Домой Чыгармачыл дүйнө Классикалык поэзия фестивалы

Классикалык поэзия фестивалы

32






Жакында Өзбекстандагы Навои шаарында ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин калемгерлеринин «Классикалык поэзия» эл аралык фестивалы өттү. Фестивалдын алкагында 29-мартта Ташкент шаарында Түрк адабиятынын 100 томдук антологиясынын бет ачары болду. Мындан тышкары жалпы түрк тилдүү элдердин маданий, адабий тенденциялары, өз ара кызматташтык маселелери талкууланды.
30-март күнү фестивалдын катышуучулары Бухара облусундагы Навои шаарында түрк элдеринин орток акыны Алишер Навоинин эстелигине гүл коюшту. Шаардын борбордук стадионунун жанындагы эс алуу паркына эстелик катары дарактарды отургузушту. Андан кийин поэзия кечеси болуп, түрк элдеринин фестивалга катышып жаткан акындары ар кимиси өз тилинде ырларды окуп беришти.
Фестивал учурунда Түркиянын борбору Анкара шаарында жакында эле түзүлгөн ТҮРКСОЙ жазуучулар союзунун алгачкы жыйыны өттү. Жыйынга союздун тең төрагалары: Түркиядан Мухамед Элис Зала, Азербайжандан Анар Рзаев, Казакстандан Улугбек Эсдаулет (ТҮРКСОЙ жазуучулар биримдигинин да төрагасы) Кыргызстандан Нурлан Калыбеков, Өзбекстандан улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Сирожиддин Саид, Татарстандан Ркаил Зайдуллин, Башкырстандан Айгиз Баймухамедов жана башка акын-жазуучулар, ТҮРКСОЙ уюмунун баш катчысы Султан Раев катышты.
Фестивалга Кыргызстандан Жазуучулар союзунун төрагасы Нурлан Калыбеков, акын жана журналист Бурулкан Сарыгулова, жазуучу Топчугүл Шайдуллаева жана мен (Самидин Стамбеков) катыштык.
Иш чараны ТҮРКСОЙ уюму, Өзбекстан жазуучулар союзу, Өзбекстандын маданият, туризм министрлиги жана Өзбекстандагы Навои шаарынын жетекчилиги уюштурду.
Даярдаган Самидин СТАМБЕКОВ