Домой Жай турмуш Конфуций: “Эч качан жыгылбаган адам улуу эмес, Жыгылып кайра туруп кеткен...

Конфуций: “Эч качан жыгылбаган адам улуу эмес, Жыгылып кайра туруп кеткен адам улуу”

26

Конфуций  (чыныгы аты – Кун Цю) кадимки эле адам болгон, бирок анын окуусун аз эмес учурларда дин деп аташат. А бирок кудай таануу жана теология маселелери конфуцианчылык үчун таптакыр мааниге ээ эмес, ошого карабастан адамдар аны дин катары сыпатташат. Анын окуусунда негизинен мораль, этика адамдын адам менен болгон өз ара алакасы бутага алынат. Анын этика боюнча алтын эрежеси мындай: «Өзүңө каалабаганды башка бирөөгө да жасаба».

Анын окуусу адамдарда ушунчалык кеңири кабылдоого туш болгондуктан аны мамлекеттердин деңгээлиндеги идеологиялык норма катары да кабыл алышкан, ошентип ал дээрлик 20 кылымдан бери популярдуулугун жоготпой келе жатат.

Анын окуусу ар бир адамдын түшүнүүсү үчүн жеңил, кыязы, ал ошонусу менен ушунчалык таасирдүү болсо керек:

 

  1. Билимге үч жол алып барат: ой жүгүртүү жолу – бул эң асыл жол, башкаларды тууроо жолу – бул эң оңой жана тажрыйба жолу – бул эң азаптуу жол.
  2. Эгер сен кимдир бирөөнү өтө жек көрүп жатсаң, демек, сени жеңип алышкан.
  3. Тартиби бар өлкөдө, иш-аракеттерде да, сүйлөгөндө да батыл бол. Ал эми тартип жок өлкөлөрдө иш-аракеттериңе батыл болуп, тилиңе этият бол.
  4. Бирөөдөн кек алардан мурда – эки ор казып кой.
  5. Өзүнүн түркөйлүгүн билип, илим издегендерге гана насаатчы бол.
  6. Бакыт – бул сени түшүнүшкөндө, чоң бакыт – бул сени жакшы көрүшкөндө, ал эми чыныгы бакыт – качан сен өзүң сүйгөндө болот.
  7. Чындыгында турмуш жөнөкөй эле, бирок биз аны көшөргөндүк менен татаалдантып келебиз.
  8. Майда-барат иштердеги кармана албоочулук – улуу иштердин ойронун чыгарат.
  9. Качан суук түшкөндө гана кипаристер менен карагайлар өз кийимин эң акырында чечери айкын болот.
  10. Байыркы адамдар көп сүйлөгөндү жактырышкан эмес. Алар сөзүнүн өтөөсүнө чыкпай калууну өзү үчүн уят деп эсептешкен.
  11. Биз кеңешти тамчылап алып, чакалап беребиз.
  12. Кымбат баалуу ташты сүрбөй туруп жылмалоо мүмкүн эмес. Ошонун сыңары адам дагы кыйын аракеттерден өтпөй туруп ийгиликтүү боло албайт.
  13. Жакшы адам талапты өзүнө коёт, пас адам талапты башкаларга коёт.
  14. Жаман адаттарды эртең эмес, бүгүн гана жойсоң болот.
  15. Үч нерсе эч убакта артына кайрылбайт – убакыт, сөз, мүмкүнчүлүк. Ошон үчүн: убакытты текке кетирбе, сөздү иргеп сүйлө, мүмкүнчүлүктү колдон чыгарба.
  16. Иштин жан дүйнөңө жакканын танда, ошондо силер өмүр бою бир күн да иштебейсиңер.
  17. Адамдар мага түшүнбөй жатышса, мен кайгырбаймын, эгер мен адамдарга түшүнбөй жатсам – кайгырамын.
  18. Бир аз ак ниет болууга аракеттенгиле, ошондо силер акмакчылык иштерди жасай албай тургандыгыңарды көрөсүңөр.
  19. Байыркы замандарда адамдар өздөрүн өркүндөтүү үчүн окушкан. Азыр болсо башкаларды таң калтырыш үчүн окуп жатышат.
  20. Өмүр бою караңгылыкты каргап-шилеп жашай берсе да болот, кичинекей шам коюп алса да болот…
  21. Кырсык келсе – адам аны туудурган, бакыт келсе – адам аны өстүргөн.
  22. Сулуулук ар нерседе бар, бирок аны ар ким эле көрө албайт.
  23. Асыл адамдын жан дүйнөсү бейпил болот. Пас адам ар убак бушайман болот.
  24. Эгер сенин артыңдан түкүрүп жатышса, демек, сен – алдыдасың…
  25. Эч качан жыгылбаган адам улуу эмес, жыгылып кайра туруп кеткен адам улуу!