Домой Агартуу айдыңында Эс, эске тутуу

Эс, эске тутуу

56

Сабактын максаты:
а) Билим берүүчүлүк: Эс, эске тутуу боюнча маалыматтарга ээ болушат.
б) Ѳнүктүрүүчүлүк: Жаңы терминдер жана алардын бири-бири менен болгон айырмакчылыктары, байланыштарына анализ жүргүзүшѳт.
Тарбия берүүчүлүк: Окуучуларды адептүүлүккѳ, тартиптүүлүккѳ, гигиеналык эрежелерди туура сактоого тарбиялоо.
Кѳрсѳткүчтѳр: Эске тутууга терс таасирин тийгизүүчү, ошондой эле акыл эмгеги менен спорттун оң таасирлерин аныкташат.
Окуучулардын логикалык ойлоосун ѳстүрүү, билимин жогорулатуу.
Ѳз ден соолугуна кам кѳрѳ билүүгѳ тарбиялоо.
Сабактын тиби: Жаны билимди ѳздѳштүрүү.
Колдонуучу усулдар: Интерактивдүү ыкма, топ менен иштѳѳ.
Сабактын жабдылышы: Окуу китеби, сүрѳттѳр, интерактивдүү доска.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу саламдашуу, Жагымдуу маанай, журнал боюнча жоктоо. Мотивация берүү.
Yйгѳ тапшырманы суроо:
-Кѳздүн ичи нымдуу болот, ал эми ирмелген сайын автомобилдин айнектерин тазалаган кир тазалагыч сыяктуу кѳзгѳ түшкѳн чаңдарды жууп кетирип турат. Эгерде кандайдыр коркунуч кѳзгѳ жакындаса, ал жѳнүндѳ биз ойлогуча эле кѳз жумулуп калат?
Окуучулар суроолорго жооп беришет жана мисалдарды беришет.
Жаңы теманы түшүндүрүү:
Эс жана эске тутуу бул мээнин бирден бир касиети, себеби эске тутуусуз жашоону элестетүүгѳ мүмкүн эмес. Эс – адамдын баштан ѳткѳндѳрдү сактап калуу жѳндѳмдүүлүгү, аны кийинки иш аракетке пайдалануу касиети. Эске тутуунун ар кандай түрлѳрү бар.
Эстин түрлѳрү:
Көрүү
Угуу
Даам сезүү
Жыт сезүү
Предметтер боюнча:
Кыймыл-аракет
Эмоционалдуу
Образдуу
Вербалдуу
Бүгүнкү тема “ Эс эске тутуу”.
Бир нерсени унутуп жатам? Эмнени унуттум экен? Бул суроолорду күнүмдүк турмушта кѳп жолу колдонобуз. Чындыгында бул суроолор маанилүү болушу мүмкүн. Кѳпчүлүк адамдар эртеби-кечпи эс тутумдун начарлоо кѳйгѳйүнѳ кабылат. Же болбосо аны кантип жакшыртууну ойлонушат. Зарыл нерсени бат жана сапаттуу эстеп калуу үчүн эмне кылуу керек?
Эстеп калуу жөндөмүн жакшыртуу:
Эстеп калуу процессин өнүктүрүү.
Өз алдынча эстеп калууга үйрөнүү
Алынган маалыматты кайталоо
Ыр жана тексттен үзүндү жаттоо
Кайталоонун пайдасы
Жалкоолонбоо
Мисалы:
Логикалык суроолор?
Монголияда эже-сиңди тез эске тутуу боюнча дүйнѳлүк рекорд коюшту. Мунхшур жана Энхшур Кытайда ѳткѳн сынакта биринчи орунга ээ болушту. Алардын бири 30 мүнѳттѳ 5 миң 445 санды жаттай алса, анын бир тууганы бир саатта 1 миң 924 оюн карталарын эске туткан.
Кѳпчүлүк адамдар баш оорудан азап тартат. Катуу ооруганда башы айланып кѳрүүсү убактылуу начарлап, колу-буту чымырайт, жансызданат. Ал тургай эстен танып калуусу да мүмкүн. Мындайда врачтар мээдеги кан тамырлар ичкерип кеткен деп айтышат. Мээни кан менен камсыздоочу вертебралдык артериялар жабыркайт.
Бышыктоо үчүн суроолор:
1.Эске тутуунун начарлашы, бузулуунун себептери кайсы ооруларды пайда кылышы мүмкүн.
2.Суунун жетишсиздиги эске тутууну начарлашына алып келеби.
Сабакты жыйынтыктоо: Кана, балдар, бүгүнкү сабак силерге жактыбы?
Баалоо: Ѳзүн-ѳзү баалоо баракчалары аркылуу бааланат.
Yйгѳ тапшырма:
1. Айлана чѳйрѳдѳ тийгизген фактору.
2. “Таблицаны толтуруп келүү” деген сөзгѳ кроссворд түзүп келүү

Элнура Тагаева,
Т. Темирбаев мектеп-гимназиясынын
биология мугалими,
Сузак району