Домой Агартуу айдыңында КҮКҮК (Адабий окуу, 4-класс)

КҮКҮК (Адабий окуу, 4-класс)

81

1.Саламдашуу
2.Уюштуруу
3.Жагымдуу маанай
Келгиле, балдар, бири-бирибизге жагымдуу маанай тартуулоо үчүн кийинки ыр саптарды хор менен биргеликте окуп коёлу:
Кана, достор, алгала,
Шыгыңарды ачкыла.
Ак шооладай ааламга,
Нуруңарды чачкыла.
4.Алтын эреже
Мугалимдин сөзүн угабыз. Кол көтөрүп жооп беребиз. Бири-бирибизди сыйлайбыз. Сабакка активдүү катышабыз.
5.Үй тапшырма: «Эң эле керек үч нерсе» Т. Үмөталиев. Ырды айтып беришет
Суроо-жооп. Адамдарга керек үч нерсе деп автор эмнелерди айтып жатат?
6.Сабакка өбөлгө. Иштерман адам менен жалкоо адамды салыштыруу.
7.Жаңы тема: Биз бугун Казат Акматовдун балдарга арналган чыгармасын окуйбуз. Ал чыгарманын аталышын силер менен биргеликте окуп божомолдоп табабыз.
8.Максаты: Эмесе, табышмактын жандырмагын тапканга аракет кылабыз. Табышмакты ким окуп коёт?
Өз атын атап жадабай,
Жар салат ой-тоо, кыяга.
Жумурткасын таштайт ал
Бир кез келген уяга
-Азаматтар!
-Эмне экен балдар?
— Күкүк
Андан кийинки тапшырмага өтөбүз
Биз бул чыгармадан эмне жөнүндө билебиз?
Бул чыгарма эмне жөнүндө деп ойлойсуңар?
Туура, күкүк, анда кандай окуялар болушу мүмкүн? Окуучулар ойлорун айтышат.
Биз тексттин аталышын таап алдык. Эми текстти окуп бүткөндөн кийин чакан топтордо иштейбиз. Чакан топтордо кандай иш алып барабыз, жакшылап угуп алабыз.
9.Бул жерде окурмандын пикирлеринин тизмесинин мисалдары бар. Бул жерде 12 вариант бар. 12 вариант берилген . Ушул 12 варианттын бирөөсүн тандап алабыз
10.Андан кийин, иштерди аткаруу жолдору. Жазуу түрүндө же оозеки түрдө аткарабыз
Эми китептин мукабасына көз жүгүртөбүз . Бул жерден эмнени көрүп турасыңар ? Сүрөтүн көрсөтүшөт, Күкүк боюнча ойлорун айтып беришет.
11. Китеп менен иштөө
Балдар текстти карайбыз, биз азыр аялдамаларга токтоо ыкмасы менен бул текстти окуп чыгабыз. Ар бир топтон экиден бала окуп чыкса болот болуш керек.
Топтордон окушат. 1-топтон Нурислам. — Жакшы, рахмат. Мындан ары эмне болот деп ойлойсуңар – анда улантып окуп койгула.
-Балдар кандай окуя болду? Силердин айткан божомолуңар туура келди.
-Мындан ары эмне болушу мүмкүн? Балдар окушат
-Абдан жакшы анда. — Нурэл рахмат . Мындан ары эмне болот деп ойлойсуңар? Окуя кандай болду? Келгилечи, биринчи окуяны талкуулап алалык, эмне болду?
Окуяны сүйлөп айтышат.
Азыр Казат Акматовдун «Күкүк» аттуу чыгармасы менен тааныштык текстти китептен окуп чыктык
-Бул чыгарма силерге жактыбы?
— Күкүк кандай канаттуу экен? Башынан баштап айтабыз.
— Канаттуулар уя салып жатканда күкүк эмне кылып жүрдү?
Тексттен далил таап, цитата келтирип далилдеп беребиз.
-Эмне үчүн күкүккө сагызган уя салып жардамдашканда аракет кылган жок?
-Ал жаңылыштыгын билип, канаттуулардан эмне деп суранды?
12. Топторго бөлөбүз.
Эми, балдар, мен силерге табышмактарды таратамын, ошол табышмактар менен биз топторго бөлүнөбүз. 1-тапшырманы ким окуп коёт? 2-, 3-топ табышмактарды окушат.
-Балдар, ар бирибиз ордубузду таптык, эми топтордо ушул табышмактын жандырмагын табабыз. 1. Табышмак окуп берем. 2-чини, 3-чүнү (торгой, булбул, сагызган). Балдар жообун табышат.
13. Алгач пикир деген эмне экенин эстеп алалык.
Пикир деген эмне?
Пикир деген бул биздин ойлогонубузду пикир десек болот. М: биз досторубузга бир нерсе бөлүшкөндө оюбузду айтабыз да. Мен бул жакка баргым келип жатат,- деп айтабыз.
Абдан сонун. Эми биз экранга көңүл бурабыз хор менен окуйбуз. Пикир бул окулган нерсеге болгон жеке мамилени чагылдырган чыгармага жазуу түрүндө жооп берүү.
Бизде доскада окулган пикирлердин тизмеси илинип турат. Бул жерде 12 вариант бар.
Ушул варианттын 1-топ бирөөсүн тандайт (доскадан), окуп, түшүндүрүп берет.
-Эми, балдар, бардыгыбыз чогуу топтордо иштейбиз, ар бир топ бир вариант тандайт, аткаргандар презентация кылышат, аткарган ишти жакташат,
13.Аткарган иштердин жолдору
• Плакат, ооба, плакатка эмне кылса болот?
• Иллюстрация, сүрөт тартсаңар болот.
• Жазуу иштери (жазуу иштерине сүрөттөө, баяндоо тексттерин жазсаңар болот.ң
• Инсцериновка (сахналыштырып берсеңер болот экен).
• Графикалык уюштуруу иштерди бардыгыбыз билебиз, эмнелер кирет?
1) Кластер, анан Венндин диаграммасы. Мисалы: Эгер силер эки каарманды салыштыргыңар келсе, Венндин диаграммасын пайдалансаңар болот.
-Анда эми силер кандай иштерди аткарсаңар, ошонун жолдорун топтордо кеңешип аныктагыла.
— Иштерди аткаруу жолдору.
1-топ. Венндин диаграмма. 2-топ. Илюстрация тартат. 3-топ. Өткөн ордун баяндоо.
Топтордон бирден чыгып өз иштерин жактап айтып беришет.
1-топ. 11-вариант чыгарманын эки каарманын салыштыруу.
Күкүк Сагызган

