Домой Агартуу айдыңында Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын кесиптик бирликтеринин ...

Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстандын кесиптик бирликтеринин ишмердүүлүктөрүн биргеликте уюштуруу жөнүндөгү келишимге кол коюлду.

2

Бул тууралуу Билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Жалал-Абад областтык комитетинин жооптуу катчысы А. Айдаров билдирди. Аталган келишим Өзбек республикасынын Наманган областынын  кесиптик  бирликтер бирикмесинин  кеңешинин  делегациясы  менен Кыргыз  Республикасынын  Жалал-Абад областынын билим берүү  жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин делегацияларынын Ноокен районунда өткөн «Достук – кесиптик бирликтердин ишмердүүлүгүн өркүндөтүүгө  өбөлгө” деген темадагы эл аралык  жолугушуусу учурунда түзүлдү.

Өзбекстандык меймандарды Өзбекстандын  кесиптик  бирликтер  федерациясынын Наманган  областтык  кеңешинин  төрагасынын орун  басары Садиков  Кахраман  Махкамович жетектеп келген. Тараптар бул жолугушууга эки өлкөнүн Кесиптик бирликтеринин республикалык комитеттеринин ортосунда мурдараак түзүлгөн меморандум негиз болгондугун жана ал аталган эки республиканын кесиптик бирлик кызматтарынын ортосундагы областтык деңгээлдеги байланыштардын башталышы экендигин белгилешти.

Иш чаранын жүрүшүндө эки мамлекеттин   кесиптик  бирликтеринин ортосундагы  достук менен  ишмердүүлүктү  мындан  ары  бекемдөөгө  жакшы шарттар  түзүлүп  жаткандыгы айтылып, өз ара ынтымакты жакшы жолго коюу  боюнча  сунуштар  берилди.

Иш чаранын экинчи бөлүгү Ноокен  районундагы  Ж. Ниязов  атындагы  республикалык  көмөкчү  жатак   мектебинин  улантылып, меймандар мектепте тарбиялануучулар  үчүн түзүлүп  жаткан  шарттар  менен таанышышты,  бүтүрүүчүлөрдүн  майрамдык аземине катышып, балдардын  кубанычтарын тең бөлүштү. Кесиптик бирликтин Жалал-Абад  обкому аталган мектептин окуучуларына 20  миң  сомдук  жана  Ноокен  райкому  5 миң  сомдук  белектерди тапшырышты. Ал эми мектептин  директору  Э. Абдурахманов  мамлекет жана  демөөрчүлөр, жакшы  тилектүү   инсандар тарабынан жана  эл  аралык  коомдук  уюмдар  тарабынан  берилип  жаткан  жардамдар  тууралуу  кеңири  баяндап  берди жана өзбекстандык  делегация мүчөлөрүнө  жана  меймандарга   балдардан  кабар  алып,  аларды  кубандыргандыгы  жана белектери  үчүн  өз жамаатынын   атынан  ыраазычылык  билдирип, кесиптик  бирлик  уюмдарынын  иштеринде   ийгиликтерди,  жетишкендиктерди  каалады.