Акын-жазуучу, котормочу Разия Халходжаеванын “Күз жамгыры” аттуу кезектеги көркөм котормо китеби 2021-жылы Жалал-Абад шаарындагы менчик басмаканадан жарык көрдү. Сузактын Таш-Булак айылында өсүп, чоңойгон Разия чыгармаларын өзбекче жазат. Кыргыз ырларын кыргыз тилинде артисттерден ашыра көркөм окуп, өзбекчеге которот. Ал өзбек тилиндеги ырлары менен аңгемелеринен куралган адабий-көркөм жыйырма китептин автору. Р. Халходжаева бул чыгармаларында ата-энени, аялдардын бакты-таалайын, балдарды, устаттарын, мекенди, билимди, сүйүүнү жана жашоо-турмушту даңктады. Ал 2018-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Чарчоо, чаалыгуу билбеген эмгек
Разия мурдагыдай эле бул ирет да таланттуу, лирик акын Азада Бегимкулованын ыр-поэма, прозасын кыргызчадан өзбекчеге оодарууну улантты. Котормочулук өнөрдү ал Азаданын “Мээримим адамдарга” деген китебин өзбекче сүйлөтүү менен бир нече жыл мурун баштаган. Кийин Азаданын “Ыйык жер”, “Турандын баатыр кызы” деген эскерүүлөрү менен автобиографиясын, ошондой эле Кыргыз эл акыны Тазагүл Закированын “Боз торгойдун ыры”, “Тоолор көркү” китептерин которуп, басмадан чыгарып, окурмандардын колуна тапшырган. 2020 – 2021-жылдары болгон пандемия убагында ал карантинге байланыштуу үйүнөн чыкпай олтуруп, убакытын пайдалуу жумушка жумшады. КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, жазуучу-илимпоз Сулайман Рыспаевдин “Шамбала” аттуу жомок китебин жана 85 жомоктон турган “Кыргыз эл жомокторун” өзбек тилине которуп, өз акчасына жарыкка чыгарды. Ал котормолорун да өзүнүн көркөм-адабий төл чыгармаларындай эле сүрөөнчүсү жок эле, жалаң өзү чыгарып, китептерин Жалал-Абад облустук жана Сузак райондук китепканаларга акысыз тартуулаган.
Чыгармачылыкка шыктандырган ата
Разия Халходжаева чыгармачылыгын мектепте окуп жүргөндө эле баштаган экен. Көркөм адабиятка атасы шыктандырат. Тырмак алды ырын “Арзуу” деп атайт. Ошондо Сузак районуна караштуу Таш-Булак орто мектебинде окуп жаткан. Бешинчи класста окуп жатканда анын атасы кызынын келечекте таанымал акын болоорун болжоп койгонбу, ага жазгыч машинка сатып алып берет. Алты кыздын атасы аны “кызым” дебей, дайыма “уулум” деп эркелетип, “Разия – акын, профессор болот, жазуучу болот” деп көзү ачыктык кылып, шердентчү экен. Разия тестиер чагында машинканы чыкылдата иштетип, ак кагазга өз ой, ырларын түшүргөн сайын утуру маашыр болуп, толкунданып, өзүн кадыресе акын кыздардай сезип жүрдү. Соода-сатык жаатында эмгектенген атасы Хабибулла Халходжаев орто мектепти 1978-жылы аяктаган кызын адегенде коңшу Өзбекстандын Самаркан шаарындагы полиграфия окуу жайына жиберди. (Ушул жылы Ош облустук “Ленин йули” газетасына ыры жарыяланат). Ал окуу жайды бүтүргөн Разия кийин Анжиян шаарындагы мамлекеттик педагогика институтунун тарых жана филология факультетине окууга кабыл алынат. Коңшу өлкөнүн окурмандары жаш таланттын чыгармаларын Анжиян облустук “Коммунист” гезити аркылуу да окушат. Аталган окуу жайды 1987-жылы бүтүрөт да, киндик каны тамган айылындагы окуучулук доорунан кийин уясынан чоң турмушка учурган “Таш-Булак” орто мектебине кайтып келет. Өз мектебинде мугалим болуп эмгектенип, келечек ээлерине билим-тарбия берет. Бул мектепте анын илимий-адабий өмүр жолун баяндаган музей да уюштурулган. Чыгармачылык кечеси Сузак райондук маданият үйүндө өткөрүлдү. 2020-жылга дейре мектепте окуучуларга өзбек тили жана адабияты сабагынан билим берип, Жалал-Абад мамлекеттик облустук администрацияга, ушул эле дубанда жарык көрүп келе жаткан “Жалал-Абад таңы” гезитине, Жалал-Абад мамлекеттик университетине кызматка чакырышса да, ал кызматтардан баш тартып, педагогдук кесиптен кол үзбөй, аны менен бирге көркөм адабиятты айкалыштырып, китеп окурмандарын унута албады. Ардактуу эс алууга чыккан соң, чыгармачылыкка баш-оту менен киришти.
1995-жылы жарыкка чыккан “Сени издеймин” деген туңгуч китебинин чыгымын да атасы көтөрдү. Ал киши бир жылдан кийин базардагы чоң дүкөнүн сатып жиберип, Разиянын үч миң нуска болгон “Көңүл ыргактары” аттуу ыр жана аңгемелерден турган китебин чыгартып берди. “Эч ойлонбой, канча китеп болсо да, чыгара бер. Жалал-Абаддагы басмакананын директору Семен Борисович Клоцман жакын досум болот”,- деп айтып кызынын көркөм адабиятка болгон тубаса шыгын ого бетер арттырган.
Андан кийин басмаканадан чыккан ”Хадистеги акылман сөздөр”, “Жан дүйнөңдү тазала” деген ыр китептерин көрүшкөндөр “атаңа баракелде” деп макташкан.
Ушул тапта Разия Россияда жашап, иштеген кыз-күйөөсүнүн турмуш-тиричилигине каралашып ошол жакта жүрөт. Чыгармачылыктан кол үзбөй республикадагы басма сөз чөйрөсү менен байланышта болуп турат.
Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
Улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү.