Жалал-Абад облусунда бүтүндөй күнөстүү өлкөбүздөгүдөй эле кооз жана көркөмдүү, күн бетин көрсөтпөгөн бийик аска-зоо, шар аккан суу жээги менен дарыя-көлмөлөр, тоо-токой менен бирге эс алууга жарактуу жайлар жана конуштар көп, ал эми жайлоо деген керилип жаткан кези. Дүйнө өлкөлөрүндө жер кезип, жөө, атчан, самолёт жана дельтаплан, поезд, вертолёт, мотоцикл, велосипедчен жүрүп, эс алган туристтер, саякат жайлары аркылуу өлкө казынасын ашырган мамлекеттер бир топ. Биздин арабызда деле жыл сайын ар башка өлкөлөргө каттоо менен дүйнөгө таанымал чет элдеги аралдар менен курорттордо эс алган замандаштарыбыз аз эмес. Биздин облустун айрым тургундары аларга окшоп, ыраак өлкөлөргө барып, саякаттай алышпаганы менен өз мекенибиздин булуң-бурчун кыдырып, тарыхый жана маданий жайларды көрүп, маданияттуу эс алууну өнөкөткө айландырып келе жатышат.
Облус тургундары менен меймандары жай айларында Жалал-Абад курортунда, Чычкан капчыгайында, Чаткал, Аксы, Ала-Бука, Ноокен, Базар-Коргон, Сузак, Тогуз-Торо, Токтогул райондорунун салкын жайларында эки-үч күнгө убактылуу болсо да, серүүндөшөт. Адамдардын кыска убакытта эс алуусуна Арстанбап, Кызыл-Үңкүр, Кара-Алма, Сары-Челек, Падыша –Ата, Тоскоол өңдүү жерлердеги, Чычкан капчыгайынын өйүз-бүйүзүндөгү, Токтогул суу сактагычынын жээктериндеги конуш жайлар кызмат кылып келүүдө. Жүздөгөн адамдар колу бошогондо Ысык-Көлгө, Суусамыр жайлоосуна, Чычкан капчыгайы менен Сары-Челекти көздөй сапарга чыкса, кээ бирөөлөрү бала-чакасы менен ишемби-жекшемби күндөрү Арстанбап менен Кызыл-Үңкүр айыл аймактарындагы Кең-Кол жайлоосуна, же жолго ыңгайлуу Базар-Коргон суу сактагычына ашыкканына өткөн жумада күбө болдук. Бирок, ал жайлардагы шарт-жагдайлар кандай?
Бишкек – Ош жолу аркылуу ары-бери каттаган адамдын көзүнө Базар-Коргондун суу сактагычы дароо эле урунат. Ал көлмөгө бурулган эле жерде чаңдуу жол менен жүрөсүз. Суу жээктей отургузулган бак-дарактар дүпүйүп, көлөкө болуп, күндөн калкалап турат. Көлмөнүн бойлорунда аянты тар болсо да, автоунаалар быкпырдай кайнайт. Көлөкөгө саналуу гана чарпая коюлган, көпчүлүккө ал жетишсиз. Ошон үчүн жерге олтурууга туура келет. Биз барган күнү эки-үч сааттын аралыгында эле көлмөдө эки жүз-үч жүздөй адам жүргөнүн көрдүк. Ар бир автоунаадан 40-50 сомдон акы алынып жатат. Ал акча жергиликтүү казынага түшөт болду бекен? Суусундук саткан эки-үч аялдан башка тейлөөчүлөр көрүнбөйт. Кээ бирөөлөр атайын ала барган темир очогун жагып, шишкебек бышырышты. Башка эс алуучулар деле тамак-ашын өздөрү менен кошо ала барышат.
Андан ары жүрүп олтуруп, Кызыл-Үңкүр айылын көздөй баратып, Базар-Коргон районунун Ооган талаа жана Көк-Алма айылдары бүткөн жерден тартып, Кызыл-Үңкүр айыл өкмөтүнүн кире бериш дарбазасына чейин сүрүлүп коюлганы менен таштак жана чаң жол менен жүрүүгө туура келди. Кызыл-Үңкүрдүн кире беришинен тартып, тээ айыл аягына орнотулган көпүрөгө чейин жол асфальтталган да, андан аркы жол кайра эле таштак, көпүрөлөрү да кууш тартып, бир машина араң баткыдай. Айылга уйкаш аттуу сууну бойлоп, улам жогорулаган сайын салкын абанын илеби уруп, таза абанын деми келет. Суу жээктеп жүрүп, түркүн-түмөн эс алуу жайларына туш болосуз. Жүз метрден да бийик тоодон үч бөлүнүп, агып түшкөн көк кашка суулуу шаркыратмага да туш келесиз. Жергиликтүү ишкердин айтымында Кызыл-Үңкүр суусунун боюна Кең-Кол жайлоосуна чейин элүүдөн ашык эс алуу жайы курулган. Алардын шарттары барган адамдардын купулуна толот. Ар биринин боз үйлөрү менен сөрүлөрүндө жүз, жүз элүү адамды тейлегидей орун жана көңүлдүү эс алууга музыкалык түйүндөрү, кымыз-айраны, чөбөгө, сары май, каймагы, жарыгы да бар. Конуш жайдын ээлери ар бир барган саякатчыны күлүп-жайнап тосуп алышат. Бир орунга 250 сомдон акы алышат. Электр жарыгын айрым ишкерлер жасалма жабдуулар менен, кээлери күн батареялары аркылуу, дагы бирөөлөрү тоодон ылдый агып түшкөн сууга өздөрү куруп алган чакан ГЭСтерден ала турганы белгилүү болду. Эс алуу жайларынын кызматчылары айтканыңызга жараша таңкы, түшкү жана кечки тамак-аш бышырып беришет. Кээ бирөөлөрү жасалма көлмө куруп, балык да өстүрүп алышкан. Балыктын бир килосу 750-800 сом. Кечкисин бир аз жамгыр да себелеп өтүп, абаны ого бетер тазартып, таза абадан кере-кере жутуп, каалагандай эс алсаңыз болот.
Жалал-Абад облусунун жашоочулары ушинтип, барып-келүүгө мүмкүн болгон жакын жайларда эс алышат. Ал эми сырттан, чет өлкөдөн келүүчүлөрдү биздин жерде саякаттоосуна көңүл бурдуруу үчүн Бишкек – Ош жолунун ар кайсы бөлүгүндө жакын арада кандай айыл-кыштак, же эс алуучу курорт, болбосо, конуш жай бар экенин, ага чейин канча чакырым жол басуу керектигин, аларда кандай кызматтар көрсөтүлөрүн туюндурган кыргыз, орус жана англис тилиндеги көрнөктөрдү көрүнөө жерге илип коюу зарыл. Кызыл-Үңкүр менен андан ары Кең-Кол жайлоосуна баруучу жолду асфальттап, жол жээктерине ажаткана курулса, артыкбаштык кылбайт. Отуз жылдын ар бир жылында беш чакырымдан жол оңдолгондо да эмдигиче бир эле Кызыл-Үңкүргө бир жүз элүү чакырымдай аралык асфальтталмак. Быйыл эле маселен Аксы районундагы Падыша-Ата коругуна барчу беш чакырым жол асфальтталып, жол жээктерине ажаткана курулуп жатканын корук караган Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Камчыбек уулу Шекербек билдирди.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ.