Домой Жай турмуш Казынабыз канткенде толот?

Казынабыз канткенде толот?

14

Мамлекеттик салык жана бажы кызматтарындай эле өлкөбүздөгү бардык ишкер чөйрөлөр менен мекеме-ишканалардын, бүтүндөй эмгекчил адамдардын, өкмөттүн алдында республиканын казынасын толтуруу милдети турат, анткени Президенттик администрациянын башчысы жана Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жогоруда аталган мамлекеттик чоң кызматтарга коюлуп жатканда өлкөнүн казынасына түшкөн каражаттар өткөн жылы 200 млрд сомго, 400 миллиард сомго, ал эми кийинки жылы 600 миллиард сомго жете чогултууга аракеттер көрүлөрүн билдирген. Былтыркы убада ашыгы менен аткарылган. Ошонун эсебинен быйыл маданият, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык жактан коргоо министрликтерине караштуу кызматкерлердин айлык акылары көбөйтүлүп, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар менен алардын 1-топтогу өкүлдөрүн багып-карап жаткан адамдардын кызмат акылары да арбыды.
Республика боюнча беш айда былтыркыдан да ашыкча акча, салык катары түшкөндүгүн салык кызматы белгилөөдө. Буга өлкөбүздө иштеп жаткан ар бир адамдын жана базарларда иштеген соодагерлер менен тейлөө кызматтарында жана транспорт каражаттарында эмгектенген ар бир айдоочунун, базарлар менен супермаркеттердин, соода-сатык түйүндөрүнүн да үлүштөрү бар, анткени алар да салык төлөөчү болуп эсептелишет.
Өлкө казынасын байытуу максатында быйылкы жылы салык төлөөчү ири ишканаларга, мүлкүнүн баасы сегиз миллион сомдон ашкан соода-сатык түйүндөрү менен чоң ишкерлерге кассалык-көзөмөл жабдууларын орнотуу милдети киргизилген. Кассалык-көзөмөл аппараттарынын аркасы менен көмүскө экономиканы ооздуктоого болот. Анда соода-сатык түйүндөрү тапкан кирешелерин жаап-жашыра алышпайт. Көз каранды эмес адистердин сунуш-пикирлери боюнча өлкө казынасын көбөйтүү үчүн биринчи учурда өндүрүштү, өнөр жай ишканаларын, кайра иштетүү тармагын өркүндөтүү, жаңы ишканаларды куруу керек, анткени республикабызда экономиканын локомотиви болгон өнөр жай ишканаларынын 80 пайызы иштегенде албан кирешелер түшөт.

Кассалык-көзөмөл аппараттары кимдер үчүн?
Кассалык-көзөмөл жабдууларды базарда күнүмдүк оокатын таап, күн сайын орун акысын базар ээлерине төлөп, жумушсуздуктун айынан суу, нан, алма, жашылча сатып олтурган майда-чүйдө соодагерлерге эмес, өтө ири ишканалар болуп саналып, кеңири аянттарды ээлеп алышкан өлкөбүздөгү гана эмес, коңшулаш өлкөлөргө да кеңири таанымал Бишкектеги жана облус-райондордун борборлоруна тамырларын жайган “Азия молл”, “Фрунзе”, “Глобус”, “Гавайи” өңдүү супер маркеттер менен эс алуучу орун жайларга, “Дордой”, “Дордой-моторс”, “Таатан”, “Баткен”, “Ош” өңдүү ири базарларга, Кара-Суу, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын, Чүй, Баткен, Ош шаарлары менен облустарынын борборлорундагы чоң базарларга, банктарга, күйүүчү май саткан май куюучу бекеттерге жана курулуш материалдары тармагындагыларга, эбегейсиз көлөмдөгү күйүүчү май жана курулуш материалдарын ташыган контейнерлүү автоунааларга, ири соода дүкөндөрүнө, кафе-ресторандарга, той үйлөрүнө, “Кыргыз Темир Жолу”, Эл аралык “Манас” аэробекетине караштуу бардык аэрокассалар менен билет сатуучу жайларга, алардын жер-жерлердеги тармактык кассаларына, курулуш уюмдарына коюлса жана ал ишканалар менен чогуу эле бажы бекеттерине да тынымсыз көзөмөл жүргүзүлүп турса, ошондо казынага олуттуу үлүштөр кошулмак. Маселен, Жалал-Абад облусунда кассалык-көзөмөл аппараттарын орнотууга тийиш болгон 8819 салык төлөөчүлөр жана контейнерлер каттоого алынган. Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнүн регионалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Ырысбек Ызабековдон алынган билдирүүгө караганда облус боюнча алардын ичинен 4409 кассалык-көзөмөл жабдуусу тиешелүү соода-сатык түйүндөрү менен ишкер чөйрөлөргө орнотулган. Алар ошол кассалык-көзөмөл жабдуулары көрсөткөн суммаларга жараша салык төлөшөөрү ансыз деле түшүнүктүү. Анткени менен кассалык-көзөмөл жабдууларынын коюлушуна жана текшерүүлөргө макул болбогон адамдар жер-жерлерден чогулуп барып, өткөн аптада Бишкекте, Өкмөт үйүнүн алдында нааразылыктарын билдирип чыгышты. Алар көзөмөл-кассалык машиналар менен эсеп-фактуранын киргизилишине макул болушпай, патент системасын калтырууну каалагандыктарын билдиришти. Алар менен жолугушкан Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында чакан дүкөндөргө ККМди коюу убактылуу токтотулат. Ал он чакты өкүлдү кошуп алып, маселени чечүүнүн жолун караштырууну чечти.

