Сабактын максаты:
• Окуучулар кыргыз тилинин нарк насилин, кадыр-баркын билишет.
• Азыркы күндөгү кыргыз тилинин абалын, кадырын көз жаздымда калтырбоого, аны сыйлап урматтоого үйрөнөт.
• Патриоттуулукка тарбияланышат.
Сабактын методу: Көрсөтмөлүү түшүндүрүү, көйгөйлүү сабак.
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, табышмактар, макал-лакаптар, ырлар, ТСО.
Уюштуруу:
Мугалим: Саламатсыңарбы, кутман күнүңөр менен! Келе жаткан майрамыңар кут болсун! Бүгүн өзү кандай майрам майрамдалат? Ооба, азаматсыңар, бүгүн – тил майрамы. Ошондуктан эне тил күнүнө карата жана кыргыз тилинин мамлекеттик тил маккамын алгандыгына 33 жыл толгондугуна байланыштуу чакан кечебизди баштайбыз. Албетте, -Ар бир тил өз эли үчүн улуу,- деп залкар жазуучубуз Ч. Айтматов бекеринен айтпаса керек.
Кече гимн менен башталат.
Доклад окулат.
-Эне тил… Кандай жөнөкөй, кандай терең, кандай улуу сөз! Дал ушул сөз ар бирибиздин каныбызды ойнотуп, акылыбызды арыштатып турат. 1989-жылы 23-сентябрда мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Мына бүгүн ага 33 жыл болгонун белгилегени турабыз. Албетте, бул баарыбыз үчүн кубанычтуу, көңүл көтөргөн окуя.
Тилим барда – улутмун,
Тилим менен улукмун.
Эне тили болбосо,
Аты аталбайт улуттун.
Тил – бул элибиздин нечендеген кылымдарды карытып, урпактардан урпактарга көөнөрбөс касиети менен улуу көчүн улаган тарыхы. Улуттун улуулугун сактаган эне тили. Кыргыз эли өз эне тилин сүйүп жана аны кылымдардан кылымдарга кастарлап келүүдө.
Адамдын эне тили – анын кан тамыры. Дил бермети – тил демекчи, жан дүйнөдөгү ой-тизмектерин тил аркылуу билдиресиң да. Ошондуктан тээ алыстан бери келе жаткан элибиздин булбул тилдүү, таңдайынын чаң чыккан, күлкүлүү кеби күн батырып, тамаша кеби таң атырган.
Абалтадан салт-санаасын сактаган,
Акыл-оюн алыс жолдо тактаган.
Кылымдардан кылымдарды карыткан,
Кыргызымдын тили менен мактанам.
Саламдашуу.
Салам – бул адамзаттын чоң урматы,
Саламдашуу улуулардын ыйык салты.
Улууга да, кичүүгө да урмат кылуу,
Улуулардын бизге үйрөткөн ыйык парзы.
Саламдашуу – элибиздин улуу салты,
Ансыз бузулат го достук баркы.
Ошондуктан салам айтуу ар дайым,
Илгертеден келе жаткан кыргыз салты.
Кылымдар бою аты өчпөгөн,
Каныкей өткөн дүйнөдөн.
Хандын кызы болсо да,
Саламдашып сүйлөгөн.
Кызыл тил көркү ырда экен,
Кыйындык сынак сында экен.
Ак дилден салам айтабыз,
4 «А» класстын атынан!
Жүрөгүмдө туйлаган кыргыз каны,
Өзөгүмдө ойногон кыргыз жаны.
Төрөлгөндө оозанган Манас менен,
Айтып кирдим ортого салам менен.
Эне тили жөнүндө монтаж.
Эл туруп эне тилин унуткан бар,
Эл безер атка конуп, куруткан бар.
Эненин сүтүн эмип, тилин билбей,
Эненин сай-сөөгүн сыздаткан бар.
Элинин элдигине башын ийбей,
Эненин тилин билбей, дилин билбей.
Ээлигип күмбөз көрсө, мечит көрсө,
Атеист аталды бейм арсыз түркөй.
Өз тилинде окутууга баланы,
Ата-эне кабарганча таманы.
Орун таппай ындыны өчтү акыры,
Жөө кыдырып чыгышса да калааны.
Айткылачы, досторум,
Кыргыз тили кимге керек?
Улут тилин билем деп,
Айткан сөзгө эмне себеп?
Кыргыз тили жашап турса –
Биз чыныгы улутпуз.
«Ата» «Апа» деген сөздөр,
Бар үчүн биз улукпуз.
Дүйнөдөгү бардык элдин,
Ыйык көргөн тили бар.
Ошол тилди сыйлаш үчүн,
Опол тоодой дили бар.
Кыргыз тили бизге керек,
Биз кыргыздын уулубуз.
Эне тилин сактай билген,
Жаңы доордун муунубуз.
Менин тилим эзелтеден улуу тил,
Улуулугун, сулуулугун тыңдап бил.
Улуу тилди бурмалабай урматтап,
Ушул тилде эркин сүйлөп, ырдап жүр.
Тилим барда улукмун,
Тилим өлсө дудукмун.
Суу чыкпаган кароосуз,
Какшып калган кудукмун.
Кыргыз элим көркөм сөздүн устасы,
Ар бир сөзү кылымдардын нускасы.
Өрнөк алып муундардан муунга,
Кылым бою сактап келет, кыскасы.
Тил жөнүндөгү макал-лакаптар.
Жеке номер.
Акыйнек.
Жыйынтык.
Назгүл КАЛМЫРЗАЕВА,
№6 Н. Мамбетов орто мектебинин
башталгыч класс мугалими,
Аксы району.