Домой Күрөө тамыр Кыргыз мамлекетинин гүлдөп-өсүшүнө кызмат кылбаган дин Кыргызстанга керекпи?

Кыргыз мамлекетинин гүлдөп-өсүшүнө кызмат кылбаган дин Кыргызстанга керекпи?

26

Биздин жаш мамлекетибиз өзүнүн отуз жылдан бир аз ашкан тарыхында эки жолку улуттар аралык жаңжалды башынан кечирди, б.а. бул эмне деген алаамат экендигин биз өз жон терибиз менен сездик жана мүмкүн болушунча андай кесепеттерден алыс болушубуз керек экендигин өз тажрыйбабыздан улам түшүндүк. Бул багыттагы мамлекеттик саясатты мындай койгон күндө дагы, адамдарыбыздын өз ара кошуналык, соода-сатык, алыш-бериш, каада-салт сыяктуу толгон-токой алакаларында улуттук сезим менен ойнобош керектиги тууралуу түшүнүк бекемделди. Ошентип турмушубуз жөнгө салынып, мезгил деген улуу дарыгер бизди ал апаат күндөрдөн күн санап алыстатып бара жатат. Бирок эми коомубузда андан алда канча коркунучтуу жана залалдуу диний араздашуу деген балакет пайда боло баштаганы байкалып, ойлоп-баккан адамга кадимкидей кооптонуу жаралууда.

Муну эмнеден улам байкоого болот? Бул баарынан мурда дин өкүлдөрүнүн биздин жашоо-турмушубуздун бардык тарабына кийлигишип, өз эркин таңуулап жаткандыгынан байкалууда, ал тургай конституция, мамлекеттик мыйзамдар – булар адамдар ойлоп тапкан нерселер, биз шарият мыйзамдары менен жашасак гана, турмушубуз оңолуп, бактылуу турмушка жетебиз деп ачык эле чакыргандар көбөйүүдө. Чын эле ушундайбы? Эгер адам атпайдын баары бир пикирге келип, шарияттын жол-жобосун бекем карманып, жапырт кудайы момун жашоого өтсө, бул айтылгандардан балким туура болор эле. Бирок адам деген тээ аркы табият-жаратылышынан бери бунтарь экендигин, ушундай кылыш керек деген эреже-мыйзамдарга качан болбосун каршы турууга даяр турган зат болорун түшүнүү керек да. Бардык диндерде бир ооздон айтылгандай, бу адам деген көк бет зат Жараткандын өзүнүн бейишиндеги жашоонун тартибин бузуп, Жерге куулган неме да. Анан ал кантип шарияттын жолун карманып эле, “алхамдуну” оозунан түшүрбөй отуруп калсын?

Мына ошондуктан адамдар бирин-бири башкарып туруш үчүн мамлекет деген “машинаны” ойлоп табышкан, атактуу саясатчы У. Черчилдин демократия тууралуу айтканын мамлекетке карата колдоно турган болсок: “мамлекет анчалык деле жакшы нерсе эмес, бирок азырынча адамзат андан түзүгүрөөк нерсени ойлоп таба элек”.

Ал эми мамлекет деген аппарат адамзатты эки гана жол менен башкарат: бири – диктатура, бири – демократия, бири адамдарды кылычтын мизи менен (азыркы учурда – түрмөнүн, атуулардын, жазалоолордун жолу менен) кыңк дегизбей башкарса (Адамдын башынан мунара курган Амир Темирдин саясатын эстеңиз), экинчиси адамдын жан дүйнөсүнө түшүнүк уялатуу, аң-сезимин өстүрүү, өз эркин ачык билдирүүгө мүмкүндүк берүү, башкалардын укугуна каршы келбей турган аракеттерди жасоого уруксат берүү, билим берүү сыяктуу көп сандаган аракеттер менен адамдарды өз ара ымалага келтирип, биримдигин түзүү аркылуу башкарат. Биздин мамлекетте ушулардын экинчиси тандалып алынган.

Ошентип биз демократия жолун тандап алганбыз, бизде ар ким өз оюн айтууга укуктуу, ар ким мыйзам чегинен чыкпастан каалаган ишин жасаганга да укуктуу, бирок мындай иштердин баары түпкүлүгүндө ошол мамлекетте жашап жаткан элдин жалпы кызыкчылыгына каршы келбей турган болушу керек, бизде болсо дин менен диний саясатты чаташтырып алгандар бүтүндөй мамлекеттин тамырын казып, жашоо-турмушун өзгөртүүгө умтулуп, мамлекеттин бүтүндүгү, коопсуздугу сыяктуу кол тийгис нерселерди солкулдатып жатышат. Эмесе, мисалдарга кайрылалы:

