Домой Жай турмуш Кыштын камын жазда көр

Кыштын камын жазда көр

23

Көктөм келээри менен Жалал-Абад облусунун талааларында кыймыл башталды. Быйылкы дыйканчылык үчүн 1-апрелге чейин 2998 трактордун 95 пайызы даярдалган. Россия Федерациясынан жаздык буудайдын 131 тонна үрөнү жана 270 тонна арпанын уругу келген. Облустагы үрөн чарбалар жер иштетүүчүлөргө үстүбүздөгү жылы бою жерди азыктандыруулары үчүн уруктарды алдын-ала камдап алышкан. Ал ашыгы менен жетиштүү. Ошентип, буудайдын 95 пайыз, арпанын 97 процент үрөнү камдалды. Мындай маалымат Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунан алынды. Ал кабарларга караганда облустун талааларында быйылкы жылдын түшүмү үчүн 159417 гектарга айыл чарба өсүмдүктөрүн эгип-өстүрүү чечими кабыл алынган. Ал аянттардын 21273 гектарына буудай, 12264 гектарына арпа, 30076 гектарына жүгөрү себүү жагы каралса, алардан башка дан өсүмдүктөрүн өстүрүүгө 4120 гектар ажыратылган. Облустун дыйкандары менен фермердик-дыйкан чарбалары 1-апрелге дейре 12981 гектарга күздүк буудай, 137 гектарга арпа эгип алышкандары тууралуу район-шаарлардан билдирүүлөр келген.
Ушул күндөрү дубаныбыздын талааларында айыл чарба өсүмдүктөрүн айдап-себүү иштери кызуу улантылып, жаздык буудай себилүүдө. Башкача айтканда аба ырайынын ыңгайлуу мезгилдеринде, же ушул ай башталганга карата талааларда 3124 гектарга жазгы буудай айдалып, 9277 гектарга жазгы арпа, 1114 гектарга картошка, 308 гектарга май өсүмдүктөрү (пландалганы 2730 гектар), 4874 гектарга жүгөрү жана 844 гектарга бакча өсүмдүктөрү эгилди. Үстүбүздөгү жылы пахта былтыркыга караганда 310 гектарга ашыкча өстүрүлөт. Облус боюнча бардыгы болуп, 11759 гектарга чигит себилет. Пахта аянттары үчүн дыйкан-фермерлер жана жеке ишкерлер 11449 тонна үрөн камдап алышкан. Андан тышкары 5922 гектарга май өсүмдүктөрүн, 7647 гектарга картошка, 11474 гектарга жашылча, 3947 бакча өсүмдүктөрү, 50535 гектарга тоют өсүмдүктөрүн өстүрүп, алардан арбын түшүм алуу жагы белгиленген.

Үрөн, жер семирткич, күйүүчү май даяр
Дыйкан жана фермердик чарбалар мамлекет тарабынан күйүүчү май жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөндөрү менен да камсыз болушту. Атап айтсак, мамлекеттик материалдык резервдер фонду облуска 400410 литр күйүүчү майдын облусубуздун район шаарларына бир литрин 65 сомдон бөлүштүрүп берди.
Жалал-Абад облусуна караштуу 745 чакырымдык чарбалар аралык каналдар бар. Алардын арасынан быйылкы жылга 155, 1 километрин тазалоо иши пландаштырылган. Иш жүзүндө 93, 3 процент чарбалар аралык канал тазаланып бүттү. Ал эми ички чарбалык 3429, 7 километр каналдын 1767 чакырымын быйылкы жылы тазалоо иши пландаштырылса, 1-апрелге карата анын 1285 километри жаңыртылды.
Өзбекстандан 7242 тонна минералдык жер семирткич келди. Буга чейин мамлекеттик материалдык резервдик фонд 819 тонна жер семирткичти дыйкан-фермердик чарбалар менен жер үлүштөрүн иштеткен жеке дыйкандарга тараткан болчу. Бизде КАПУ ишканасы, жер семирткичтерди камсыздоочу кыргыз ассоциациясы – коңшу республикадан минералдык жер семирткич алып чыгышат. КАПУ тарабынан 1000 тонна аммиак селитрасы арзандатылган баада, килограммы 30 сомдон, 1134 тонна карбамид килограммы 36 сомдон дыйкандарга сатылды. КАПУнун ар бир райондо кампалары бар. Жер семирткич ал кампаларда жетиштүү.
Айыл чарба тармагына көрүлгөн ушундай камылгалар жана жаздын алгачкы иш-аракеттери тууралуу мындай кабарлар Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын агрардык өнүктүрүү секторунан өткөн жумада алынды.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ.