Домой Агартуу айдыңында Кылмыштан алыс жүрүп, патриот бололу

Кылмыштан алыс жүрүп, патриот бололу

36

Жакында Ала-Бука РИИБдин жыйындар залында “Достук. Биримдик. Ынтымак.” Деген аталыштагы ачык эшик болуп өттү. Бул иш чарага Ала-Бука айылына караштуу №1 Т. Балтагулов, №3 Н. Орозалиев №4 А. Акпаралиев жана №9 Т. Жоробаев атындагы орто мектептеринин 100гө жакын 9 – 11-класстарынын окуучулары чакырылып, аларды бири-бири менен достоштуруу, ынтымакка чакыруу максаты алдыга коюлду.


Иш чараны Ала-Бука РИИБдин начальниги, милициянын полковниги А. Козукеев ачып, балдарды кылмыштан алыс болууга үндөдү жана жаш өспүрүмдөрдүн патриоттук сезимдерин күчөтүү жөнүндө сөз сүйлөп, окуучуларга ийгиликтерди каалады. Андан соң жаш өспүрүмдөрдү Мекенге болгон сүйүүсүн жана патриоттук сезимдерин күчөтүү максатында МУУУ кызматкери милициянын ага лейтенанты А. Мамыров жана БИИнин улук участкалык инспектору милициянын ага лейтенанты А. Стамбеков 7,62 калибрлүү АКМ 5,45 калибрлүү АКС-У жана 9мм ПМ куралдары боюнча өспүрүмдөргө кеңири түшүндүрмө берип өттү.
Иш чара учурунда балдарга тамекинин жана спирттик ичимдиктеринин зыяндуулугу тууралуу, ошондой эле таалим тарбия, мекенди сүйүү ыйык милдет жөнүндөгү кыска метраждуу көркөм роликтер көрсөтүлүп, милициянын ишмердүүлүгү жакындан тааныштырылды.