«Зарыл болгон билимдердин жаңы справочниги» деген китепте белгиленгенге караганда, жаңы төрөлгөн ымыркайлардын кан басымы 70 мм. рт. ст. болушу керек. Бир жашар баланын кан басымы: эркек балдарда 96 – 66 (жогоркусу – төмөнкүсү), кыздарда 95 – 65. Он жашар баланын кан басымы 103 – 69, ошол эле курактагы кыздыкы 103 – 70. Жыйырма жаштагы жаштардын кан басымы: жигиттердики – 123 – 76, кыздардыкы 116 – 72 болууга тийиш.
30 жаштар чамалуу эркек балдардын кан басымы 126 – 79, ошол эле курактагы келин-кыздардыкы – 120 – 75. Орто жаштагы адамдардын кан басымы: 40 жаштагы эркектердики 129 – 81, ошол эле курактагы аялдардыкы 127 – 80 болушу керек.
Элүү жаштагы эркектер жана аялдар үчүн: эркектер үчүн 135 – 83, аялдар үчүн 137 – 84 деген көрсөткүч нормалдуу деп эсептелет.
Жаш курагы жогору адамдарда: 60 жаштагы эркектер үчүн – 142 – 85, ошол эле курактагы аялдар үчүн 144 – 85 көрсөткүчү кадимки болуп саналат.
70 жаштагы эркектерде 145 – 82, ал эми аялдар үчүн 159 – 85 көрсөткүчү нормалдуу.
Карыган жана улгайган учурда кайсы көрсөткүч нормалдуу болот? 80 жаш курактагы эркектер менен аялдарга тиешелүү түрдө 147 – 82 жана 157 – 83 көрсөткүчү нормалдуу болуп саналат. Ал эми 90 жаштагы чоң аталардын кан басымы 145 – 78, ал эми ошол эле курактагы чоң энелердики 150 – 79 болсо кадимкидей деп саналат.
Жогорку кан басымы эки сандан турат: жогорку сан – бөйрөктүн кан басымы болсо, төмөнкү сан – жүрөктүкү болот.