Домой Агартуу айдыңында Кош бол менин бала кыял кездерим, Рахмат сага ата-эне, эжейим! (Класстан тышкаркы...

Кош бол менин бала кыял кездерим, Рахмат сага ата-эне, эжейим! (Класстан тышкаркы кече, 4-класс)

589

Кеченин максаты:
•Окуучулар 4жыл ичинде эмнеге үйрөнүп, кандай билимге ээ болгондугун айтышат, ыр-бийлер аткарышат, макалдарды айтышат, сатира-юмор аткарышат.
•Өз алдынча изденүүлөрү, чыгармачылык сапаттары өсөт.
•Тартип менен адепке, улууну урматтап, кичүүнү сыйлоого, ата-эненин кадырын, мугалимдин баркын билүүгө, чечкиндүү, тыкан чечим чыгара билүүгө тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Ромашка гүлдөрү, дубал газета,
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу учуру:
Мугалим: Саламатсыздарбы ардактуу ата-энелер! Урматтуу мугалимдер! Жалпы окуучулар жана менин сүйүктүү балдарым! Бүгүн баарыбыз толкунданып турабыз, себеби бул окуучулар азыр 4-классты бүтүп, ортоңку баскычка өтүп жатышат. Алар 7 жылдан кийин 11-классты бүткөндө да, турмуш жолуна аттанышып үй-бүлө күткөндө да менин өз балдарымдай болушат, ар биринин кылык-жоруктары эсимде калат. Ушул өткөн 4 жыл ичинде канчалык кыйын учурлар болсо да, ар бир сабакта балдардын бала кыял мүнөздөрү, аппак таза тилектери, келечекке кыялдангандары, күлкүлүү окуялары менен кубанычтуу күндөрүбүз, бактылуу болгон сааттарыбыз, күлкүлүү минуталарыбыз, артка кайтпай турган ушунчалык баалуу секундаларыбыз көп болду. Ошентип 4 жыл ичинде бирде сүйүндүк, бирде капа болдук, бирде түшүнсөк, бирде түшүнбөй кыйналдык. Бирок баарын жеңдик. Жыйынтыгында көп нерсеге үйрөндүк, жакшы сапаттарга ээ болдук, алдыга кадам таштоого такшалдык.
Баардыгыңар өзүңөрдүн жакшы жактарыңар менен менин эсимде калдыңар, жогорку класс курсуна көчүп жатып, ар бириңерге ден соолук, окууңарга ийгилик, өз алдынча изденүүчүлүк, эмгекчилдик каалоо менен ар бириңер 5-класстан тартып мектептин жүзү, алдыңкы окуучулардан болот, өзүңөрдүн талантыңар, адептүү жүрүш-турушуңар менен үлгү болосуңар деп ишенем.
Эмесе, кезекти окуучуларга берейин. Өздөрү жөнүндө айтышып, үйрөнгөн таланттарын тартуулашсын. Көңүл коюп угуп, көрүүгө чакырабыз.
Алып баруучу кыз:
Жаз – сулуу, жаз – ажайып салтанат,
Бүтүрүү кечебиз да башталат.
Бүгүн биз жаздай кооз, супсулуу,
Бактылуу балдарбыз жаш канат.
Алып баруучу бала:
Саламатсыздарбы ардактуу биздин ата-энелерибиз! Сүйүктүү агай-эжейлерибиз! Урматтуу эже-сиңди, ага-инилерибиз!
Кыз:
Бактылуу чыгып үнүбүз,
Супсулуу биздин жүзүбүз.
Биз менен кошо сиздин да,
Кутмандуу болсун күнүңүз!
Бала: Эмесе, 4-класстын жыйынтыктоочу: “Кош бол менин бала кыял кездерим, Рахмат сага ата-эне, эжейим!”,- аттуу кечебизди баштоого уруксат этиңиздер!
1.Ал эми биздин 4-класс тизилип мында турабыз…
2.Ой чын эле эмне турабыз?
3.Ой өткөн-кеткенди,1-класста окуп жүргөн кездерди…
4.Биринчи коңгуроо, биринчи сабак, биринчи урушканыбызды, бири-бирибизге шылтап доскада турганыбызды…
5.Ээ десең, кээде урушуп, кээде жарашкан күндөрүбүздү, эжекенин мээсине күч келтирип жүргөнүбүздү.
6.Баарыбыз билимге сиңип, башталгыч билим алганыбызды, ак-карага көз жетип, кыйла чоңоюп калганыбызды.
7.Бирок дале болсо бала экенибизди,
Кээде кемчилик кетирерибизди.
Хор: Чогуу эстеп алалы, чогуу күлүп кайталы,
8.Ошентсе да кемчиликти жоё турган болуп, Хор : Чоңойдук!
9.Акыл топтоп, алдыга умтулуп Хор: Торолдук!
10.Бул үчүн эң биринчи ата-энеме, андан кийин сүйүктүү эжекеме
Хор: Рахмат айтып келебиз!
11.Урматтап жана сыйлап
Хор: Ийилип таазим этебиз!
-Балдар, адам үчүн эмне ыйык?
1.Жашоо берген баарына,
Асмандагы күн ыйык.
2.Мемиретип уктаткан,
Ай, жылдыздуу түн ыйык.
3. Кубат берген, күч берген,
Дасторкондо нан ыйык.
4.Бизди багып өстүргөн,
Ата-энебиз эң ыйык.
5.Билим, тарбияга сугарган,
Мугалимдер эң ыйык!
Хор: Бардыгынан Жер ыйык! Мекен ыйык, Эл ыйык!
Анда бүгүнкү кечебизди биз үчүн эң ыйык болгон ата-энелерибизге, сүйүктүү мугалимдерибизге,
ак мектебибизге, ыйык Мекенибизге арнайбыз!
Балдар 4 жылда эмнелерди үйрөндүк? Эмнелерге жетиштик? Кандай ийгиликтерди жараттык? Айткылачы угалык.
1.Биз биринчи класста,
Алиппе менен достошуп келдик.
Тамга таанып, шар окуп, бирок
Алиппе менен майрамдабай коштошуп калдык.
2.Онлайн окуу учурунда эжекебиз
“Келгиле, окуйбуз” долбоору менен иштешти.
Ата-эне менен бирдикте видео-ролик жаратып
Смайылова Нуркыз республикалык деңгээлге жетти.
Мектебибизге сыймык алып келди.
Биздин окуучубуз областтан 1-орунду алганы үчүн
ата-энесине 1000 с өлчөмүндө бирдик салып берди.
3.Экинчи класска көчкөндө,
Адабий окуу сабагын өттүк.
Эки орундуу санга жеттик.
Дене тарбия сабагын,
Айрыкча балдар абдан күттүк.
4.Ошондой эле бул жылы Кыздар Федерациясы менен иштештик. “Кыргызстан кыздарын колдойт” деген конкурска
Исраилова Мади кызыбыз катышты. Кол өнөрчүлүк кылып, 2-орунду ээлөө менен 1500 сом утуп алды.
5.Ал эми үчүнчү класста,
Теңдемени чыгардык.
Көп орундуу сандарды,
Өздөштүрүп кубандык
6.Англис, орус тилдери,
Абдан керек билебиз.
Бирок көңүл бурбай, түшүнбөй,
Кээ бирибиз тапшырма аткарбай келебиз
7.Бирок арабызда Аруу, Жазэл, Мадина,
Нуркыз, Асылзат, Айбийке,
Бардык сабактан жетишет.
Өз алдынча изденишип,
Отличник болуп келишет.
Бул кыздардан үмүтүбүз чоң,
Ошондуктан мактаганыбыз оң!
8.Өмүш, Адис,Элхан,Эржан,
Нурдөөлөт, Али, Нурислам.
Математик Алинур
Бул жигиттерибиз да калышпайт,
Ар тараптуу, таланттуу,
Спорттон да жарышат.
Сүрөттү жакшы тартышат,
Ынтымактуу жүрүшүп,
Сый мамиле жасашат.
9.Ооба, Өмүш Манас айтып мектепте,
Быйыл биринчи орунду ээледи.
Сүрөтчүлүк конкурстан,
Айбийке менен Нурислам бербеди.
10.Сезим, Уулай, Элмира,
Уркуя, Айкыз, Малика
Аракеттенип келишет,
Суроо берсе эжеке, дайым жооп беришет
Уркуя жакшы ырдап, жакшы бийлейт,
Малика сулуу жазып, шар окуп берет.
11.Акжол, Нурасыл, Бектурдун,
Сөз байлыгы кенен.
Оозеки сабакты койбойт,
Бирок математикадан дагы машыгышпаса болбойт.
12. Ырыс сүрөт тартканга кызыгып, ыр болсо жаттап келет,
Мирэл орус тилинен жакшы түшүнүп, оюн айта билет.
Байхан, Мавлян математикадан жай болсо да так аткарат,
Нурболсун, Сыймык оозеки сабактардан жайгарат.
Айдар сабактан калбайт, кээде жооп берип калат.
Айдана менен Гүлдана, кабыл алышты жай гана,
Ошентсе да кетет, бара-бара ийгиликке жетет.
13.Жакында эле Билимкана уюштурган
Олимпиадага барып келдик.
Англис тилден Асылзат,
Кыргыз тилден Жазэл, Нуркыз ,Малика.
Математика сабагынан
Аруу, Мади, Эржан, Элхан
Райондук турдан жеңдик.
14.Жылда 4-класста олимпиада болот,
Эки айыл өкмөт катышат,
Сегиз мектеп жарышат.
Аруу математика сабагынан,
Жазэл кыргыз тилинен,
Биринчи орунду багындырышты.
4 жылдык билимин сынап,
Грамота менен сыйланышты.
Эң мыкты деп алкайбыз,
Кол чаап, колдоп, мактайбыз!
15.Ушундай ийгиликтер менен,
Хор: Бешинчи класска баратабыз.
Дагы аракет жасайбыз,
Хор: Эжекени уят кылбайбыз!
16. 5-класска көчөрдө толкунданып, бир жагынан жүрөксүп турабыз,
Хор: Өзүбүздүн эжекебиз жок, Эми эмне кылабыз?
1.Баарыбыздын мүнөзүбүздү жатка билчү эле,
2.Эмнеден аксап, эмнеден өзгөчөлөнгөнүбүздү туйчу эле,
3.Бирок биз жаңы мугалимдерибизге көнөбүз деп
Хор: Салтанаттуу убада беребиз!
Программа:
1.Эне жөнүндө видео-ролик – Элмира.
2.Мугалим – алтын чынарым – Аруу.
3.Бий “Ромашка” – Кыздар тобу.
4”Манас” айтуу – Өмүралы.
5.Кыргызча макал айтышуу – Мадина, Эржан
6.Орусча макал айтышуу – Асылзат. Нурислам
7.Кыргыз бийи – Кыздар-балдар тобу
8.Сырдашуу, “5-класска келгенче жайда эмне кыламын?” – Балдар тобу.
9.“Кербезим “ – комузчулар тобу.
10.Фонограмма “Суунун боюнда” – Анарбеков Нурдөөлөт.
11.Тама-шоу
12.Коштошуу вальсы.
Алып баруучу кыз:
Апакем – алтын бешигим,
Апакем – менин бейишим.
Жаныңды сабап келесиң
Ар дайым, Апа, мен үчүн!
Алып баруучу бала:
Эмесе, Төлөгөнова Элмиранын апасына арнап жасаган видео-ролигине көңүл буралы.
(Видео-ролик көргөндөн кийин хор менен айтышат):
Апакем, таянарым, асылзатым,
Адашпас жол көрсөткөн акылдашым.
Ойлонсом тең айланып карегимде,
Оорусам карыш жылбай кашымдасың.
Хор:
Жүрөктөн туюп, сезип келебиз
Ар дайым силерди жакшы көрөбүз!
Кыз:
Мугалим – мөмөлүү дарак!
Бала:
Мугалим – экинчи ата-эне!
Кыз:
Бүгүнкү кечебизде мугалимдерибизге арнап ырдабасак болбойт .
Бала:
Кел, анда аларды сахнага чакыралы. “Мугалим – алтын чынарым” деген ыры менен сахнада – Арууна
Кыз:
Келгиле анда кезекти
“Ромашка” бийине берели
Ромашка гүлдөр чыгышсын
Сонун бийлеп беришсин
Бала: “Ромашка“ бийи. Аткаруучулар – кыздар тобу.
Кыз:
Сагымбай менен Саякбай,
“Манас” айтса оозунан төгүлчү экен
Биздин класстан Өмүралынын
“Манас” айткан өнөрү төгүн бекен?
Бала:
Келгиле сынап көрөлү,
Кезекти Курмушуев Өмүралыга берели.
Кыз:
Кыргыз элим урпагына калтырган,
Абдан терең акыл-насаат сөздөрүн.
Урпактары аны билет бекенбиз?
Ошондуктан макал айтышып көрөлү.
Бала:
Канчалык көп тил билсең,
Ошончолук дилиң таза болот.
Аны биздин балдар билишет,
Ошондуктан орусча да макал айтып беришет.
(Макал айтышуу ): Асылзат жана Нурислам, Мадина жана Эржан
Кыз:
Кыргыз болуп кыргызча бийлей албасак,
Уят эле болбойбу!
Бала:
Жаркылдап кыздар келишсин,
Жайнап бир бийлеп беришсин
Кыргыз бийи. Аткаруучулар – кыздар тобу.
Кыз:
Биздин балдар 5-класска келгенге чейин
Ар бири план түзүптүр
Бала:
Пландарын айтышат,
Сырларын да чачышат.
Өзүнө, ата-энесине, мугалимдерге,
Убада берип кайтышат.
Сырдашуу: “5-класска келгенче, жайында эмне кыламын?”
Нурболсун:
Мен Бишкекке барамын,
Саякаттап кайтамын.
5-класска келгенче,
Бир күч топтоп аламын
Жайы менен Нурасыл,
Сен эмне кыласың?
Нурасыл:
Күлүк атты минемин,
Күүлөнүп чаап жүрөмүн.
Тоолор менен сырдашам,
Куштар менен ырдашам.
Таза аба, таза суу ичемин,
5-класска демдүү-күчтүү келемин.
Сыймык:
А мен болсо Москвага кетемин,
Биерде жүрүп нетемин.
Орусча тилди тыңдаймын,
Силерди уят кылбаймын.
Сентябрда буйруса,
СМС жазам орусча.
Акжол:
Азаматсың Сыймыгым,
Шыктандырдың сен мени.
Көп орундуу сандарды,
Бөлгөнгө мээм жетпеди.
ЮТУБга мен кирейин,
Бөлгөндү өздөштүрүп билейин
Байхан:
Шар окуп да беремин,
Түшүнүгүм айта алам
Көп орундуу сандарды,
Оңой эле бөлө алам.
Жайда Айдар үйгө кел,
Жардамымды аябайм.
Айдар:
Макул Байхан барайын,
Сени тыңдап угайын.
Балдарга окшоп мен дагы,
Аракетти кылайын.
Күч-кубат мага бере көр,
Кудайым мени колдой көр.
Ырыскелди:
Окусам түшүнүгүм айта албайм,
Сөз таба албай кыйналам.
Мына ошого жайлоого быйыл барамын,
Табияттан күч аламын.
Таштар менен сүйлөшөм,
Булак менен үндөшөм.
Мирэл:
Бир нерсе бар айтпайм,
Өзүмө да жакпайт.
Кол жазмам иттин бутундай,
Каталар кээде куруттай.
Сулуу жазуу курсуна мен катталам,
Катасыз жазып, күзгө чейин такталам.
Бектур:
Ой, балдар, ичиңерди жаздыңар,
Сырыңарды айттыңар.
А мен жакшы окусам болот,
Ал менин колумдан келет.
Жалкоолоно бер деп турат.
Мавлян:
Бектур дос, шайтанды айда,
Жип менен кадаага бекем байла.
А мен болсо жай түшүнөм,
Ишти дагы жай бүтүрөм.
Жай болуп жаралсам нетемин,
Бара-бара тездеп кетермин.
Кыз:
Быйыл айлыбызда жаңылык,
Комуз кружогу ачылды.
Биздин класстан кызыгып,
Кыздар-балдар катышты.
Бала:
Келгиле, аз да болсо өнөрлөрүн көрөлү,
Кол чаап, коштоп берели.
“Кербезим”. Аткаруучулар – кыздар-балдар тобу.
Кыз:
Жөн эле 4-класс эмеспиз,
Бүтүрүүчү класспыз.
Башталгыч класс менен коштошуп,
“Коштошуу вальсын” бийлеп бермекпиз.
Бала:
Кел, анда музыканы коёлу,
Жеңил бийге бийлейли.
(“Коштошуу вальсын” бийлешет).
Кыз:
Мына ошентип 4тү бүтүп кетебиз,
5-класс окуучусуна жетебиз.
Буга чейин атам-энем, эжекем,
Кам көрдүңөр – ыраазычылык билдирем.
Бала:
Кош болгунуң башталгыч класс мектебим,
Дайым эстейм, эсимден эч кетпейсиң.
Хор:
Кош бол менин бала кыял кездерим,
Рахмат сага ата-эне, эжейим!
Жыйынтыгында мектеп жетекчилерине, ата-энелерге сөз берилет.

Айгүл ТАЖИМЫРЗАЕВА,
№16 Т. Тыныбеков орто мектебинин
башталгыч класс мугалими,
Аксы району.