Домой Агартуу айдыңында «Карагул ботом» – кыргыз элинин экологиялык түшүнүгүнүн туу чокусу (Кыргыз адабияты, 5-класс)

«Карагул ботом» – кыргыз элинин экологиялык түшүнүгүнүн туу чокусу (Кыргыз адабияты, 5-класс)

106

Сабактын максаты:
•»Карагул ботом» деген элдик чыгарма менен кеңири таанышат. Мазмунун түшүнүп, текст менен иштешет.
•Өз ойлорун далилдүү айта билүүгө машыгат. Сынчыл ой жүгүртүп, алган билимдерин практикада колдонууга калыптанышат.
•Топ менен иштешип, бири-бирине жардам беришет. Жаратылышты сактоого, коргоого тарбияланышат.
Көрсөткүчтөр:
-Чыгарманын мазмунун, жаңы сөздөрдүн маанисин түшүнө аласыңар;
— Чыгарманы талкуулап, суроолорго жооп бере аласыңар;
— Чыгармачылык менен иштейсиңер;
— Топ менен иштей аласыңар;
Сабактын жүрүшү:
А) Уюштуруу мезгили.
Жагымдуу маанай тартуулайбыз.
Жазгы күндөй жаркырап,
Биз көңүлдүү балдарбыз .
Биздин максат биздин иш,
Ырыс алды – ынтымак.
Азыр биз силер менен 1,2, деп саноо менен 2 топко бөлүнөбүз.
Алтын эреже:
1.Бири-бирин сыйлоо.
2.Кол көтөрүп сүйлөө.
3.Өз оюн айта билүү.
4.Бирөөнүн оюн уга билүү.
5.Убакытты туура пайдалануу.
6.Сабакка активдүү катышуу.
Бүгүн биз Блумдун тепкичи менен пирамидага чыгып барабыз.
1.Акыл чабуулу
2.Түшүндүрүү
3.Талдоо
4.Колдонуу
5.Жыйынтык чыгаруу
6.Жаратуу
Топко бөлүү: “Из кубарлар”, “Аткаруучулар”, “Сүрөтчүлөр”, “Суроо берүүчүлөр”, “Байланыштыргычтар”
Үй ишин кайталоо.
Туура же туура эмес деген ырастоолор менен жыйынтыктайм.
Ырастоолор: Туура Туура эмес
1.Ажар жетим калган кыз
2.Козубек Сабитахундун калган чыгымын төлөбөй койду
3.Чыр Ажарды өз каалоосу менен алды?
4.От өчкөндө Ажардын өмүрү да өчтү.
Демек, Ажар азаттык талашкан кыздардын бири. Адам менен жаратылыштын кармашуусу. Келгиле анда жаратылыш жөнүндө макалдарды толуктап көрөлүчү.
АКЫЛ ЧАБУУЛУ
Чөптү кордосоң…
Суу кордогон…
Эмнелерге аяр мамиле жасообуз керек.
1.Сууга
2.Өсүмдүккө
3.Токойго
4.Жаратылышка
5.Жаныбарга

ТҮШҮНДҮРҮҮ ТЕПКИЧИ
Адам менен жаратылыштын, адам менен жаныбардын ортосундагы б.а. «Карагул ботом» – бул аалам менен жаныбардын табияттагы мыйзам ченемдүү өз ара алака-катышынын трагедиялуу жагдайын чагылдырган турмушта болгон окуя тууралуу сөз кылабыз.
Слайд көрсөтүлөт, чыгарманы түшүндүрүү
«Карагул ботом» элдик чыгарма, ыр түрүндө, кара сөз формасында кеңири жайылган. Бул чыгарма адам менен жаратылыштын өз ара мамилесин көрсөтөт.
ТАЛДОО:
Атанын кайгысын кандай сөздөр менен берилген?
1.Куураган какбаш дедирдиң?
2.Кара каның чуурутуп, кантип үйгө барамын?
3.Карып калган атакең,
Кара жер менен тоң болду?
4.Карыганда атаңды,
Кара жыгачтай куураттың?
Бугунун этин туураттың,
Мусапыр кылып куураттың?
5.Ордуңду сыйпап турамын
6.Улгайып кезимде,
Үшкүрүп тартып турамын.
7.Атып алдым сени деп,
Апаңа кантип барамын.
КОЛДОНУУ:
1.”Из кубарлар” тобу: Окуяны кыймыл-аракет менен туурап көрсөтүшөт.
2.”Аткаруучулар” тобу: Тексттен окуп түшүнүү боюнча тест иштешет.
3.”Сүрөтчүлөр” тобу: Сүрөт аркылуу каармандардын ички, сырткы жан дүйнөсүн ачып беришет.
4.”Байланыштыргычтар” тобу: Башка чыгармадагы каармандар менен байланыштырат.
5.Суроо берүүчүлөр тобу:
а) Мерген эмне үчүн баласын атып алды?
б) Элик тонду кайдан алды?
в)Элик тон кайдан келди?
г)Эликти кайдан алды?
д)Жаратылышты эмне кылды?
е) Жаратылышчы?
Жаратылыш бизге «Токтогула, абайланыла!»деген белги берет.
Карагулдун өлүмүнө эмне себеп болду?
а)Апасынын какыс-кукус кылышы;
б) Атасынын жолдуу болбой келе жатканы;
в)Карагулдун элик терисин аңтара тигилген тонду кийип алганы;
г)Мергендин кайберендердин каргышына калгандыгы;
Бул чыгармада мергенчинин айбандарды ырксыз кыргандыгы жана анын кейиштүү финалы чагылдырылган. Көрдүңөрбү, балдар, жаратылыштын жаны бар. Демек, жаратылышта да кичинекей ботосунан айрылган далай жаныбарлар Тумаш мерген сыяктуу балким ыйлагандыр. Ошол үчүн мергенчинин башына да келди. Ар дайым табиятты сүйөлү, коргойлу!
Окуучулар өзүн-өзү баалашат, топту кайберендер менен баалайм
Үйгө тапшырма:
Кыска дил баян жазуу «Эгер, Карагул тирилип келсе, атасына эмне деп айтаар эле?».
Нуркыз АБАСКАНОВА,
Асанбек Кабаев атындагы №5 орто мектебинин
кыргыз тили жана адабияты мугалими,
Аксы району.