Домой Илим КОКУЙ-БЕЛ ТОПОНИМИНИН ТӨРКҮНҮ

КОКУЙ-БЕЛ ТОПОНИМИНИН ТӨРКҮНҮ

211

Исабеков Ильяс Ниязбекович,
ф. и. к., профессордун м. а.
Ош мамлекеттик юридикалык институту,
Ош шаары, Кыргызстан.

Аннотация.
Макала Чаткал ѳрѳѳнүндѳгү Кокуй-Бел топонимин этимологиялык иликтөөгө арналган. Илимий адабияттарда бул топонимдин жаралуу тарыхы боюнча ар кандай пикирлерди учуратууга болот. Анткени ушул күнгө чейин «кокуй» сөзүнө этимологиялык талдоо жүргүзүлүп, тарыхый түпкү мааниси тактала элек. Макалада жүргүзүлгөн этимологиялык талдоонун негизинде топонимдин кыргыз тилиндеги бир муундуу «кок» жана «ий» уңгу сөздөрүнүн негизинде пайда болгону такталып, топонимдин биринчи «кок» бѳлүгү – түрк тилдеринде тезек, көң, чок, күл, ысык күл, от, жалын, өрт, күйүү, тутануу деген маанилерин билдирсе, экинчи «ий» бөлүгү – өкүнүү, кайгыруу, кейүү деген маанилерди туюндурары аныкталды. Жыйынтыгында, «учкун, жалын, чок» маанилерин берген байыркы «кок», «ий» деген сөз айкашы кыргыз тилинин үндөшүү мыйзамына ыңгайлашып, «кокуй» сөзү келип чыккан. Ошондуктан, алгач заттык маанидеги «кок» сөзүнүн негизинде жаралган «кокуй» сөзү ички сезимдин толкундануусунун негизинде эрксизден айтылган сырдык сөзгө айланган. Демек, «кокуй» сөзү башка сөздөр сыяктуу эле эмоциянын негизинде пайда болгон. Ачкыч сөздөр: Топоним, этимон, эмотив, тарых, иликтөө, пикир, үндөшүү.
Киришүү. Кокуй-Бел – Чаткал кырка тоосундагы ашуунун аты. Ашуу Жалал-Абад областына караштуу Чаткал районун түндүк-чыгыш капталында орун алган. Деңиз деңгээлинен 3250 метр бийиктикте жайгашкан. Албетте, топонимдин жаралуу тарыхы боюнча эл арасында ар кандай уламыштардан тышкары, ар кандай сөздүктөрдө жана илимий макалаларда анализ берилген. Бирок берилген анализдер бизди канааттандырбайт. Ошол себептен, макала Кокуй-Бел топониминин түпкү тегин, алгачкы турпатын чечмелөөгө арналат, анткени илимий чөйрөнүн ынандырган эмгекти азырынча учуратууга мүмкүн эмес. Бул фактынын өзү, тил илиминдеги эң актуалдуу маселе экендигинен кабар берет.
Изилдөөнүн каражаттары жана ыкмалары. Кыргыздар Евразиядагы – эң байыркы элдердин бири экендиги талашсыз. Элдин байыркылыгы – анын карт тарыхында камтылган. Бирок, тарыхты тилсиз сактап калуу мүмкүн эмес, себеби элдин тарыхы менен тилдин тарыхы тыгыз байланышта. Ошондой тыгыз байланышты биз жер-суу аттарынан табабыз, анткени жер-суу аттары кандайдыр бир конкреттүү аймактын аталышын далилдөөчү тарыхый документ. Демек, топонимдерди окуп-үйрөнүү тарыхый-лингвистикалык зарыл маселелерден. Аларды окуп-үйрөнүү кыргыз тил илимине гана салым кошпостон, кыргыз тарыхы жана география илими үчүн да өтө маанилүү. Ошондой тил илиминдеги маанилүү маселенин бири-бул Чаткал районунда жайгашкан Кокуй-Бел топоними болуп эсептелет.