ККМ жокко чыгарылбайт
Акылбек Жапаров “ККМ менен эсеп-фактура чоң ишканалар үчүн жокко чыгарылбай турганын” да айтты: — Эгерде арак завод 12 машина арак чыгарып, мага бир фураныкын көрсөтүп койсо, мен эмне кылам? Азыр “Кока-Коласын” да “Шоросун” да иреттейбиз. Товар таза, туура экенин ошолор далилдеп бериши керек. Эсеп-фактура өзүнчө – бул байлардыкы. Арак, тамеки, дары-дармек, нефти саткандар ККМди да, эсеп-фактураны да колдонот. Ал эми тамак-аш, ун, шекер саткандарды ККМден керек болсо, бошотуп койгонго даярмын. Мага он кишини кошуп бергиле. Биз иштейли. Ага чейин ККМди коюуну, айып пулду салууну да токтото турабыз. Анан ар бир аймакка карата патенттин баасын карап чыгабыз,- деди Акылбек Жапаров.
Жаңы салык кодексине ылайык ишкерлер өткөн жылдын 1-июлунан тартып, ККМ орнотууга милдеттүү болчу. 20 чарчы метрге чейинки аянтты ээлеген соода түйүндөрү 2022-жылдын 1-апрелине чейин кассалык машиналар менен жабдылууга тийиш эле. Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 1-августтан тарта көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) колдонуу талабы күчөтүлөрүн эскерткен. Бул тууралуу Бишкектеги “Дордой Фуд” азык-түлүк базарында эмгектенген ишкерлер менен жолугушууда сөз болгон. Жолугушууга келген айрым ишкерлер ККМге өтүү товарлардын кымбаттоосуна алып келерин айтып, айрымдары патент системасын калтырууну өтүнүшкөн. Ошол эле учурда ККМ системасы экономиканын өсүүгө эң зарыл болгон кадамдардын бири экендигине ишенген жана аны колдонууну жактаган адамдар да жок эмес. Алардын белгилешинче: «ККМ системасы – заман талабы. Биз ансыз деле бир кыйла артта калдык. Ошондуктан, ага өтүшүбүз керек. ККМ системасын киргизүү, иштетүүнү жөнөкөйлөтүү зарыл. Көзөмөл-кассалык аппараттын жаңысын талап кылуудан мурун аны менен ишкерлерди камсыз кылуу керек”,- дешет алар. Салык кызматынын маалыматына ылайык өлкөдө кассалык жабдыкты 45 миңден ашык ишкерлик субьект колдонууда.
Эскерте кетсек, республикалык салык кызматы көзөмөл-кассалык жабдыкты жайылтуу үчүн 10-майда чек талап кылгандар үчүн кызыктыруучу лотерея оюнун баштаган. Лотереяга кардарлар кассалык чектери менен катышат.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
Журналист.