1.Адамды акыркы сапарга узатуу. Биздин мамлекетте дээрлик жүз пайыз диний тартипке жол берилген каада ушул жерде, дин тутуу өзү эмнеге керек экендиги да ушул жерде кыйла даана көрүнөт. Эгерде дин өкүлдөрү, калган элге дин боюнча жол көрсөтө тургандар өздөрү эки ача жол көрсөтүп жатпаса, биз бул боюнча ооз ачпай деле коёт элек. Мына карап көрөлү, айылдарда, элет жеринде киши каза болсо, аны мүрзөгө алып жөнөрдөн мурда маркум тууралуу бир-эки ооз жылуу сөз айтып коюуга молдокелер караманча каршы болушат. “Митинг” деген каапырлардыкы, бизге таптакыр болбойт дешет. Макул дейин десек, борбордо жашаган атактуу адамдардын, чоң кызматта жүргөндөрдүн, депутаттардын бирөө жарымы кайтыш болсо, ал жерге президент баш болгон расмий бийлик өкүлдөрү да барат, республиканын башкы казысы да барат, митинг да болот, жаназа да болот. Кандай дейсиздер, биз акыркы сапарга узатууда адамдарды тектүүлөр жана тексиздер деп экиге бөлүп жаткан жокпузбу?

Мен ар бир адамды коёрдо митинг кылалы деп жаткан жокмун, бирок жаназадан мурда, молдоке маркумдун аласа-бересеси боюнча суроо салып, анын баласын же жакын тууганын карыздары болсо төлөп берүүгө макулдатып жаткан учурдун алдында, ошол кишинин дарегине эки-үч ооз жакшы кеп айтып коюуга неге болбосун? Мындайда “митинг” деген сөз ооздон чыкпаш керек, жөн эле маркумдун кандай өмүр сүргөнү, кандай адам болгону, эмне иштерди аткарганы тууралуу бир ооз эскерип, аркы дүйнөдөн жакшылык тилеп коёлу дегендер болуп жатат, ошолордун пикирлерин угуп коёлу деп койсо болот да. Анан калса, биздеги белгилүү дин аалымы Дилмурат ажы Орозовдун айтканына караганда: “маркум тууралуу бул дүйнөдө жакшы сөздөр канчалык көп айтылса, анын аркы дүйнөдөгү акыбети ошончолук жакшы болот”,- экен.

2.Нике кыюу. Кыргызстанда бул маселе боюнча мамлекеттик мыйзам менен диний жөрөлгөнүн ортосунда ачык эле тирешүү бар, мамлекет бул багыттагы баш аламандыктарга бөгөт коюу боюнча мыйзамдарды чыгарып, тартипке салуу менен убара, молдокелер болсо, улам бир жерден жылчык таап, эрди-катындын, кээде ойноштордун мамилелерин “мыйзамдаштыруу” менен убара. Ачыгын айтыш керек, жазылбаган диний мыйзамдардын тымызын ишараты менен көптөгөн эрезеге жете элек, жаш  кыздар турмушка узатылып, канчалаган жаш келин-кезектер экинчи, үчүнчү аял болуп “катталып” жатышат. Бир жаман жери, токол болгон келиндердин балдарынын атасынын мыйзам алдындагы жоопкерчилиги таптакыр жок болгондуктан, бала-чакасы менен эч нерсеге ээ болбой калган аялдар көбөйүүдө. Ошону менен бирге эле эрте турмушка чыккан жана расмий никеге катталбаган жаш келиндердин абалы да түйшүктүү болуп жатканы баарыбызга маалым. Ошондой абалда калган кыз-келиндерди кароо, алардын балдарын камсыздоо сыяктуу маселелер жыйылып, молдолордун эмес, мамлекеттин мойнуна түшүп жатат… Эмне үчүн кайсы бир жарандар түйшүк жараткыч, мамлекет болсо ошонун баарына чыдап мойнуна көтөрүүчү болушу керек?!.

3.Мамлекеттин мыйзамында белгиленген маселелерди туура эмес деп эсептөө, ага каршы чыгуу, мамлекеттин ишине кийлигишүү. Соңку мезгилде балдарды эмдетүүдөн качуу, кыздарды оронгон кийим жана жоолук менен сабакка катыштыруу, айрым майрамдарды белгилөөдөн баш тартууга чакыруу, балдарды сабакка жибербей коюу сыяктуу көрүнүштөр пайда болуп, ал барган сайын күч алып, эми айрым мыйзамдарды туура эмес, биз шарияттын мыйзамдары менен жашашыбыз керек дегендер көбөйүп жаткансыйт. Мамлекет ичиндеги, болгондо дагы бир улуттагы адамдардын диний ишенимине карата жиктелүүсү деген маселе так ушул болуп саналат. Айтайын дегеним, Кыргыз Республикасында ошол мамлекеттин конституциясы, чыгарган мыйзамдары ар бир жаран тарабынан кыйшаюусуз аткарылышы керек, мындан келди, мамлекет белгилеп, биздин элибиз үчүн ушул күндөр майрам болсун деген күндөрдүн баары – биздин өлкөнүн ар бир атуулу үчүн майрам, анын ичинде Орозо айт, Курбан айт, Рождество сыяктуу нукура диний майрамдар дагы бизде майрам катары таанылган. Демек, “Шариятта Жаңы жыл тосуу жок, Нооруз биздин майрам эмес” дегендер ошондой ынанарлык далилдер менен чыгып, кол топтоп, Жогорку Кеңешке сунуш кылып, мамлекеттин мыйзамдарына өзгөртүү киргизсин, анте алышпайбы шүк олтуруп, мыйзамдуу жөрөлгөнүн өткөрүлүүсүнө жолтоо болушпасын!..

Баса, ушундай эле көрүнүштөр, кошуна мамлекеттерде да болуп жатат, бирок аларда тартип биздегиден алда канча катаал: “Казакстанда кыздарын жоолуксуз мектепке жиберүүдөн баш тарткан он үч ата-энеге айыппул салынган. Маалыматка караганда, Кобда районунун Алия кыштагында жашаган эки кыздын ата-энеси 12 миң теңге (37 доллар) өлчөмүндө айыппул төлөөгө милдеттендирилген. Айылдагы мектепте 6-8-класста билим алган эки кыз үчүнчү чейрек башталгандан бери окууга бара элек.

Дин иштери боюнча облустук башкармалык ушу тапта аймакта «милдеттүү мектеп формасынын талаптарын сактабаган» кеминде 103 окуучу кыз сабактарга барбай жатканын билдирди. Бийлик өкүлдөрү алардын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатканын кабарлашты.

Казакстандын Билим берүү министрлиги 2016-жылы мектептерде «ар кайсы диний конфессиялардын белгилерин камтыган формалар болбошу керек» деген буйрук чыгарган. Былтыр декабрда Астананын соту бул буйрукту жокко чыгарууну талап кылган ондогон ата-эненин доо арызын четке каккан”. («Азаттык» радиосунун казак кызматынын маалыматтарынан).

Ал эми Өзбекстанда сакалды күчтөп алдырып жатышат, ал эми оронгон кыз-келиндер таптакыр жок. Тажикстанда динге карата киргизилген тартип мындан да катуу.

Мындан улам көрүнүп тургандай, ар кандай өлкөдө мамлекет өзү чыгарган мыйзамдар баарынан жогору турат, диний жана башка ишенимдер адам тарбиялоонун нравалык, социалдык, рухий багыттарына карата кызмат кылып, мамлекетке жардамчы, жөлөк болушу керек. Бизде деле эгер кайсы бир дин, же ишеним, же агым эгемен Кыргыз Республикасынын мамлекеттүүлүгүнө шек келтире турган болсо – ага токтоосуз бөгөт коюлуп, тиешелүү жоопкерчиликке тартылууга тийиш. Мындан да ачыгыраак айтсак, Кыргыз мамлекетинин гүлдөп-өсүшү үчүн кызмат кылбаган дин менен ишенимдердин Кыргыз Республикасына дагы кереги жок!..

Соц. тармакта болсо “Чоң казат” эбак эле башталган, кызыгы, ал жакта диний  билими эле эмес, пенделик, адамдык адеп-ахлагы жагынан аксаган айрым пенделер ынанымдуу далил келтире албай, оозго алгыс сөздөр менен сөгүнүп да жатышат. Ошону көргөн кайсы адам динге ык коёт, ошентип алар өздөрүнүн богооздугу менен жай адамдарды динден да жат кылып жатышат.

Жакында казак президенти өз өлкөсүндөгү дин өкүлдөрүнө мамлекеттин мыйзамдары менен тамашалашууга болбой тургандыгын катаал эскертти. Аны көргөн кыргыз интеллигенттери: “Бизде да молдокелерге ушундай мамиле жасабасак болбойт, дамбалдарын далбактатып, сакалдарын сапсайтып коюп алган билимсиз түркөй фанатиктер менен эри өлгөнсүп кара кийген кыз келиндер коомубузду каптап баратат, ыйманга жүрөктү ачып, кыргыздын каада-салты менен кийингенге үндөйлү!”. (Маркабай Ааматов – акын, ажы), ”… биз да мусулман динине жамынган маңкурттарга жол бербей, кыргызга акыл үйрөткөнүн койдурар кез келди. Диний маскарапоздордун көздөгөн максаты күндөн күнгө кыргызды жийиркентип да, кооптонтуп да баратат… (Олжобай Шакир, акын),- деп эле агынан жарылышты.

Ушундай көрүнүштөр көбөйүп бара жаткандыктан Кыргыз Республикасынын Президенти С. Жапаров бул маселе боюнча атайын жарлык чыгарып, бул багыттагы иштерди түп тамырынан жөнгө салууга астейдил киришип жатканын байкоого болот, антпесе болбойт, анткени диний фанатизм менен диний радикализм мамлекет үчүн коррупциядан ашса аша турган, андан асти кем калбай турган коркунуч эмеспи.

 

Самидин СТАМБЕКОВ,

баяндамачы.