Сабактын максаты:
• Билим берүүчүлүк: Окуучулар К. Карасаевдин өмүрү жана кыргыз эли үчүн жасаган ар бир эмгектери менен таанышат.
• Өнүктүрүүчүлүк: К. Карасаевдин жасаган зор эмгектерин пайдалана билүүнү, сөз байлыгыбызды өстүрүүнү үйрөнүп, эске тутууну чыңдашат.
• Тарбия берүүчүлүк: Улуу муундун эл үчүн кылган кызматын баалай билүүгө, улуттун баалуулуктарын барктоого тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: К. Карасаевдин сүрөттөрү, китептери, сөздүктөрү, видео ролик, слайд.
Сабактын усулу: Мугалимдин баяндоосу.
Сабактын тиби: Жаңы билимди өздөштүрүү.
К. Карасаев 1901-жылы Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Токтоян айылында төрөлгөн. Жети жашка чейин чоң атасы Калыбек ажынын колунда өскөн. 1914-1916-жылдары Кара-Колдогу орус-тузем мектебинде окуйт, зирек бала Пушкиндин ырларын жаттайт. Орус илим булагынан суу ичет. 1916-жылдагы алаамат үркүндө, эл менен бирге Кытайга, Текеске качат. 1921-жылы өз элине, жерине кайтып келип 1923-1924-жылдары эл оозуна алынып, коомго аралашат.
1925-жылы Ташкентке барып кыргыз-казак таалим тарбия институтуна кирип окуйт.1924-1925-жылдары Орто Азия мамлекеттик университетинде жумушчулар факультетинде сабак берген. 1926-жылы Ишенаалы Арабаев экөө «Жаңылык» китебин жазышат. Ал китептен кыргыздын 60 пайызы сабатсыздыкты жоюуга жардамчы болот. 1931-жылы Ленинграддагы Енукидзе атындагы Чыгыш институтун ийгиликтүү аяктап, Фрунзеге келип адабият институтуна кызматкер болуп ишке орношот. Фольклорду жыйноого катуу киришип Тоголок Молдону Нарындан чакыртып келип анын чыгармаларын алтын фондуга алат. 1931-жылы Адабият жазуу инструкциясын жазып, басмадан чыгарып, эл арасынан манасчы издеп, айтылуу Саякбай Каралаевди алып келип, үйүнө этнографиялык кече уюштуруп, Белек Солтоноев, Касым Тыныстанов, Ыбрай Тойчиев, Турсун ата жана башкаларды чакырып сындан өткөрөт. Алар бир ооздон Саякбайдын вариантын жазууну жактырышат. Ошентип Саякбай Каралаевдин айтуусунда “Манас” эпосун жазып алууну уюштурган. 1944-жылы кандидаттык диссертациясын жактап, чыгармачылыкка катуу киришип, бир нече китеп жазат. Карасаев 1998-жылы каза болуп, сөөгү өз жерине коюлган. Өмүрлүк жары Айша апанын айтуусунда Карасаев көп иштеп, көп жазганына байланыштуу беш машинканы иштен чыгарган экен.
Азыр Кусейин Карасаевдин эстелиги мемориалдык комплекси Ысык-Көл жээгине орнотулган. Бул кишинин залкар эмгектери түбөлүккө кыргыз элинде сакталып, мурас болуп кала берет. Илимпоз окумуштуу Эмгек Кызыл Туу, «Манас» ордендеринин, эл аралык «Даанышман» сыйлыгынын ээси. Ушундай инсанды тарбиялап өстүргөн ата-энесине, Түп элине таазим кылабыз. Анын артында жазып калтырган, алтындан кымбат эмгектери калды.
Эмгектери:
1. «Жаңылык» чоңдор үчүн окуу курал(1927-жылы латын арибинде чыккан)
2. Орусча-кыргызча сөздүк (И. А. Батманов, К. Карасаев 1938-жыл).
3. Кыргыз тилинде жөндөмөлөрдүн семантикасы. 1944-жыл
4. Кыргыз ырларынын түзүлүш системасы жөнүндө «Советтик Кыргызстан», №1. 1946-жыл.
5. Орфографиялык сөздүк. 1956-жыл.
6. Кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгү (1966-жыл)
7. Түгөйлүү сөздөр 1971-жыл
8. «Камуснаама» 1990-жыл. (Манас эпосундагы көөнө сөздөр түшүндүрмөсү).
9. «Накыл сөздөр» — 2том
10. «Күлкү наама»
11. «Кусейин наама» өмүр баян китеби
Сыйлыктары:
1. «Эмгек Кызыл туу» ордени.
2. «Манас» ордени
3. Эл аралык «Даанышман» сыйлыгы
Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген ишмер, академик.
Бышыктоо: Тест аркылуу бышыкташат.
Үйгө тапшырма: «Алгачкы академик» деген темада эссе жазып келүү.
Гүлшайыр АТАМБЕКОВА,
Р. Сөлпүев атындагы №60 орто мектептин
кыргыз тили жана адабияты мугалими,
Аксы району.