Домой Агартуу айдыңында Кылымдарды карыткан, Китеп сүйлөйт тарыхтан

Кылымдарды карыткан, Китеп сүйлөйт тарыхтан

20



Жакында Ала-Бука районундагы китепканачылардын ушундай аталыштагы семинары Назармат Жайлообаев атындагы №14 жалпы билим берүүчү орто мектебинде болуп өттү. Иш чарага райондогу мектептердин китепканачылары жана Ала-Бука райондук билим берүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси жана райондук биофондунун жетекчиси Б. Акпаралиев, усулчу Д. Молдошбаева катышты. Семинардын максаты: Окуучулардын китеп окууга болгон кызыгуусун арттыруу, китепканачылардын ортосунда тажрыйба алмашуу жана ишмердүүлүгүн өстүрүү болду. Алгач семинардын катышуучулары аталган мектептеги китепканага саякатташып мектептин китепканачысы М. Ахмедованын китепкананы жасалгалоо, жаңы китептер менен камсыз кылуу иштерине жана анын жеке аракетине өзгөчө баа беришти.
Андан соң катышуучулар улуу инсан Ч. Айтматовдун ааламын камтыган, окуучулар тарабынан даярдалган “Арыба, Ак кеме, мен келдим” деген аталыштагы концерттик программага күбө болушту. Бирөө атам бай болсун дейт.
Бирөө атам бар болсун дейт,- деген идеяны камтыган “Ак кеме” повестиндеги Нургазынын монологун 4-“а” класс окуучусу Арстанов Темирлан аткарып, китеп кабындагы даярдалган белектери келген меймандардын көңүлүн өзгөчө бурду.
Кийинки кезекте “Ак кеме” повести боюнча Д. Молдошбаева тарабынан даярдалган тесттерди китепканачылар тапшырып, ийгиликке жетишкен китепканачылар белгиленди.
Семинарда “Жаңы китеп” сайты боюнча да иш жүргүзүлдү жана аны менен иштөө ар бир китепканачынын негизги милдети болуп калганы белгиленип, окуу китептеринин беш жылдык ижара акысынын жыйындысын “Жаны китеп” мекемеси менен салыштыруу боюнча иш алып баруу талкууланды. “Жаңы китеп” сайты негизинен мектеп жана китепканачы үчүн да ыңгайлуу болду. Бүгүнкү күндө ар бир китепканачы өз алдынча инвентаризациялоону өздөштүрүп иштеп жатат. “Жаңы китеп” автоматташтырылган иштөөдө китепканачынын иши бир топ жеңилдеди. Окуу китептерин камсыздоодо түздөн-түз билдирме берүү мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Отчёт берүүдө да жеңилдиктер пайда болду.
Эске салсак, №14 Н. Жайлообаев атындагы жалпы орто билим берүүчү мектебинде “Бир жумада бир китеп” акциясы да уюштурулган. Мугалимдер тарабынан 2023-жылдын 15-мартынан 15-апрелге чейин китептер окулуп, окуучуларга айтылып берилди. Окулган китептердин мазмуну талкууга алынып, эң жакшы жана эң көп окулган китептер башталгыч класстын усулдук бирикмеси тарабынан белгиленди. Мугалимдер арасында Ч. Айтматовдун “Эрте келген турналар” повести боюнча тест өткөрүлдү. Тесттин жыйынтыгында Т. Сатыбалдиева, А. Ташматова жогорку упай алышты. Мугалимдер жамааты бул иш чараны мугалимдер арасында эле эмес, жалпы окуучулар арасында да жайылтууну колго алышып, китеп окууну адатка айландырууга умтулушууда.


Ошентип, келген коноктор китепканачы М. Ахмедованын өз кесибин абдан сүйгөндүгүнө жана өтө берилүү менен эмгектенгендигине күбө болушту жана иш чараны уюштурган мектептин эмгек жамаатына жана директоруна ийгиликтерди каалашып, элибиздин керегине жараган уул-кыздарга терең билим, татыктуу тарбия берип, уядан учура беришине тилектештигин билдиришти.
Дагы бир белгилөөчү жагдай ушул семинарды уюштурган Малика Ахмедова кароосуз калып, эскилиги жеткен мектептин батирин өз демөөрчүлүгү менен капиталдык ремонттон чыгарып, заманбап китепканага айландырган.
Семинарды жыйынтыктоо учурунда анын катышуучулары: Т. Балтагулов мектебинин китепканачысы С. Малакаева, Үч-терек мектебинин китепканачысы Аскарова Жамила, Тураббаев мектебинен келген Алибекова Нургүл мектеп жамаатынын ынтымагы, уюшкандыгы жогору деңгээлде экендигин, китепканачы М. Ахмедова мугалимдер менен тыгыз байланышта, ынтымакта иш алып бара тургандыгын белгилешти.

***
Учурдан пайдаланып, кеп болуп жаткан семинардын катышуучуларына тартууланган концерттик программанын сценарийи менен тааныштыра кетели:
Мурас кылган ата-салтын сактайлы,
Беттешүүнү салам менен баштайлы.
Ийилип таазим менен биз сиздерге,
Улуу Чыңгыз атабызды даңктайлы.

Биз дагы ушул салтты бузбайлы,
Саламдашпай сөз сандыгын ачпайлы.
Эң алгач саламдашып андан кийин,
Кеп учугун таанышуудан баштайлы.
Саламатсыздарбы, урматтуу бүгүнкү семинардын катышуучулары, кадырлуу коноктор! Касиеттүү жерден орун алган мектебибизге куш келипсиздер!
Улуу кыргыз элинде эне тили үчүн күйүп, аны көздүн карегиндей сактоого жан үрөп келген инсандарыбыз жок эмес. Ошолордун кай бирлери биздин кадырлуу конокторубуз болуп отурушат. Алар эне тил жөнүндө эки ооз сөз айтып кетпесе болбос. Анда бүгүнкү семинарды ачып берүү үчүн сөз кезегин мектеп директору Э. Кыдыралиевге, андан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Б. Акпаралиевге беребиз
Кезек концерттик программада:
1.Китеп каначылар гимни (слайд)
2.10-класстын кыздары тарабынан даярдалган бий.
Ата Манас сыяктуу,
Эр болсом деп тилеймин
Душман беттеп келе албас,
Шер болсом деп тилеймин,- демекчи, кезекте жаш манасчы Карабаев Нурисламдын аткаруусунда Манас айтуу.
3.Китеп жөнүндө ырларды көркөм айтуу. 4-класс окуучулары.
4.Кыргыз бийи. 10-класстын окуучулары тарабынан аткарылат.
5.Нургазынын монологу. Арстанов Темирлан аткарат.
6.Ч. Айтматовдун чыгармалары камтылган ыр. Б. Абдыкааровдун аткаруусунда.
7.Бугу Эне жомогунан көрүнүш 4-“а” класстын окуучулары аткарышат.
8.Эне тилде ой жүгүртөм, сүйлөймүн,
Канат созо, ай-ааламга күүлөймүн.
Аалам менен алакалар түзүлүп,
Эне тилди энекемдей сүйөмүн.
Эмесе кезекти 9-класстын окуучуларынын аткаруусундагы “Нооруз” майрамына арналган обондуу ырга беребиз.
Ушуну менен концерттик программабыз аяктады, көңүл барганыңыздар үчүн рахмат.

М. КУЛУШОВА,
Н. Жайлообаев атындагы №14 орто
мектебинин окуу бөлүмүнүн башчысы,
Ала-Бука району.