Домой Агартуу айдыңында Эжени көрүп сиңди өсөт

Эжени көрүп сиңди өсөт

63

Жакында Ноокен районундагы №9 Паяз атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде “Эжени көрүп сиңди өсөт” аттуу конкурс болуп өттү. Конкурстун максаты – окуучуларды ынтымактуулукка чакыруу, кол өнөрчүлүккө кызыктыруу жана эжелер сиңдилер үчүн үлгү болуусу керектигин башка окуучуларга көрсөтүп берүү болду.

Конкурска 4-класстарынын кыздары сиңди, 6-класстарынын кыздары эже болуп катышты. Кыздарды Оморова Нуржамал жетектеген мектептин комуз ийриминдеги кыздар коштоп турушту.

Конкурстун шарттары:

  1. Саламдашуу (өзүн-өзү тааныштыруу)
  2. Шаркыратманын көрүнүшү жасоо
  3. Бий (улуттар боюнча)
  4. Чач жасоо (мектепке чачты жыйнап келүү)
  5. Майрамдык белек жасоо (шириндиктерден букет)

Иш чарага кыздар бекитилген шарттар боюнча кыздар катышып, 1-2-3-орунга ээ болгондор атайын сыйлыктар, ал эми калган катышуучулар технология мугалими тарабынан кызыктыруучу белектер менен сыйланышты.

 

Р. Орозалиева,

№9 Паяз орто мектебинин технология мугалими,

Ноокен району