Жыйынтыктар жана талкуулар. Ырас, «кокуй» азыркы кыргыз тилинде сырдык сөз болуп эсептелип, сүйлөөчүнүн ички сезимин билдирүү менен бирге, анын чыныгы кырдаалга болгон мамилесин тикеден-тике туюндурат. Ушундай ички сезимди туюндурган сырдык сөз, кандайча жер-суу аттарын атоодо колдонулуп калган? Ошол себептен бул сөздүн баштапкы турпатынын жаралуу тарыхы лингвисттердин бүйүрүн кызытып, ушул күнгө чейин басаңдатпай келет. Алсак, топонимист О. Т. Молчанова “Тюркские названия озер Западной Сибири” деген макаласында Кокуй-Кѳл топонимин талдоого алып, анын тереңдиги көлдү коркунучтуу кылгандыктан, ушундай аталышка ээ болгон деп эсептейт [8, 13-б.]. Мындай пикирге кошулууга болбойт, анткени көлдүн тереңдиги топонимдин Кокуй-Кѳл деген географиялык атка ээ болушуна жетиштүү, негиздүү далил болуп бере албайт. Н. Р. Акматов “Ысык-Кѳл топонимиясы” деген диссертациялык эмгегинде Кокуй-Кѳл топонимине анализ жүргүзүп, “Азыркы кыргыз тилинде “кокуй” сѳзү сырдык сѳз катары кеңири колдонулат. Жергиликтүү элдердин “кокуй” сѳзүнѳ байланыштуу уламыштары элдин кийинки турмушуна жакын окуяларынан жаралган сыяктуу. Ошондуктан бул топонимди тектеш тилдердин далилинде гана туура чечмелѳѳгѳ болот. Кокуй-Кѳл аталган кѳлдүн тереңдигин, сормо экендигин эске алсак, илимий негизде тува тилиндеги “кокай” сѳзү бизче карышкыр, бѳрү деген маанини билдирет. Кокуй-Кѳл – жырткыч, каардуу, каргашалуу кѳл деген маанилерден келип чыккан болуу керек‖ деп эсептейт. [2, 114-б.]. Биз мындай жыйынтык менен да макул боло албайбыз, себеби кантип, кандай ыкма менен тува тилиндеги “кокай” сөзүнөн кыргыз тилиндеги “кокуй” деген сырдык сөз пайда болгонун (божомолдобостон) этимологиялык талдоо жүргүзүп түшүндүрүлбөгөн. “Введение в китайско-киргизское сравнительное языкознание” аттуу китепте “кирг. “кокуй” (междометие, выражающее отчаяние). «Ой-ой! сСасите! Караул! Несчастье, беда, горе, печаль», кокуйла- кокуйлоо – издавать крики отчаяние, плакать от безысходности, — кит. kou ― грабить, отнимать силой, заниматься разбоем, вторгаться; бандиты, воры, налетчики, грабители, разбойники и kul – убыток, ущерб, урон, неудача, неприятность; наносит ущерб, ущемлят, терпеть убыток, в убытке, нести ущерб, идти на ущерб, (на убыль, к упадку), убывать, уменьшаться, сокращатся; иметь недостаток, (изъян, недостачу, дефицить, перерасход, растрату), недоставать, не хватать, быть недостаточным” деген түшүнүктѳрдү берери жазылган [5, 418-б.]