Домой Без рубрики Кырк кыздын сепили (Жомок)

Кырк кыздын сепили (Жомок)

32

Кырк кыздын сепили – асманда учкан аттардын элеси зоодогу кыркалай тизилген кызыл орчук, миздүү таштардан жасалгаланып, аска бетине бекитилген. Шамал асканын бетин дайым жалап-жуктап, шыпырып, суу астында шаркыраган агымына жуулган сыйдам, жалтырак таштарга окшотуп жалтыратып турат.
Мезгилдердин аралыгында бул асманда учкан аттардын элеси түрдүү түскө кулпурат. Кара суук ташты сындырган убакта капкара, кара кочкул болуп, көңүлү кирдегендей, күйүккөндөй жалтыраса, күн батарда кыпкызыл, ток кызыл, чымкый кызыл болуп күндүн табына кызарып бышып, отко какталган темирдей – чоктун түсүн туюнтат. Ал эми кышында акак таштай күзгү сымал чагылат, таңда караган адамга аруулук демин тартуулап, өзүнчө эле сыйкырга ээ. Сары түскө боёлгонун чанда гана адамдар көрүшкөн экен. Сары алтындай көз уялтат, көз жоосун алат дешет. Сары наркүмүштөй токсары болуп уюп турат дешет. Жамгыр, мөндүр, кар чаба жааганда асканын бетиндеги аттардын булчуңдары даана байкалып, укмуштай түр көрсөтө, ошол аттарга жан киргендей кошкуруп, жер чапчып, жулкунуп, теминип туйлай түшөт.
Асман түскө кубулганда көзгө анчалык алына бербейт. Асманга окшош болуп, асманга сиңип жоюлуп кеткендей болот. Ансыз да самсаалаган булуттар, аппак туман чарчагандай бул сепилге көп түнөп калат. Түнөгөн жери жайлуу келсе түнөй бермейди адат кылып алгандай.
Асман алдында болгон үчүн керилбейт, бой созбойт. Бой көтөрө бербей бир сырдуу турат. Кырк кыздын сепили кырк кыздын себин камтып, аларга аталып сый менен тартууланган кырк жылкы асканын урчугунда, эң бийик мизинде шөкөттөлүп калган таризде.
Кырк кыздын атасы каардуу хан кыргын салып дүйнөнүн жарымына өзүнүн хандык өкүмүн жүргүзүп турган чагында, анын бийлигине көз арткан күйөө балдар көбөйө баштайт. Улам териштире келгенде сыноодон сынып, жеңилип артка кайта беришет. Күйөө балдар сыноодон өтө алышпайт. Кайра-кайра кайта беришет.
Акыр аягында арданып калган элдер хандын кыздарын сынамакчы болушат.
Бир кыз бир элдин жүзү, бир элдин элчиси.
Бир кыз бир айылдын намысын коргой алат.
Кыз бала жолго чыкканда атасынын абийирин кошо ала чыгат.
Кыздуу үйдө кыл жатпайт.
Кызга кырк үйдөн тыюу.
Кыз кылыгы менен сулуу.
Эптүү кыз – эненин тарбиясы,
Абийирдүү кыз – атасынын тарбиясы.
Чакан кыз чачын көрсөтпөйт.
Ыймандуу кыз –ырыстуу кыз
Уялчаак кыз –урматтуу
Чебер кыз – чечкиндүү
Чечен кыз – эпкиндүү.
Кыздын кырк чачы улуу.
Кыз энчи сурайт,
Кыз тукум улайт.
Мына ушул сыяктуу бир канча макал-лакаптардын негизинде кыздарды сынай башташат. Бир тобу чеберчилигин сынаса, бир тобу билгичтигин сынайт. Бир тобу акыл-парасатын сынаса, бир тобу жүрүм-турум, адебин сынайт.
Тазалыгын сынап чакандыгына ичи чыкпаганы канча?.. Кыялын сынап, мүнөзүн эп көрбөй мурдун чүйрүшөт кээ бири. Чыйрактыгын жактырып, чырайын жактырбай тескери бурулушат. Кыздын сулуулугуна суктанса, супсак мамилесин айыпташат. Тамагын даамдуу деп макташып, тили менен жаакташканын жактырбай бир даары шыпшынып жүрөт…
Күбүр-шыбыр ушак көбөйүп хандын кулагы эч тынч албай калат. Ар-намысы күчөнүп, алдастап ачууга алдырат, акылын жоготот. Мына ошондо каардуу хан тарыхта кыздары тууралуу начар сөз калбасын деп кырк кызын тең тоого себи менен көмдүрүп салат.
Ошентип “Кырк кыздын сепилинде” кырк кыздын себи, кырк жылкысы эле эмес, кыздардын арманы, кыял-жоругу, үмүт- арзуусу, сүйүү-махабаты, талант-ышкысы, жөндөмү, табияты, көңүлү, жүрөгү, дил ыйы, кошогу, дастан-баяны, тиккен саймасы, тарткан сүрөтү кошо көмүлгөн…
Мына ошондуктан “Кырк кыздын сепили” кырк түскө боёлуп кубулуп-кулпуруп, кайгырып кылымдар бою аза күтүп турат…

Ашира Кулишева,
Ала-Бука району