Сабактын максаты:
•Билим берүүчүлүк: Чыгарманы окуп, мазмунун түшүнө алат, түшүнүгүн айтып берет.
•Өнүктүрүүчүлүк: Өз оюн эркин айтууга, далилдүү ырааттуу сүйлөгөнгө көнүгөт.
•Тарбия берүүчүлүк: Ынтымактуулукка, бирин-бири түшүнө билүүгө көнүгөт.
Көрсөткүчтөр: Жогорудагы коюлган максаттар ишке ашат, эгерде окуучулар:
-Чыгарманын мазмунун түшүнсө;
-Чыгарманы өз сөзү менен айтып бере алса;
-Кыш мезгилинин өзгөчөлүгүн байкап, бул мезгилдеги адамдардын жан-жаныбарлардын жашоо-шарты тууралуу ой бөлүшө алса;
— Чыгармадан өз алдынча мисал келтирүү менен айткан сөзүн далилдей алса;
-Бирин-бири топто түшүнүп колдоп иштей билсе.
Сабактын тиби: Жаңы материалдарды өздөштүрүү.
Сабактын формасы: Жеке, жупта, топто иштөө.
Сабакта колдонулган ыкма: Бирин-бири окутуу.
Сабактын жабдылышы: Китеп, сүрөттөр, таркатылып берилүүчү тексттер, кайчы, скотч, клей, ватман, радио, телефон ж,б.
Сабактын жүрүшү:
•Уюштуруу (Класста жагымдуу жагдай түзүү).
•Окуучулар бири-бирине жакшы калоолорду айтуу менен жагымдуу маанай түзөбүз.
Иш кагаздары:
1-кадам: Окуучуларга өтүлгөн сабак бышыкталат, бышыктоо «суроолор дарагында» камтылган тапшырмалар аркылуу жүргүзүлөт.
2-кадам: Окуучуларга жаңы сабактын темасын атап, максаты, баалоо критерийлери түшүндүрүлөт. Окуучулар 1ден 3кө чейин саноо аркылуу
3 топко бөлүнөт жана олтурушат.
3-кадам: Мугалим окуучуларга: «Кыш эмне үчүн жашын төктү?» деген сабактын темасын укканда оюңарга эмне келди?”,- деп кайрылат. Окуучулар доскага илинген ватманга өз ойлорун жазышат (Бул материалга сабактын аягында токтолобуз)
4-кадам: Текстти окуп чыгышып жуптар менен алардын өзгөчөлүгүн салыштырып талкуулашат.
5-кадам: Окуучулар берилген тексттерди топто талкуулап, башка топторго айтып берүүгө даярданышат.
6-кадам: Үч топ бүгүнкү текстти талкуулап процесс уланат.
Бышыктоо үчүн суроолор:
1.Кыш эмнеге канаттууларга каарданды?
2.Канаттуулар эмне үчүн кышында жылуу жактарга кетишет?
3.Кышында адамдар, жан-жаныбарлар кандай шарттарда жашашат?
4.Адамдарды кыш аязы менен коркута алдыбы?
5.Балдар ызгаар аязды кантип жеңишти?
6.Кыш ызаасына чыдабай көз жашын төктү десек туура болобу ?
Окуучулар алган билимдерин жалпылоо максатында Венндин диаграммасын толтурушат. Анда төмөнкү сөздөр колдонулат.
Кыш
Аба суук болот.
Кар жаайт.
Айлана аппак түскө боёлот.
Адамдар жылуу кийинишет.
Канаттуулар жылуу жактарга кетишет.
Экөө тең жыл мезгили
Экөө тең пайдалуу ж. б.
Жаз
Күн жылуу болот.
Жамгыр жаайт.
Айлана жапжашыл болот
Адамдар жеңил кийинишет ж. б.
Насиба АЛИМБАЕВА,
Т. Үмөталиев атындагы №35 жалпы билим берүү мектебинин башталгыч классынын мугалими, Аксы району.