. Демек, автор, “кокуй” сөзүнүн кыргыз жана кытай тилдериндеги семантикалык маанилерин салыштыруу аркылуу анын күтүлбөгөн кырдаалда айласыздан, эрксизден айтылуучу сөздөр (сырдык сөз) экендигин белгилеген. Ырас, кыргыздар б. з. ч. негизинен кытайлар менен касташкан. О. Айтымбетов – тарыхый Манас (кытай жазмаларында Маодунь Шаньюй деп жазышкан) дүйнөдөн кайтканына жарым кылымдай убакыт өткөндөн кийин кытайлардын кыргыздарга карата катуу кысымы башталган. Тагыраак айтканда, б. з. ч. 128-119-жылдардын аралыгындагы кытай чапкындарында эчендеген кыргыз баатырлары, акылмандары кыргынга учураган. Ушул он жыл ичинде байыркы кыргыздар Ит-Өлбөстүн же Чөл-Майдандын (азыркы Гоби чөлү) түштүгүндөгү бардык мал киндиктүү жерлеринен ажырап, Алтайдын, Таластын түштүк этектерине сүрүлгөн. Кытайлардын кол салууларынын натыйжасында эзелки кыргыздар 300 000 (үч жүз миң) адамынан ажыраган, тирүү калгандары туткун болушкан. Бул ири жеңилиш биздин көчмөн элге өтө терең из калтырды. Ошол катаал жылдарда биздин тилге “кокуй күн” деген сөз кошулду. Ал сөз кытай аскер башчысы Хо Кюй-биндин атынан улам келип чыккан. Хо Кюй-бин өз заманында байыркы кыргыздарды аябай чапкан, колу кандуу, ырайымсыз кытай аскер башчысы болгон. Кыргыздардын өлүп же туткун болушуна Хо Кюй-биндин түздөн түз тиешеси бар. Хо Кюй-биндин заманы – көчмөндөргө абдан чоң коркунуч алып келген өтө катаал доор болгон. Анын тушунда көчмөндөрдүн күн тартибинде “өмүр же өлүм” деген маселе турган. Көчмөндөрдү эң чоң апааттан Хо Кюй-биндин өлүмү гана куткарган. Кыргыз баласы чочуганда же кайгырганда ушу бүгүн да “Кокуй” же “Кокуй күн” деп чочуйт же кайгырат. Бир жамандык болсо азыр да – кокуйлайт. Биздин элдеги чексиз кайгынын элеси болуп калган бул кеп так ошол кандуу кол Хо Кюй-биндин заманынан калган азалуу сөз”,- деген пикирди “Кара кыргыз” деген китебинде жазган [1, 349-350-бб.]. Демек, автор кыргыз тилиндеги «кокуй» же «кокуй күн» деген сырдык сөздөрдү кытай аскер башчысы Хо Кюй-биндин атынын негизинде келип чыгып, азалуу сөзгө айланган деп эсептейт. Мындай пикир бизди ынандырбайт, анткени С. А. Бурлак менен С. А. Старостиндин 2005-жылы жарыкка чыккан “Сравнительно-историческое языкознание” аттуу китебинде алтай топ тилинин таралышы б. з. ч. ХIII миң жыл мурда болгону айтылат [4, 8-бб.]. Россия илимдер академиясынын тил илимдер институту тарабынан чыгарылган “Языки мира” деген түрк тилдерине арналган энциклопедиялык эмгекте – «согласно представлением В. М. Иллич-Свитыча, алтайские языки вместе с уральской, дарвидийской, индоевропейской, семито-хамитской и картавельской языковыми семьями объединяются на основе генетического родства в единую ностратическую макросемью”,- деп жазылган [18, 7-б.]. «Согласно представлениями В. М. Иллич-Свитыча, алтайская общность распалась значительно раньше остальных пяти языковых общностей, входящих в ностратитическую макросемью. Современные исследования относят период распада алтайского праязыка к Х тысячелетию до н. э. (О. П. Суник), VII тысячелетию до н. э”. – деп белгилеген [18, С.8]. Демек, алтай топ тили ностратикалык макросемьянын курамына кирген беш тилдик топтон бир кыйла мурда тарап кеткен, анткени Х миң жылдыктан мурда Алтайда элдин саны көбөйүп, Тоолуу Алтай тарып, түрк уруулар жаңы жерлерди өздөштүрүп, Евразия континентинин туш тарабына тарап кеткен. Талдоо көрсөткөндөй, “кокуй” сөзү Манас дооруна чейин эле байыркы түрктөр тарабынан Евразия континентине жайылып кеткени тарыхый чындык, анткени Манас доору (Хунн) б. з. ч. II-III к. к. таандык, анткени Манас б. з. ч. 210-жылы бийликке келип, б. з. ч. 174-жылы кайтыш болгондо, анын бийлик кылган заманы 36 жылга созулат! А эпосто ал алтымышка чыгып атат, демек ал б. з. ч. 264-жылы туулган да, 24 жашында бүтүндөй Кыргыздын (Оң менен Сол) эң башкы жол башчысы – Чоң бийи болгондугун О. Айтымбетов “Кара кыргыз” деген китебинин биринчи бөлүгүндө белгилеген [1, 261-б.]. Ошондуктан, Евразия континентинин тургундары азыркы учурда бул сөздүн чыныгы маанисин унутуп коюшкан. Ошого карабастан, “кокуй” сөзү географиялык аталыштарда сакталып калган. Азыркы убакта Россия мамлекетинде “кокуй” сөзү аркылуу аталган жер-суу аттары өтө кенен тараган географиялык аталыш. Алардын айрымдары тѳмѳнкүлѳр: Кокуй – возвышенность в Пермском крае, Кокуй –река в Челябинской области, Кокуй – одна из башен Новгорода, Кокуй –городок – предпологаемое место зимовки дружины Ермака в Сибири. Орус илимпозу А. Кузнецовдун пикиринде “кокуй” – финно-угорского происхождения. Финское слово «кокко» означает праздничный костер в день летнего солнцестояния, а на языке вепсов «кук» – холм, горка (костер в честь солнца, как правило, разжигали на высоком холме). Так или иначе, топоним Кукуй, или Кокуй, не уникален и не обязательно связан с присутствием иноземцев [6, 11-б.]. А. Л. Шилова “Топонимические свидетельства языческого прошлого Москвы” деген макаласында “…до прихода славян на территории Москвы эти земли были заселены балто и финно язычными племенами, Славяне проникают сюда начиная с Х века”,- деген пикирде болгон. Анын айтканына караганда, “кокуй” фин тилинин негизинде жаралып, фин. Kokko – конусовидный, конический предмет, куча, копна, сторожевой костер; карел. Kokoi – высокий, конусовидная вершина, макушка; вепс. Kok –горка, холм; рус. Кокуй –иванов день деп, салыштырган [15, 61-б.]. Макс Фасмер “Этимологический словарь русского языка” аттуу эмгегинде: кокуй – Иванов день пришло в русский язык из прибалтфин. kokoi; ср. фин. kokko – праздничный костер, также конусообразная куча [14, 284-б.] деген маанилерди берерин белгилеген. Демек, жогорудагы илимпоздор “кокуй” сөзү негизинен отко, жалынга, өрткө байланыштуу пайда болгондугун белгилешет. А. Оморов “Кыргыз уюткулуу эл”,- деген китебинде “Байыркы кылымдарда фин-угор уруулары ушул Алтай, Тоолуу Шория аймактарында жашап келип, кийин батышты көздөй бүт элдери “Улуу көчтөрүн” улантышып ошол жакта жашап калган. Мурун ал элдер да ушул Тоолуу Шория, Говь Алтай аймактарында жашап келгендиктен, алардын тилинде аталып калган топонимдик терминдер да ушул убакытка чейин сакталып калган жана эки элдин диалектинде кошо аталган талаш терминдер ушул кезге чейин кездешет, мисалга алсак; “Кулногаш” фин-угор тилинде “кулно” – өлүү, “гаш” – шор тилинде “каш” – суу жээги дегенди билдирет”,- деп жазган [10, 365-б.]