Домой Агартуу айдыңында Кыргыз тили – кымбат тил

Кыргыз тили – кымбат тил

83

Сабактын максаты:
Окуучулар кыргыз тили мамлекеттик тил экенин билүү менен кыргыз тилинде эркин, таза сүйлөөгө калыптанышат, эне тилин сүйүү менен көп тил үйрөнүүгө, кыргыз элине кызмат кылууга, мекенчил, адептүү болууга үйрөнүп тарбияланышат.
Сабактын жабдылышы: Сөздөр жазылган карточкалар, тамга жана сан жазылган стикерлер.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу учуру.
1.Эне тилин билбеген,
Эси жогун аныктайт.
Эне тилин сүйбөгөн,
Элин сүйүп жарытпайт.
2.Билесиңерби, бул таамай айтылган ыр саптары Байдылда Сарногоевге таандык.
3.Ооба, туура, ал эми Дагестан акыны Расул Гамзатов: “Эгер эртең эне
тилим жок болсо, мен өлүмгө ушул бүгүн даярмын”,- деген.
4.Карагылачы, өз эне тилин кандай гана ыйык туткан улуу инсандар!
5.Кыргыз тили кылымдарды баскан тил,
Кыргыз тили зор тарыхты каткан тил.
Башка тилге алмаштырбайм тилимди,
Кыргыз үчүн кыргыз тили – кымбат тил
6.Эмесе, “Кыргыз тили – кымбат тил” аттуу тарбиялык конкурсубузду ачык деп жарыялоого уруксат этиңиздер!
7.Анда балдар кебибизди эне тилибиз – кыргыз тилине буралы. Тил болбосо оюбузду бири-бирибизге кантип айтмак элек, ошондуктан “Тил – бул адам баласынын өз ара пикир алышуусунун маанилүү куралы” (В. И. Ленин). (Цитатанын сызыкчадан кийинки бөлүгү хор менен айтылат).
Келгиле анда, (хор) бири-бирибизге кыргыз тилинде жагымдуу сөздөрдү арнайлы! (Карточкага жазылган жагымдуу сөздөрдү өздөрү каалаган окуучуга, же мугалимге арнап беришет).
8.Бул тил менен Манас баатыр сүйлөгөн,
Бул тил менен ураандарын күүлөгөн.
Даңазалуу ийгиликтер курулган,
Тил аркылуу дүйнө элине угулган.
9.Теңдеши жок зор чыгарма “Манасты”,
Кыргыз элим кыргыз тилде жараткан.
Кыргыз тили ушунчалык бай экен,
Дүйнө жүзүн таң калтырып караткан.
10.Алп бабалар – Сагымбай менен Саякбай,
Манас айтса оозунан төгүлчү экен,
Күнү-түнү айтса да түгөнбөгөн,
Кыргызымдын тил байлыгы төгүн бекен?
11.Бул тил менен Чыңгыз абам Таластан,
Ат көтөргүс чыгармалар жараткан.
Жер шарынын бир бурчунда кичине,
Кыргыз эли бар экенин тааныткан.
12.1989-жылы 23-сентябрда Кыргыз тили – мамлекеттик тил болуп кабыл алынганын билебиз.
13.Мына ушул күндөн тартып кыргыз тилди өнүктүрүү, бардык расмий иш кагаздарды кыргыз тилине которуу, эне тилибиздин тазалыгын, улуулугун, кымбаттыгын даңктап зор иштер жүрүп келе жатат.
14.Кыргыз тили – мамлекеттик тил болуп кабыл алынганына 33 жылдын
жүзү толду. Бул күн биз үчүн тил майрам болуп калды.
15.Кыргыз тили ушунчалык терең, ушунчалык бай, ушунчалык жагымдуу десем жаңылышпайм.
16. Бирок кээде кыргыздардын ичинен,
Кыргыз тилин чангандар бар.
Өзү кыргыз болуп туруп,
Кыргыз тилин тангандар бар.
17.Кыргыз болуп кыргыз тилин билбей
Ата-эне ага маани бербей.
Улутун сураса тили келбей,
“Киргизмин” деп айткандар бар.
18.Жок, мен буга каршымын,
Тилибизди сактай билели.
Тилибиз менен улут экенибизди,
Жүрөгүбүз менен сезели!
19.Кыргыз тилинде так сүйлөп,
Орус, англис тилин да билели.
Канчалык көп тил билген болсок,
Ошончолук ички дүйнөбүз бай болорун сезели!
20. Эгер таза болсо тилибиз,
Хор: Дилибиз да таптаза.
Эгер таза болсок өзүбүз,
Хор: Коомубуз да таптаза!
Программа:
1.Көркөм окуу болот
2.Сөз чечмелөө:
1-окуучу:
Кептери бар кыргыздын
Мен дегенди сулаткан.
Сөздөрдү эми чечип бер,
Бири – султан, бири – ултан.
2-окуучу:
Эл башкарган адамды,
Кыргыз калкым “султан” дейт.
Бут кийимдин таманын,
Кыргыз элим “ултан” дейт.
1-окуучу:
Чечип берчи сен мага,
“Жуук” менен “ракышты”
2-окуучу:
Ракышы – бул алысы
Жуугу – бул жакыны.
Айтышкан элим ошентип ,
Алыс менен жакынды.
3.Макал айтышуу болот.
4.Сабаттуу жазуу. (Эки топ жат жазуу жазышат)
5.“Кайсы топ көп сөз билет?” оюну уюштурулат. “Ж”, “ Б”
6.Мааниси бирдей жана карама-каршы сөздөрдү бөлгүлө.
1-топ – синоним сөздөрдү чогултат.
2-топ – Антоним сөздөрдү чогултат.
7. “Канча тамгадан турат, кайсы тамгадан башталат деп ойлонбойсуң, аны карточкадан көрөсүң, бир сөз тапсаң жеңесиң” оюну.
Мисалы: Б-4 (Бала), К-3 (Кол), Ж-8 (Жалбырак)
8.Кыргыз бийи аткарылат.
Сабак жыйынтыкталат. Калыстарга сөз берилет. Орундар белгиленет. Кайсы топ жеңсе, жеңген топко: “Силер азаматсыңар!”, “Абдан аракет жасадыңар, силер жеңишке татыктуусуңар!”, “Баарыбыз куттуктайбыз!”,- деген карточкалар таркатылат.

Айгүл ТАЖИМЫРЗАЕВА,
№16 Т. Тыныбеков орто мектебинин
башталгыч класс мугалими,
Аксы району.