Кара-Көл шаардык соту 31 жаштагы Замирбекти (Макаладагы бардык ысымдар өзгөртүлгөн) 1997-жылы туулган келинчеги Саламатты өз жанын өзү кыюуга чейин жеткиргендиги үчүн сегиз жылга эркинен ажыратылды. Сот ошону менен бирге эле анын жеңеси, 42 жаштагы Наргизаны дагы беш жылга пробациялык көзөмөл тартибине кести. Күбөлөрдүн айтуусуна караганда ал Замирбек менен көңүлү жакын болгон.
Жабырлануучу тараптын кызыкчылыгын тергөө учурунда жана соттун жүрүшүндө Жалал-Абаддагы “Справедливость” укук коргоо уюмунун адвокаттары коргоду.
Наргизанын күйөөсү 2015-жылы кайтыш болгон. Замирбек саламатка 2017 жылы үйлөнгөн, алардын ортосунда беш жашар кыз бар. Үй-бүлөнүн жакынкы чөйрөсүнүн айтуусуна караганда Замирбек өзүнүн көзү өткөн агасынын аялы Наргиза менен интимдик катышта болгон.
Бул роман тууралуу айлана-тегеректегилердин бардыгы эле билишчү, бир күнү бул тууралуу Саламат да билип калат. Анын жеңең менен мамилеңди токтот деген талабына күйөөсү уруп сабоо менен жооп берген – Саламат көп эле учурда көгала болуп жүрчү.
Саламат күйөөсүнө гана эмес. Улуу абысынына да таасир этүүгө аракет кылган, бирок Наргиза аны шылдыңдап, көп учурда сен күйөөгө тийгениңде кыздыгы жок болуп чыккансың деп басынтчу. Саламат мындай зомбулукка чыдай албай 2021-жылы 2-ноябрда сарайда асынып алат.
Замирбек менен Наргиза аялды өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген силерсиңер деген пикирге караманча каршы болушту. Бул трагедияга алып келиши мүмкүн деген ар түрдүү жүйөлөрдү ойлоп табышып, ал тургай күбөлөрдүн бардыгы ошондой көрсөтмө берип жаткандыгына жана WhatsAppта алардын кат алышуулары сакталып калгандыгына карабастан, өздөрүнүн ойнош экендиктерин да моюнга алышкан жок. Саламаттын өлүм алдындагы каты дагы көп нерсени ачыктайт, анда ал өз өлүмүнүн башкы күнөөкөрлөрү катары көрсөтүп, мындай кадамга барышына ар качан басмырланганын, ал эми Наргиза болсо сен кыз эмес болуп келгенсиң деп кордогонун, Замирбек болсо кызды менден төрөгөн эмессиң деп айыптаганын, Саламатка саенин жан тарта турган эч кимиң жок деп кордогонун көрсөткөн. Кол жазма боюнча экспертиз каттын Саламаттын колу менен жазылгандыгын тастыктаган.
Кылмыш иши адегенде Замирбекке карата козголгон, бирок кийин прокуратуранын, “Справедливость укук коргоо уюмунун тергөөчүсү менен адвокаттарынын принципиалдуу позициянынан улам Наргизага да козголду. Ошентип Замирбек менен Наргизага карата КР кылмыш-жаза кодексинин 128-беренеси, “Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү” 3-бөлүмү менен иш козголгон. Кара-Көл шаардык соту 2022-жылдын 31-октябрында өзүнүн айыптоо чечимин чыгарды.