. Улуу Кыргыз каганатынын аймагындагы жер-суу аттары деген эмгекте “Кулногаш- Калташ (Шория) дайрасынын сол дайра куймасы. Кондом дайра бассейинине кошулат. Дайра башаты деңиз деңгээлинин 500, 0 м. бийиктикте жайгашкан бөксө тоо жантайыңкы бетинен пайда болгон Шор өзөндөр жана булактар жыйындысынан башталат. Дайра чат туурасы 400, 3 м., узундугу 4, 0 км. Термин фин-угор тилинде “кулни” – өлүп калуу, жок болуу. Ал эми ”каш” –жээк аймагы. Чындыгында дайра башаты бирде пайда болуп бирде жок болуп агат. Ошондуктан аталса керек деп белгиленген [9, 119-б.]. Иликтөө көрсөткөндөй, “Языки мир:‖ тюркские языки”,- деген эмгектеги: “существуют гипотезы о хунны: они были монголами, тюрками, финнами; представляли собою политическое объдинение; были енисейским народом. Гуннов принято относит: к монголам, финнам, славянам, венграм, кавказским народам, тюркоязычным народам, тюркам”,- [18, 52-53-бб.] деген илимий божомол бүгүнкү күнү тарыхый чындык экендиги аныкталды, анткени акыркы илимий фактылардын жыйынтыгы көрсөткөндөй кыргыздардын ДНК R1а1 гаплогруппасына Евразия аймактарына тараган элдердин ДНК R1а1 гаплогруппасы шайкеш келерин илимий жактан бышыкталды. R1а1 гаплогруппасына таандык элдердин генетикалык тарыхынан шектенгендер К. Чороевдин “Байыркы кыргыздардын генетикалык тарыхы” аттуу эмгеги менен таанышса жетиштүү болот [16, 2-54-бб.]. Ырас, “кокуй” – жаралуу тарыхы боюнча да, семантикалык мааниси жагынан да илимде жандырмагы такталбаган табышмактуу сөз. Ошол себептен, жогоруда аты аталган окумуштуулардын пикирлерин эсепке алуу менен бирге, биз “кокуйдун” алгачкы формасы боюнча өзүбүздүн ой-пикирибизди билдирүүнү туура көрдүк, анткени “кокуй” сөзүнүн жандырмагы эзелки түрк тилинин тереңинде камтылган. Ырас, улуттук жана адамзаадалык деген категориялар, акыйкатта, тегинде ажырагыс, бөлүнгүс. Ал эми сактанар тутка, сактанар жол – улуттун өзүнүн түпкү жолу, түпкү ишеними, төл философиясы, жан табияты улуттук сөздө [11, 21-б.]. Демек, кыргыз улутунун түпкү сактанаар жолу, түпкү ишеними анын байыркы тилинде сакталган десек жаңылышпайбыз. Албетте, “кокуй” сөзүн иликтөөдө биздин карманаар туткабыз, түпкү ишенимибиз кыргыз тилиндеги бир муундуу “кок” деген уңгу сөз. Албетте, “кокуй” сөзүн калк күнүмдүк турмушунда көп эле колдонгон учурларды кездештирүүгө болот. Бирок бул сөздүн маанисин болжолдуу билгенибиз менен, анын чыныгы маанисин түшүнбөйбүз. Мындай табышмактуу сөздүн түпкү маанисин ачып берүү үчүн этимологиялык талдоо жүргүзүү талап кылынат, анткени этимологиянын ролу эски сөздөрдүн түпкү маанисин ачып берүүдө өзгөчө мааниге ээ.
О. Сулейменов “Сөз коду – 1001 сөз ар тараптуу этимологиялык сөздүгүнө киришме” деген китебинде: “Илимий этимология” деп аталып жүргөн багыт азырынча элдик этимологиядан анчалык алыс кете алган жок. Анткени ошол эле ыкманы пайдаланат – сөздү кулакка угулгандай калып алып жана анын маанисинин эң үстүнкү катмарын гана түшүнөт. Бирок илимий этимологиянын эки жүз жылдык тажрыйбасы сөздүн тарыхтын тереңиндеги катмарларын фонетикалык ыкма менен табууга болбостугун көрсөтүп жатат. Лингвистиканын колдонгон аспаптары толуктоого муктаж”,- деп белгилеген [12, 4-б.]. Демек, тарыхты жараткан эл. Ошондуктан, тилдин тарыхы менен элдин тарыхы бири-биринен ажырагыс тыгыз байланышта. Ошондой байланышты “кокуй” сөзүнө илимий иликтөө ишин жүргүзүү аркылуу гана аныктоого болот. Албетте, “кокуй” сөзүнүн уңгусу бир муундуу “кок” сөзү. Кок – көп маанилүү сөз. Ал тил жаралганда пайда болгон алгачкы сөз, анткени бир муундуу уңгу сөздөр жөнүндө көпчүлүк окумуштуулар тарабынан эң алгачкы сөздөр кыска, бир муундуу эле болгондугун жана алар өз алдынча турганда да конкреттүү семантикалык маанилерди билдирерин белгилешет. Уңгу сөздөр, Н. К. Асанбековдун пикири боюнча “Түрк – көчмөн тили филологдордун ырастоолору боюнча агглютинативдик мүнөздө, б. а. сөздүн уңгу менен мүчөсү убакыттын жана башка тилдердин басымы астында да жуурулушпайт. Уңгу өзгөрбөйт, ал ар дайым «көч башында”. Ал мүчөгө таасир тийгизе алат, тескерисинче болушу мүмкүн эмес. Ошондуктан түрк тили жалпысынан өзгөрүлбөй сакталып келген. [3, 76-б.]. Ошондой башка тилдердин басымы астында жуурулушуп, сиңип кетпей, ушул күнгө чейин байыркы турпаты өзгөрүлбөй сакталып келген сөз – бул “кок” сөзү. А. Оморов “Кыргыз – уюткулуу эл” деген китебинде “Боз үйдүн жыгачын матоо – боз үйдүн жыгачын жасап алуудагы негизги процесс. Матоодогу негизги ыкма кызытуу. Кызытуунун эки түрдүү ыкмасы бар. Койдун таза сары кыгын кырдап төгүп, ал тегиз кызып чыккандан кийин жаңы кыкты нымдап үстүнө дагы төгөт. Чоктонгон отко жетпестен бери жагы ысыйт, аны “кок”,- деп атайт, экинчиси, жылкы менен кой, эчкинин кыгына аралаштырып, узата төгүп, суу сээп, таптап койсо эки күндөн кийин жыгач өзү эле кызыйт”,- деген пикирин билдирген [10, 365-б.]. К. К. Юдахиндин “Кыргызча-орусча сөздүгүндө” – “Кок – помѐт; айбандын когу, помѐт животных” экендиги берилген [17, 395-б.]. Кыргыз тилинин сөздүгүндө Кок:
1. Кир, булганыч, какач, кокочо;
2. Тезек. Айбандын когу экендиги айтылып, Сейтектен “Асыл энең Каныкей, Күйүп-бышып кок болуп” деген мисал келтирилген [7, 868-б.].
Севортян Э. В. “Этимологический словарь тюркских языков» деген сөздүгүндө Кок –плохой запах, вонь; пахнуть, издавать плохой запах, вонять, кирг. — помет; сухой навоз; алт, хак. – искра, горячий пепел, зола; каз. – пыль, мелочь кизяка» деген семантикага ээ экендигин көрсөткөн [13, 32-34-бб.]. Демек, «кок» деген бир муундуу уңгу сөз бардык түрк тилдерине таандык жана ошол тилдерде – сасык жыт, сасуу, айбандын когу, тезек, кургак кык, учкун, күл, ысык күл деген маанилерди туюндурат. Анда: — Кантип, эмненин негизинде төрт түлүк малдын когу, «учкун», «чок», «жалын» маанилерин туюндуруп калган?,- деген суроо жаралбай койбойт. Ырас, эзелки мезгилдерде Евразия континентинде көчүп-конуп жүргөн түрк урууларынын өздөрүнүн катаал тарыхый өнүгүшүндө төрт түлүк малдын кыгы күнүмдүк турмушута чоң мааниге ээ болгон. Алар «кокту» отун (топливо) катары пайдаланышкан. Мындай көрүнүштү кыргыз турмушунда бүгүн да кездештирүүгө болот. Ошондуктан, «Отун албаганга от жактырба»,- дейт кыргызда. Күнүмдүк жашоодо чоң кызмат аткарган кок, (көң, тезек) байыркы түрктөрдүн жашоосунда терс көрүнүштөрдү да жаратып, коктун чогу, учкуну айрым учурларда өрткө айланып, күтүлбөгөн жерден адам баласына чоң жоготууларды алып келген. Ошол капысынан, ойдо жок жерден пайда болгон өрттү көргөн адам коркконунан, чочуганынан «кок ий», «кок ий ай»,- деп кайгырган. Азыр деле күтүлбөгөн жерден пайда болгон ар кандай терс көрүнүшкө кыргыз дагы деле кайгырып, кокуйлайт. Ошол «коктун» негизинде пайда болгон өрт алып келген чыгымдар, балким жоготуулар душмандын чапкынындагы чыгымдарга барабар келген. Ошондуктан, «Өрт – тилсиз жоо”,- деп айтылып калган.
