Элибизде: “Мугалим – мөмөлүү дарак”,- деген кеп бекеринен айтылган эмес, анткени дарактын мөмөсү бышып жетилип, келечек муунду түзөт. Утурумдукту эмес, болочокту ойлогон ушундай чыгаан мугалимдердин бири – Жалал-Абад областына караштуу Ала-Бука районунун Балдардын чыгармачылык үйүнүн “Шоола” хор жана вокал ийриминин жетекчиси Абдрасулова Динара Бейшекеевна. Анын билими жогорку, кесиби музыка мугалими, стажы 42 жыл. 2011-жылдан бери балдардын чыгармачылык үйүндө ийрим жетекчиси болуп эмгектенип келе жатат. Райондук маданият үйүндө түзүлгөн “Шайыр апалар” тобунун көркөм жетекчиси. 2015-жылы Бишкектеги “Балажан” республикалык эстетикалык тарбия берүү окуу-усулдук борборунун алдында уюштурулган өз билимин жогорулатуу курсунан өтүп келген.
Ийгиликке ийне менен кудук казгандай аракет жана түйшүк менен жетет эмессиңби, Динара айымдын дагы элүү жылга жакын агартууда жасаган иштери, тажрыйбасы мол жана жүргүзүп жаткан иш-аракеттери келечек муунга үлгү. Эжеке өз ишин чын жүрөгүнөн, ак ниетинен, өтө берилгендик менен аткарып, жаш адистерге үлгү, окуучуларга сүйүктүү мугалим боло алды. Ал – насаатчы, педагогикалык кесиптин чебери, чыгармачылык ой жүгүртүүсү, принципиалдуулугу, таланты, айкөлдүгү, жоопкерчилиги, жарык маанайы, адамгерчилигинин бийик сапаты, көп жылдык эмгегинин натыйжасында катарлаш иштеген кесиптештеринин, ата-энелердин, окуучуларынын урмат-сыйына ээ болгон. Үзүрлүү эмгегинин артынан мектеп жетекчилигинин, айыл өкмөтүнүн, РБББнүн, райондук администрациянын, областтык Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамоталары менен сыйланган. “Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн мыктысы” төш белгисине татыктуу болгон. Анын тарбиялаган окуучуларынын чыгармачылыгы, жетишкен ийгиликтери өтө арбын. Алар райондук, областтык, республикалык деңгээлде уюштурулган кароо-сынактарда эң алдыңкы орундарды ээлеп келишет. Мисалы, кыздардан түзүлгөн вокал тобу республикалык кароо-сынакта байгелүү 3-орунду ээлеген. Областтык “Мен “Кыргызстандык экениме сыймыктанам” аттуу кароо-сынактарга жыл сайын катышып, байгелүү орундарды ээлеп келишет. 2017-2018-окуу жылында Канжарбек кызы Гүлзада ушул сынакка катышып, 1-орунду, Иманалы уулу Кеңешбек 3-орунду алган болсо, 2020-2021- окуу жылында Замирбекова Айдана 2-орунду, Эшмаматова Тунук 3-орунду ээлеген. Дагы башка ушул сыяктуу кароо-сынактарда эжекенин тарбиялап, таптап өстүргөн өзгөчө таланттуу окуучулары көптөгөн кароо-сынактардын жеңүүчүлөрү.
Динара Бейшекеевнанын өсүп келе жаткан келечектин ырчы муундарын ырдоо маданиятына, музыкалык-эстетикага тарбиялоодо салымы зор. Жаш мугалимдерге дем-күч берип, кеңештерин айтып, туура багытта баа жеткис акыл-насааттарын айтып, алар менен ойлорун, билим сырларын бөлүшүп турат. Мугалимдер менен тыгыз байланышта болуп, өзгөчө таланты бар, ырга жөндөмдүү окуучуларды байкап, ар түрдүү кароо-сынактарды, иш-чараларды уюштуруп, таланттуу окуучулардын шыгына шык кошуп, демине күч берип учурда педагогикалык жана турмуштук бай тажрыйбасын жаш муундарга үйрөтүп, окуучуларга татыктуу тарбия берип, үзүрлүү эмгектенүүдө.
Бактыгүл САКИЕВА,
балдардын чыгармачылык үйүнүн
ийрим жетекчиси, Ала-Бука району.