Эсибизге түйүп алабыз, балдар, бул жерде доскада чекиттер жайгашкан. Чекиттерди балдар, бардыгыңар презентация кылып бүткөндөн кийин баалайбыз.
-Кана 2-топ келгиле. Бул биздин 5-вариантка туура келет. Бул жакта болсо күкүк турат, күкүк – жалкоо, бекерпоз болуп жүргөнү. Өзү иштей турган ишти башкаларга жүктөп коюп жүрө берет. Ал жалкоолугунан, канаттуулардын уясына ууру жол менен жумурткасын кошуп коёт.
-Силер 5-вариантты тандапсыңар бул окуя болуп өткөн ордун баяндапсыңар. -Окуя кайсы жакта болуп жатат?
-Токойдо.
3-топтун презентациясын угабыз.
-Чыгарманын башкы каарманын баяндоо.
Синквейн
1. Күкүк
2.Жалкоо, бекерпоз.
3. Уя салбайт, учат, сайрайт.
4. Кукук өзүнүн балдарын бакпайт.
5. Канаттуу.
Эң жакшы, азаматтар .
14.Балдар, эми биз силердин ишиңерди чогуу баалайбыз. Ар бир топ чыгып презентация кылып берген топту мени менен чогуу баалайсыңар.
15.Түстүү чекит. -Кана 1-топко кайсыны беребиз, түстөрдү айтышат. Кол чабуулар кызыл түстө. 2-топко. Сары түс. Алдыңкы иштердин бирин силер аткардыңар. Силер биздин ишеничти актадыңар. 3-топ. Жакшы иш чындыгында эле синквейнди кандай сонун кылып бир да катасы жок сулуу аткардыңар.
16. Бышыктоо:
Бул иш тексттен алынган маалыматты иштеп чыгууга жана анын мазмунун жакшыраак түшүнүүгө мүмкүндүк бердиби? Тексттен маалыматтарды ала алдыңарбы?
17. Үйгө тапшырма. Текстти окуп келүү.
1 Жалкоо күкүк. 2. Жалкоо бала.
Сапаттарын сыпаттап салыштырып таблица түзүп келесиңер.

Гүлсара ТУЯЛИЕВА,
Токтогул Сатылганов атындагы № 42 жалпы орто билим берүү мектебинин мугалими, Аксы району