Жыйынтыгында, от, жалын, өрт, чок маанилерин берген байыркы “кок” жана алгачкы учурда кайгыны, муңду, өкүнгөндү билдирген “ий” деген уңгу сөздөр кыргыз тилиндеги үндүүлөрдүн үндөшүү мыйзамы таасир этип, “кокуй” сөзү келип чыккан, анткени адам жөнөкөй абалдан өзгөчө психикалык абалга өткөндө, же эмоцияга берилгенде анын чыныгы таза сезими, чыныгы жан дүйнөсү ачылат. Айтуучунун чыныгы таза сезими ошол эмоция алып келген жагдайдын күчүнө, деңгээлине жараша болот. Ошол кырдаалдын таасири, берген күчү адамды ички сезимин толкунданууга мажбурлайт. Ошондо гана кырдаалга жараша сөз айтылат. Демек, “коктун” негизинде келип чыккан өрттөн, жаны кейип кайгырган байыркы киши кок “ий” деп кайгырууга мажбур болгон. Ошон үчүн, алгач заттык маанидеги “кок” ички сезимдин толкундануусунун негизинде эрксизден айтылган “кокуй” сөзү сырдык сөзгө айланган. Андан; кокуй күн – каран күн, кокус – байкоосуздук, күтпөгөн жерден, кокустук – байкабай калгандык, кокустан – мезгилсиз, аңдоосуздан, кокустап – майыптап калуу, кырсыктоо, зыяндоо, жаман ишке дуушар болуу деген сөздөр жаралган. “Корк” сөзү да “кок” сөзүнүн негизинде эпантеза аркылуу келип чыккан. Ошондуктан “кокуй” сөзү корккондо, чочуганда, таң калганда колдонулат. Бул эки сөздү (“кок” жана “корк”) уңгулаш жана бир эле сөздүн эки варианты деп каралышы түрк тилдерине мүнөздүү -р тыбышынын кошулушу менен түшүндүрүлөт (кат-карт, сат-сарт, бак-парк, тескей-терскей, бек-берк ж. б.).
Корутунду. Демек, “кокуй” сөзү күтүлбөгөн, ойдо жок жерден, капысынан пайда болгон кырдаалда, жагдайда, чочуганда, таң калганда эрксизден айтылат. Ошондон улам, Чаткал ѳрѳѳнүндѳгү өтө татаал, опурталдуу ашууда күтүлбөгөн кырсыктын жашыруун сыры сактагандыктан, же күтүлбөгөн кырсыктын жашыруун сыры катылгандыктан, ашуу Кокуй-Бел деген географиялык атка ээ болгон. Анализ көрсөткөндөй, топонимдердин сырдуу аталышы аркылуу кандайдыр бир конкреттүү сөздүн тарыхын илимий жактан иликтөө татаал иштерден, себеби топонимдер тарыхка чейинки бир муундуу эски уңгуларды сактап, изилдениши өтө татаал болот. Ушундай табышмактуу топонимдердин бири Кокуй-Бел топоними экендигине күбө болдук.