Домой Көйгөй Көп кабат үйлөр мыйзамсыз курулууда

Көп кабат үйлөр мыйзамсыз курулууда

39

Бул тууралуу жакында КР УКМКнын басма сөз кызматы электрондук маалымат каражаттарында билдирүү жарыялады. Билдирүүгө караганда республиканын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкы башкармалыгы архитектуралык-курулуш көзөмөл чөйрөсүндөгү туруктуу коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу үчүн иш чара жүргүзгөн. Ал иш чараларга ылайык Жалал-Абад шаарында тиешелүү шаар куруу жана уруксат документтери жок, системалуу түрдө көп кабаттуу турак жайларды куруу фактылары аныкталган.
Мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл департаментинин Жалал-Абад регионалдык башкармалыгынын жана Жалал-Абад регионалдык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдү, турак жайларды курууда аткарылган иштердин техникалык регламенттердин жана долбоордук документтердин талаптарына ылайык келүүсү үчүн мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөлү жүргүзүлбөгөндүгүн аныктаган.
“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 24-беренесине ылайык “…шаар куруу жана архитектура объекттери бекемдиктин, сейсмикалык туруктуулуктун, коопсуздуктун, өндүрүштүктүн белгиленген талаптарына, ошондой эле инженердик-техникалык, инженердик-транспорттук инфраструктура жана инженердик жабдуулар менен камсыз болуунун деңгээлине жооп берүүгө тийиш”.
Бирок жогоруда аталган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын кызмат адамдары курулуш компаниялардын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын долбоордук-сметалык документтерге берилүүчү экспертизанын оң корутундусу жок объекттерди көзөмөлсүз жана уруксатсыз курууга жол беришкен.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.