйлөбөсө? Жөнөкөй эле мисал, Өзбекстандын мугалимдери өз мамлекетинде басылып чыккан өзбекче окуу китептерин Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун китеп дүкөндөрүнөн, орто мектептеринен сатып алып кетишчү. Кыргызча окугусу, сүйлөгүсү келген адамдарга башка өлкөлөрдө ушундай мамиле барбы? Кыргызстандын өзүнө мугалимдер менен окуу китептери тартыш болуп турган чакта, албетте, жок. Мен мисалы, кыргызчасы жок болгондуктан Ташкендеги институттун 2-курсунда окуп жатып, Чынгыз Айтматовдун “Кызыл жоолук жалжалым” повестин орусча аталган “Тополек мой в красной косынке” аттуу чыгармасын өзбекче “Сабри комад дилбарим!” деген китептерин салыштырып окуганым эсимде, себеби орус тил окутуучубуз менин кыргыз экенимди билгенден кийин “Чыңгыз Айтматов кыргыз жазуучусу. Ошондуктан бул китепти окуп, маани-маңызын мага айтып бересиң”,-  деп ошондо дүйнөгө аты чыга баштаган Лениндик жана СССРдин мамлекеттик сыйлыктардын лауреаты, кийин Социалисттик Эмгектин Баатыры жана Кыргыз эл жазуучусу болгон Ч. Айтматовдун  “Тополек мой в красной косынке” аттуу повестти колума карматып, окуумду талап кылган.

Аксакалдын ой-пикиринен улам эне тилибизге ар бир эне өз баласын эчтемеден өксүтпөй, бөпөлөп өстүргөндөй камкордук керек тура деген ойго келдик. Республикабыздын бардык мектептеринде  орус, өзбек тилдериндеги окуу китептериндей эле кыргыз тилиндеги китептер да тартыш болуп келүүдө.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ.