Сүрөттө: Касым Сулайманов жалалабаттык кесиптештери менен
Адам таануу илимин аркалаган жазуучу
“…Мен “Жырткычтар алсызды аңдыйт” деген китепти окуп алып ыйладым, анан ме, эми, сен ыйла…”,- деп аялыма бердим. Аялым окуп чыккандан кийин досума бердик, ал да окуп ыйлаптыр…”. Мына ушундай кепти мен республикага белгилүү аксакал кишинин өз оозунан уктум. Анан калса, аталган китептин “жыртылганча” окулганын өз көзүм менен да көргөн жайым бар. Мына ошондой чыгармалардын автору Касым Сулаймановдун ысымы кыргыздын окурман журтуна тегиз тааныш болбогону менен мурдатан анын чыгармаларын биле жүргөн адамдарга, жакынкы чөйрөдөгү адабият сүйүүчүлөргө жакшы таанымал.
Касым Сулаймановдун каармандары силер менен биз сыяктуу эле жөнөкөй адамдар, автор өмүр бою эл ичинде жашап, элет турмушунун бардык ысык-суугун өз жон териси менен сезип, болуп өткөн окуяларды, күнүмдүк тириликтеги көргөн билгендерин сыдыргыга салып олтуруп, ошолордун ичинен окуган адамга таасир бере ала турганын, окурмандын акыл-парасатын удургутуп ойго түртө турганын иргеп алганы көрүнүп турат. Иргеп алган – бир иш, аны окуучуга көркөмдөп жеткириш деген жагы да бар эмеспи. Колуңуздардагы китепти редакциялап олтуруп бул жагынан Касым аке камчы салдырбай калганын баамдадым.
Касым акенин чыгармаларындагы каармандар, мейли, Жараткандын жазасына кабылган катынпоз болобу, мейли, норка тонго азгырылган жеңил ойлуу айым болобу, мейли, башына келген бак-дөөлөтүн көтөрө албай, жакшынакай жашоо турмушун будуң-чаң кылган эрке талтаң, эси жок аял болобу, же эси оогончо ичкен бир эргул болобу, бир өзөк ой кызыл сызык болуп сызылып өтөт – бул жарык ааламда, эртеби-кечпи, ар ким өз кылган иши үчүн жооп берет! Мындан келди, автор адабияттын адам тарбиялоочу вазийпасына атайылап күчтүү басым жасайт.
Албетте, бул китептеги аңгемелерге учкай баа берип жатып, мен: “Адабий чыгарма деген дал ушундай болушу керек, мындан өткөн чыгарма болбойт”,- деп ырастай албаймын. Ал жагы заман талабына, окурмандын билим деңгээлине, табитине жараша чечилери турган иш, бирок бул китептеги айрым чыгармалар биздин окурмандарды кайдыгер калтырбайт.
Кыз алган жар
Муктар айылдашы Маралды жолдо трактор айдап келе жатып жолуктурду. Ал өзү кол көтөргөнүнөн тракторун токтотуп кабинага отургузуп алды. Эч нерседен тартынбаган Марал: «Кайда баратасың?”,- деп өктөм сурады.
— Ишке баратам, а сенчи?
— Мен сени менен сүйлөшөйүн деп…
— Ошондойбу? Анда тракторду токтотуп өчүрөйүн,- деп трактордун моторун өчүрдү.
— Менин айтканыма эле ишенип калдыңбы?,- деп Марал каткырып күлдү, Муктар да кошо күлдү. Экөө бири-бирин тиктеп жылмайып турушту.
— Мен сага ишенем,- деди Муктар.
— Чын элеби?
— Чын эле.
— Анда,- деди Марал Муктарга жакын кыналып отуруп анын мойнунан кучактап эки бетинен тең чоп-чоп эткизе өөп алды да, эми дагы көбүрөөк ишендиңби?,- деди.
— Ооба, ишендим, дагы өпчү?..
Марал эки жакты элеңдей карады да, эч ким көрүнбөгөн соң, «Ох, трактор жытыңдан»- деп дагы бир өптү да: «Эми ишиңе бара бер»,- деп шарт түшүп калды.
Мунун чечкиндүүлүгүнө Муктар ары таң калып, ары ыраазы болуп, ичинен жылмайып ишине жөнөп кетти. Кечке Маралдын жыты, назик өбүшү эсинен кетпей койду. Дагы жолугушууну эңседи. Ошол, ошол болду, ошондон кийин экөөнүн ортосунда сүйүү башталды. Андан кийин көп жолу бири-бирин күтүп, жолугуп жүрүштү.
Экөөнүн бири, бирин жактырары Муктардын апасы Санам энеге да жетти. Ошондо Марал 11-классты жаңы бүткөн эле. Өзүнөн эки класс мурда орто мектепти бүткөн Муктарды ичинен жактырып жүргөн. Жолдо жолугушууда эч кимге айтпаган ички сүйүүсү ичтен жарып чыкты. Кыз башы менен тобокелдикке барып, чечкиндүүлүк менен Муктардын көңүлүн толук өзүнө буруп алды. Муктар жасабаганды Марал жасады.
-Балам жоош, өзүнө тың, чыйрак келин алышым керек,- деп жүргөн Санам эне сынаакы кыз Маралга куда түшүп, той өткөрүп, Муктар экөөнү баш коштуруп койду. Алар өтө ысык жашашты. Марал эл айткандай эле тилинен да, колунан да келген чыйрак келин болду. Үй ишин бүт колуна алды. Ага ишенип Санам эне кичүү уулу Шайлообек менен калып, Муктарды үй-бүлөсү менен кичине гана жаңы үйгө бөлүп чыгарды.
Муктар трактору менен кечке талаада иштейт. Айлыкты да жакшы алат. Он жылга жетпей үч балалуу болуп калышты. Муктар тийген айлыгын коротпой Маралга берет. Марал тез эле толуп «ак марал» болуп чыга келди, өзүн-өзү билип, өтүгүн төргө илип калды. Муктардын айлыгын тыйынына чейин алат. Жакшы иштегендиги үчүн Муктар үч-төрт жылда жаңы трактор алмаштырып минет. Жашоолору жөндөлүп, эл катары эмес, элдин алдыңкыларынан дегидей даражага жетишти.
Муктар Айдар агай менен коңшу жашап калышты. Ал эң жөнөкөй, сөзмөр киши. Бош болуп калган учурда бирге отурушуп баарлашып жүрүштү. Бири- биринин үйүнө ынтымак катташат. Айдардын аялы Райла да мугалим, ошентсе да кээде Марал мурдун чүйрүп, аны теңсинбей калат, анткени Муктардын байлыгы тез өсүп, малы көбөйүп, жаңы чоң үй салышты. Айдар болсо үй-бүлөсү менен жалаң айлык күтүп жашап, чарба күтүүгө дарамети жетпей жатты. Аңгыча эки коңшунун балдары да чоңоюшуп, үй жумуштарына жарап калышты.
Марал балдарын көбүнчө мал чарбага жумшады, мектеп, сабак окуу экинчи планда калып калды. Муктар болсо тракторун тырылдатып талаа жумуштан колу бошобойт. Улам бир тракторду жаңы тракторго алмаштырып, ремонтсуз, кыйналбай тынымсыз иштегенине кубанат. Канчалык тынбай иштесе, ошончолук көп иш аткарат, көп айлык алат. Ошентип Муктардын турмушу жакшы өтүп жатты.
Базар күнү эле, Муктар Маралга кеңеш салды: — Бүгүн бир кой союп апасын, бир туугандарын, коңшусу Айдарды бала-чакасы менен чакырып,
аларды мейман кылып коёлу,- деди. Марал ага макул болбой кыжыңдап жатып араң көндү. Ошол күнү жакшылап мейман күзөтүү Муктардын үй-бүлөсүнө түштү, өзүнүн апасы, коңшусу Айдар да аябай ыраазы болуп калышты. Марал гана Муктарга “Өзүңдү-өзүң билип, балдарым менен кыйналып тапкан оокатты чачтың…»,- деп аны кыйлага чейин айтып, айыптап жүрдү. Бул баягы жаш кездеги таттуу сүйүү унутулуп, сүйүү байлыкка алмашылып бара жатканынын бир белгиси эле.. Күндөр, айлар, жылдар билинбей өтө берди.
Эми Марал балдарына тескери түшүнүк бере баштады. «Атаңар эмнени билет, ал тапканды чачканга уста, анын башы иштебейт»,- дегенге өттү. Үй-бүлөдө бири-бирине баш ийбеген бийлик башталып, эрди-катындын ортосунда кыйла ажырым пайда болду. Чоңоюп калган балдарды да энеси тарапты жактап жүрүштү. Муктар турмушка кыз узатып, уул үйлөй турган мезгили да келип калды. Ошондо Муктардын айткандарын четке кагып: «Койчу ошону, ал тракторун билсин, баарын өзүм билем»,- деп Марал өзү башкарып өзү билип жүрдү. Уул-кыздары атанын тарбиясына макул болбой энесинин айтканына ооп кетишти. Муктар балдарына, сылык болгула, улууну урматтап жүргүлө дегенине болбой, бир баласы ичкилик ичип, ар ким менен сөгүшүп, мушташып да жүрдү. Андай учурда атасынан мурда апасы жүгүрүп участкалык милициядан калкалап, ага акча, кой бере коюп камактан алып калып жүрдү. Муктар балдары укпаган соң алардан кыйла четтеп өзү менен өзү болуп калды.
Анан Союз тарап, бардык ортодогу байлыкты жеке менчикке бөлүп алуу мезгили келди. Ошондо Муктарга өзү айдап жүргөн дөңгөлөктүү трактору прицеби менен тийди. Андан кийин Муктарды эч ким иштетип, айлык бербей калды. Уулу болсо тракторго кызыккан жок. Муктар өзү гана андан- мындан элдин сата турган малдарын базарга жеткирет. Үйгө мурдагыдай чөнтөк толо акча кирбей калды. Инфляция деген балээ чыгып, акча саман болду. «Какаганга муштаган» болуп Муктардын апасы Санам байбиче дал ошол учурда түбөлүк көз жумду. Үй-бүлөдөгү чоң чатак ошондон башталды. Кыргыздын салтында энени урматтап-сый менен узатуу уул балдардын милдети эмеспи. «Ага кеткен чыгымга сенин эч кандай тиешең жок»,- деди Марал Муктарга түшүндүргөн болуп, анткени анын бүт байлыгын, пенсиясын Шайлообек жеген. «Жок, — деди Муктар,- апам мени да төрөп, ак сүтүн берип баккан. Экөөбүздөн тоюбузду да апам өткөзгөн. Менде да ар-намыс бар. Ушунча малым, үй-жайым туруп, өзүмдөн апамдын акыркы чыгымынан четте калбайм. Кеткен чыгымдын жарымын мен төлөйм”. Бул саам Муктар ушинтип кесе айтып туруп алды. Марал бала-чакасы менен каршы туруп, акыры: «Сен кайсы баккан малыңды айтып жатасың, сенин трактордон башка эч нерсең жок бул үйдө. Тракторуңду алып бул үйдөн чыгып кет»,- дегенге чейин барды Марал Муктарга атырылып.
— Андай болсо ажырашабыз,- деди Муктар. Ал титиреңдеп өзүн кармай албай калды.
-Жогол, кет, азыр үйдөн чыгып кет,- деп сөөмөйү менен көчө жакты көрсөттү Марал ушунчалык катуу ачууланып. Муктар да бош келбеди:
— Эркек өз үйүнөн кетпейт, аял киши кетет, сен кет!
— Мен өзүмчө бул үйдө шаар болуп калганмын. Уулум, кыздарым бар. Сен кимсиң, бул жерде бир жугунду ичкен күчүксүң… Дагы бир топ нерселерди айтып, суук тилин агытты Марал. Анын көзү жеп жиберчүдөй болуп акшыйып, чачтары апсайып калчылдап, Муктарды кекиртектеп алып, өлбөгөн жерде калышууга даяр турду. Муктардын айласы кетип, бул «мастан» бирге жашоого мүмкүн болбой турганын түшүндү. «Тув!» деп жерге кыжына түкүрдү да Муктар колду шилтеп басып кетти.
Көзүнөн жаш ыргый жаздап, каңырыгы түтөдү. Баарынан да балдарынын апасы тарап болуп туруп алганына, ичинен түтөп турду. Эмне кыларын билбей, муундары калчылдап, күтпөгөн жерден өз үйүнөн уулу жылан чыкканына чыдай албай эркек болсо да көзүнөн жашы шорголоп куюлду. Апасы өлүп жатса, көңүлүн көтөрүүнүн ордуна аялынын ит болуп кабышы намысына тийип, аргасы түгөнүп, малкана жактагы жыгачтын үстүнө отуруп алып, жашы элүүдөн өтүп калганда кор болгон Муктар апасы эки жолу өлгөндөй узак ыйлады. Аял эстүү болбосо, бул дүйнөдө кор болуп калуу оңой эле экенин, өзүнүн бул үйдө эсептен биротоло чыкканы ушул экенин туйду Муктар. “Бул мастан менен бирге жашап болбойт!..”. Муктар барып иниси Шайлообектин үйүндө жатты. Ага да бардык болгон окуяны айтып берди. Шайлообек агасынын тагдырын ансыз деле билчү. — Малыңдан бирди сат, акчасын алып кет,- деди. Муктар жаңжалдын баары ошол малдан чыгып жатканын айтты.
— Анда Бишкекке Асанга бар, ал сага эч болбосо бир иш таап берүүгө жардамы тийет.
— Мен да ошону ойлоп жатам. Эки бир тууган бири, бирин тура түшүнүшүп кеч укташты. Эртеси Муктар Асандын апасынан анын толук дарегин, телефон номерин жазып алды. Анан айыл өкмөткө барып каттоодон чыкты. Ошентип Муктар болор-болбос акчасы менен Бишкекке карай жол тартты.
Жол узак, машина термелткен сайын түмөн-түйшүк ойлор келет…
… Ошол апасынын чыгымынын жарымын көтөрөмүн деп, үйдөн айдалып чыккан күнү бир жагы апасынын кайгысынан, бир жагы үй-бүлөдөгү чатактан улам, алы-күчү кетип ыргалып Муктар коңшусу Айдардын үйүнө келди. Анын ити арсылдап үрүп алдынан чыкты, иттин үнүн угуп Айдар үйдөн шашып чыгып, Муктарды тосуп алды. Ал аябай ооруп калганга окшоп көрүндү.
-Эмне болду, ден соолук жакшы элеби?,- деп сурады Айдар. Муктар көңүлү жакын коңшусу катары баарын айтып берди.
— Бүгүн биздин үйдө эле түнөп кал,- деди Айдар. Муктар бул сунушту туура көрүп, коңшусунун үйүндө калды. Экөө бүгүнкү үй-бүлөлүк чатак жөнүндө көпкө талкуулашты. Муктар өтө намыстанып, «Апамды узата албай, эл-журт алдында шерменде боломбу?»,- деп түтөп турду.
— Эч нерсе болбойт, инилериң бар, туугандарың бар, кошуна-колоң бар, байбичени бир жакшына кылып эле узатып аласыңар. Бу аялың наркты, салтты билбей, ага түкүрүп жаткан турбайбы, эми эмне кылсам деген оюң бар?.
— Эми бул үйдө жашабайм.
— Кайда жашайсың?
— Башым оогон жакка кетем. Балдарым деп, ушул кезге чейин кара жанымды карч урдум, баладан көргөнүм ушул болсо – тойдум.
— Анда тракторду сат. Акчасы жок кайда барасың? Сен үйлөнүшүң керек, кантип үйлөнөсүң, сага акча керек болот.
— Жок, мен үйдөн эч нерсе албайм, трактор да ушуларга эстеликке калсын,- деди Муктар. – Мен оокат таап көнгөн адаммын, тирилик кылыш колумдан келет.
— Анда өзүң бил. Бирок сен ушул бойдон эле кетип калсаң, турмуштагы кыздарың нааразы болот, аларды чакырып, үй-бүлөң менен дагы бир жолу сүйлөшүп көр, балким, байбичең да ойлонуп, катасын сезип калгандыр. Арканды узу-ун таштап, сабыр кыл,- деди Айдар.
Ошонун тили менен Муктар кыздарын чакыртты. Үй-бүлө толук болгондон кийин мурдагы талаптарын дагы кайталап айтты. Марал мурдагыдан да катуу кетип, оозунан ак ит кирип, кара ит чыкты. Балдарыңдын алдында муунуп, же уу жутуп жиберем дейт. Муктарды алка жакадан алды эле, кыздары араң ажыратышты.
— Мына болгон ишти көрдүңөр, кой мен кетейин, силер аман болгула…
Муктар балдары менен коштошту да үйдөн бир сыйра кийимдерин алып чыгып кетти. Кыздары ыйлаган бойдон калышты…
…Жол узак, машина термелткен сайын түмөн-түйшүк ойлор келет…
***
«Бүттү, бул үйгө өзүм гана кожоюн болуп бийлик жүргүзөм. Муктар билсе баш көтөрбөс кылдым, жеңиш мен жакта болду. Жерге кирет беле, ар кайсы жакта темселеп жүрүп, бир күнү келет да»,- деп ойлоп Марал өз тирилигине киришип кетти. Бул үйдө сыйлашуу дегенден эч нерсе калбады. Байлык, өзүмчүлдүк ушунчалык кызык болуп калганда, ынтымак өзүнөн-өзү ыдырай турганы үй-бүлөдөн да көрүндү.
***
Муктар Асандын үйүн таап барды. Жердеши, ары жакын тууган агасы атайы издеп келгенине Асан кубанып, кучак жайып тосуп алды. Экөө узак маектешти. Асан айылындагы жаңылыктарды калтырбай сурай берди. Муктар тажабай так жооп берип жатты. Түн бир оокумга чейин экөөнүн уйкусу да келбеди, сөздөрү да түгөнбөдү. Муктар биякка эмне себеп менен, кантип келгенин да айтып берди. Эми эч качан үйүнө барбай турганын, азырынча кыйыр тууганы ушул Асанды караан тутуп, айткан ишин аткарып жашаарын, бекем ушул ойго келгенин кошумчалады.
— Сизге иш табылат, эки-үч күн үйдө эс алыңыз, анан көрөбүз,- деп койду Асан. Ал чакан фермерлик чарбада ветеринар болуп иштечү. Үч күндөн кийин Асан эрте Муктарды жанына отургузуп алып, машинасы менен өз иштеген жерге алып барды, чарбанын бардык жагы менен тааныштырды. Отуздан ашык саан уй сарайда байланып чөп жеп турат. Муктар кечке ошол жердин иштери менен таанышты. Бардык жагын карап көрүп саресеп салды. Жыйырма жаштардан өтүп калган бир жигит уйлардын алдын тазалап жүрөт. Эки-үч аял флягаларды жууп, тазалап жатышты. Ошол короодо «Беларусь” трактору чиркегичи менен турат. Муктардын ошого көзү түштү. Өз ишин тартипке салып бүткөндөн кийин Асан түшкө жакын Муктардын жанына басып келип, сөөмөйү менен көрсөтүп, «Ушул трактор сизге жагабы?»,- деп сурады. Муктар ичинен жым дей түшүп , жагат деп башын ийкеди.
-Мурдагы тракторист айлыгы аз деп кетип калды,- деди Асан.
— Мен ошол жигит аз деген айлыкка макулмун,- деди Муктар.
Ушул трактор менен кандай иштерди кыласыз, ал жагын өзүм айтам, ар кыл иштерди аткарууга тура келет. Андан тышкары түндөсү кароол болуп да иштейсиз, кыскасы, ушул жерде жашайсыз. Өзүңүзгө ылайык иш беребиз. Эми жашай турган жериңизди көрсөтөйүн,- деп Асан бир бөлмөгө алып кирип тааныштырды.
-Тамакты өзүңүз бышырып жейсиз, азык-түлүктү туздан баштап, бир айлык кылып мен апкелип беремин. Мына бул трактордун ачкычы, алыңыз да аяк-биякка айдап көрүңүз.
Муктар ачкычты алып, трактордун жанына басып келди. Ал жак, бул жагына өтүп карап чыкты, мотордун майын текшерди. Андан кийин шашпай кабинага отуруп, бардык тетиктерин иштетип, текшерип көрүп, бисмилла деп моторду жүргүздү. Кичине айдап көрдү. Трактордун бир аз эскилиги болбосо, бардык жагы жакшы экенин билгенден кийин Муктар кубанганынан жадырап-жайнап турду.
Бишкекке келе жатканда мындан ары кандай күнгө туш болор экенмин деп Муктар аябай сарсанаа болуп келген эле. Азыр анын көңүлү тынып калды. Асандын агасына кылган камкордугуна кайра, кайра ыраазы экенин айтып жетине албайт…
***
Муктар Асандын айтканындай иштеп жүрдү, чөп ташыйт, чөп кыркат, сүт ташыйт, мал ташыйт ж. б. бардык ишти баш көтөрбөй аткара берди. Ал Асандын оң колу болуп калды. Муктардын кирдеген кийимдерин Асан аялына жуудуруп берип, тамак-ашына каралашып жүрдү. Муктар тийген акчасын, ара-чолодо тракторго иши түшкөн адамдарга кылган кызматынын акысын кошуп, өзүнө тамак-ашка ылайык гана алып калып, калганын банкка таштап, чогултуп жүрдү. Бирге иштегендер менен бир туугандай жакын болуп калды. Муктарга бардыгы жакшы мамиле кылып, сыйлап турушат. Кээде кирдеген кийимдерин өздөрү көрүп-билип жүргөн саанчы аялдар жууп беришет. Муктар эч нерседен кыйналбай ишенимдүү жашап калды. Уктаар алдында үй-бүлөсүн ойлоп, өз үйүнөн ит катары айдалып чыкканына ичи туз куйгандай ачышып, уктабай чыккан күндөрү болду. Үй-бүлөдөн ажыроо ушунчалык оор кайгы экенин сезди. Ичи букка толуп, кээде жаткан жеринен тура калып үшкүрүп жиберген күндөрү көп кайталанды. Күндүзү иш менен алаксып баарын унутуп койгондой болот да, кечкурун жалгыз болуп калганда, үйү эч оюнан кетпей ичин өгөөдөй өйкөп жүрдү. Иши илгерилеп, айлык да улам көбөйүп отурду, анткени, башкасы башка, Муктар эзели иштегенден качкан адам эмес эле. Саанчы аялдар да Муктарды улам жакындан билгенден кийин, жакшы адам экенин байкашып, кайдан келгенин, үй-бүлөсү бары-жогун, айтор, ошондойлордун баарын өзүнөн сурап билишти. Анын кулк-мүнөзү, адамга, кызматка болгон мамилесин да электен өткөрүштү. Тамашага салып: «Үйлөп коёлубу?»,- деп да жиберишет. -Азырынча коё тургула,- деп коёт Муктар.
Анын аял атпайдан ушунчалык көңүлү калган эле. Кээ түндөрү коколой башы калганына капаланып, ичи өрттөнөт. Аялдар аны билбей, “Үйлөнөсүңбү?”,- дешет. “Жок”,- дейт Муктар
-Эмнеге жок.
— Жашоого үйүм жок.
— Үйлөнсөң, үй таап беребиз,- дешет алар.
Ошентип үч жыл билинбей өтүп кетти. Муктар ойлосо, элүү үч жашка келип калыптыр. Эми аял жөнүндө өзү да ойлоно баштады, бирок Маралдай дагы бир жүзү кара жолугуп калып, шорум шорподой кайнабаса экен деп тилейт кудайдан. Саанчылардан бир гана Салима деген келин бой жүрөт, калган аялдардын бардыгы үй-бүлөлүү. Ошол Салима кээде кирин жууп, кээде тамак апкелип Муктарга каралашып жүрдү. Ал кыркка чамалап калган ак жуумал келген, сулууча келин .
Муктарды “байке” дейт, агасындай мамиле жасайт. Бир күнү фермердик чарбанын чогулушу болуп, анда иштегендерди жетекчилер акча менен сыйлашты. Көп катары Муктар да сыйлык алды, аныкы элдин баарыныкынан көп экен. Аны бардыгы куттукташты. Фермердик чарба үч жыл кыйла өнүктү,- дешти жетекчилер. — Саан уйдун башы 50гө жетти, дагы 30 уй тууй элек. Этке деп багылып жаткан букалар бар. Чогулушта ушуга окшогон кеп-сөздөр айтылып, келечекте боло турган иштер боюнча кеп болуп жатты. Асан Муктардын жанында отуруп кулагына шыбырады:
— Мындан ары сиздин турмушуңузда да зор ийгиликтер болот.
— Кандайча?
— Бүгүн сизди үйлөйбүз.
— Койчу,- деди Муктар.
— Чын. Салимага.
— Ал кыйла жаш, мага макул болбойт,- деди Муктар.
— Ал сизге макул эле, бардыгы сүйлөшүлгөн.
— Үйүм жок кантем?
— Үй даяр.
Күтүлбөгөн бул кепке кыйла чочуп барып, ишенип-ишенбей бир кызыкча болду Муктар. Анан ичтен сүйүнүп, жүрөгү дикилдеп сого баштады. Ал өзүнүн абалы менен болуп чогулуштун кантип бүткөнүн да байкабай калды. Асан ордунан туруп, “Машинага жүрүңүз”,- деди Муктарды. Асандын машинасына дагы үч аял отурду. Анын бири – Салима, алар арт жактан орун алышты. Муктарды аялдар шаштыра чакырышып, Асандын жанына отургузушту.
— Айда,- деди аялдар Асанга. Асан машинаны айдан жөнөдү.
— Кайда барабыз?,- деди Муктар билмексен болуп.
— Конокко барабыз,- дешти аялдар.
— Ай, мен кароолмун го, сарайды ким карайт?
— Бүгүндөн баштап, кароол эмессиз, бошсуз, иштен бошодуңуз,- дешти эки аял жарыша. Тез эле бир короого кирип келишти. Аларды өздөрү менен бирге иштеген беш-алты киши тосуп алышты. Жаңы келгендер бир бөлмөгө киришти. Ал жерде бата берилип, кой союла башталды. Бардыгы маңдай-тескей отурушуп дасторкон салынды. Түрдүү тамактар коюлду. Бир кеседен суюк тамак ичилди. Муктар менен Салимага бирге иштегендер өзгөчө бир сюрприз уюштурушту. Муктар менен Салиманы жанаша отургузуп, «Ушул үй экөөңөрдүкү, үйүңөр кут болсун!»,- дешип жаалашып куттук айтышты.
— Салима, сага күйөө кут болсун!,- дешип каткырып күлүштү. Асан болсо Муктарга: «Жаңы келинчегиң Салима кут болсун!»,- деп агасынын бетинен өптү.
Аялдар Муктарга, Асан Салимага сарпай кийгизди. Бул баш кошуу бирге иштегендер тарабынан өзгөчө кызыктуу уюштурулду. Бул жакшы адамдарга жасалган камкордук эле. Бөлмө бажы-бажы сөздөргө, каткырык-күлкүлөргө толуп эле жатып калды. Ошондо Салима менен Муктар бири-бирин тиктешип, бир аз күлгөн болушуп, тагдырына экөө тең ыраазы эле. Муктар үчүн бүгүнкү күн алтын балык кармагандай эле болду. Бул салтанат бир айдан бери сүйлөшүп, бир пикирге келишип, сюрприз катары атайын даярдалган, Муктар менен Салиманын тагдырына карата бирге иштегендердин жасаган камкордугу болчу. Муктар үчүн гана күтүүсүз болбосо, калганын чогуу эле чечишиптир. Ошентип алына, шартына, жараша чакан тойчук өткөрүлдү. Экөөнө нике кыйылды. Той да аяктады. Келген коноктор өз үйлөрүнө кетишти. Муктар менен Салима ошол короодогу үйдө бир үй-бүлө болуп жашап калышты. Ошол короо Салиманын короосу экен, кийинки жылы экөө уулдуу болушту. Анын атын Тилек коюшту. Эки жылдан кийин кыз төрөлдү. Анын атын Салима өзү Рахат деп койду. Дагы үч жылдан кийин уул төрөлдү. Анын атын Бакыт коюшту. Салима колунан көп иш келген, кичи пейил, адамдын кадырына жеткен сүймөнчүктүү аял болду. Кудай Муктардын тилегин берди, анын ишин оңдоду. Ал кыйла өзгөрүп, кичине толуп 40 жаштагы жигиттей жашарып эле зыңкыйып чыга келди. Ошентип Муктардын Чүйдө жашаганына 19 жыл болуптур. Чоң уулу жигит болуп калды. Ниети биротоло карарып, көктүгүнө таянып алган Муктар туулган айылына барууну эми эңседи. Мурдагы үй-бүлөсүн, балдарын, Маралды ойлогондо көңүлү дале кирдеп кетет. Муктар эбак пенсияга чыккан, ошондо да өз ыктыяры менен 70ке чамалаганга чейин фермердик чарбада иштеп келди. Салима да пенсияда. Эсептесе Муктардын банктагы акчасы бир миллиондон ашып кетиптир. Бул ашыкча чыгымга жол бербеген Салиманын сарамжалдуулугунан болду. Эми Салима менен жай отурганда Муктар ич күптүүсүн айтып, түз кеңешкиси келди.
— Өз айылымды көрбөгөнүмө быйыл 19 жыл болуптур. Барып туугандарды көрүп, өлгөн-житкендерге куран окуп келсемби… Ата-Журтумдагы тууган- уруктарымды да сагындым, уруксат бересиңби, байбиче?
— Кантип уруксат бербей коёюн. Ушул сөзүңдү алда качан эле айтсаң болмок. Мен айтайын деп, анан бир күнү таарынычы жазылса, өзү айтар деп мен да күтүп жүргөнмүн. Элиңден, туугандарыңдан көңүлүң калбаса, катташканга не жетсин?
— Анда, байбиче, Тилекти жаныма алып алайын, ал да Ата-Журтун, туугандарын көрүп келсин.
— Макул, абышка, эр жигиттин негизги таянганы Ата-Журту болот, көрүп, туугандары менен таанышып, боор батырышып келсин.
— Анда эртең эле жолго чыгалы.
— Макул, анан дагы бир нерсени кулагыңа салып коёюн, Ата-Журтуңдагы шартты байка, балдарыңдын келечеги үчүн көчүп барса кандай болорун да ойлонуп көр.
— Ошол менин да ичимде.
— Абышка, балдар чоңоюп келе жатышат, мындайда өз эли-журту менен бирге болгону жакшы.
— Сага ыраазымын, байбиче, мен ойлогонду сен да ойлоптурсуң, сени да алып барсам болот эле, кийинкисинде алып барайын.
— Ошент, үйдү ээн таштабайлы.
— Анан тамак, ашка беш миң сом акча таштайм. Бир жума ичинде кайра келип каларбыз.
— Бир ай жүрсөңөр деле мейли, беш миң сом бизге кеңири жетет.
Муктар менен Тилек жолго чыкты. Караңгы киргенде бир тууган иниси Шайлообектин үйүнө жетип келишти. Ал сүйүнүп тосуп алды. Тилек менен авасы кучакташып, жатып калышты. Бир аз болугураак эле болбосо Тилек да атасына абдан окшош эле. Шайлообек аны тиктеп туруп Муктардын бала кездеги келбетин көрүп турду. Муктар Шайлообек экөө сагынышып калган экен түнү менен уктабай сүйлөшүп чыгышты. Тилек тез эле уйкуга кетти. Шайлообекке Муктар бүт кызыккан суроолордун берип, ага жооп алып жатты. Муктарга Шайлообек төмөнкүлөрдү айтты.
— Сен кеткенден кийин Марал жеңем элге жек көрүнүп калды.
— Эмне үчүн?
— Айыбы жок эрин эч нерсеге ээ кылбай үйүнөн кууп чыкты деп да.
— Баягы ажаан иттигин көрсөткөндүр да.
— Эл баарын көрүп-билип турат экен, айыбын бетине эле айтып, сүйлөшпөй коюшту. Ажаандана деле алган жок
— Эмне дешти?
— Муктар өмүр бою трактор айдап, бар айлыгын бүт сага берсе, энеси өлгөндө бир кой да бербей кубалап жибердиң,- дешти.
— Балдарым кайда?
— Эрмек түрмөдө, ал сенин тракторуңду иномарка машинага алмаштырып, минип жүрчү, бир күнү мас экен, бирөөнү сүзүп кетиптир, ал киши өлүп калыптыр.
— Эх! Жаман болгон экен. Муктардын кабагы бүркөлө түштү.
— Жумагүлчү, ал кандай абалда?
— Аны ачык биле албайм.
— Апасына келбейби?
— Аны Марал жеңем күйөөсүнөн ажыраштырып жиберген. Анан Россияга кеткен, он беш жылдан ашты, эч кабары жок дешет.
— Айтбүчү?
— Ал да Россияга кеткен боюнча дайынсыз.
— Анан үйдө ким бар?
— Эч ким жок.
— Маралчы?
— Карылар үйүндө.
— Качантан бери ал жакта?
— Беш жылдай болуп калды. Адегенде бир тууган иниси эжемди ээн үйгө таштабайм деп көчүрүп алган, анан ал иниси да кайтыш болуп кетпедиби, келини менен болсо батыша бербеди окшойт
— Жаман болгон экен, баары жылас болгон турбайбы? Азыр үй кулптануубу?
— Ооба, үй-бүлөңдөн эч кимиси жашабай калышты. Өзүң кеткенден кийин эле үйүңдүн куту кетти.
— Малдары эмне болду?
— Эрмек өзүнүн малы менен кошо туягына акча алып бир короо мал менен жайлоого чыккан. Жайлоодо жаан жаап, катуу суук болуп, тизеден кар түшүп, ошондо малы кырылып өлүп калган. Малын таштап, өзү араң үйгө жетип келиптир. Ошондон ооруп, ооруканада көп жатып жүрдү, кийин араң оңолду.
— Шору куруган турбайбы.
— Ошондой болду, анын үстүнө алар элге жек көрүндү болуп, айыл аралай албай калышты.
— Эмнеге?
— Атаңарды үйүңөн кууп чыктыңар деп ак сакал деле, көк сакал айта берсе, жөн эле айтпай сөксө, жүдөйт да. Эми, мына, баары өздөрү жоголушту. Ошондон улам Жараткан деле анык калыс окшойт деп калам мен.
— Кудай ниети бузуктарды эртедир, кечтир жазалайт,- деди Муктар. Анткени менен балдарынын тагдырына ичи ачышып, жанын коёр жер таппай турду.
Шайлообектин аялы ага, ини сүйлөшүп жатсын деп бир бөлмөгө төшөк салып берген. Шайлообек сүйлөп жатып таңга жакын уктап кетти. Муктардын көзү илинер түрү жок, чакчайып ой менен, кайгы менен таң атырды. Эртең менен башы бир көтөрүм болуп салмактанып араң турду. Баягы өз үйүнөн айдалып чыккандан кийин көп жолу ушинтип чакчайып уктабай кыйналып таң атырса да, эртеси ишке алаксып жеңип кетчү. Эрмектен кабар алыш керек экен, баласы түшкүр, кай жердин түрмөсүндө болду экен десең…
Эртеси уулу Тилекти ээрчитип алып, жакын туугандары деп саналган төрт, беш жерге барып көзү өткөндөргө куран окуду. Шайлообек иниси кой союп, жакын туугандардын баарын чакырып Муктардын урматына сый тамак берди. Айылдыктар Муктар менен сүрүлүп келип учурашып жатышты.
-Өз үйүң кулптанып бош турат, ат айланып казыгын табат. Сыртта жүрөт деген ушунчалык болор, эми кайра өз айылыңа көчүп кел, Муктар,- дешип айылдаштар, тууган-уруктар жаалашып жатышты. Баарыдан да Тилекти таңыркай тиктешип: «Эй, жаңы тууган, эми эне-атаңды алып, элиңе кел,- дешип жылуу учурашып, жакын кабыл алышты. Кээ бири Муктарга кайрылып, «Качан көчүп келесиз?»,- деп сурай да кетишти.
Убакыт таап Айдар коңшусу чай ичүүгө чакырды. Анын үйү эки кабат болуптур, жаңы курулуптур, кооз түшүптүр. Айтымында, балдарынын баары жакшы кызматтарда иштеп жатышыптыр. Айдардын короосунан чыгып, өз үйүнө бурулду. Баягы өзү бар кезден кийин ремонт көрбөй, кунары качып, эч ким жашабай, кулптанып, томсоруп турат. Үйүнүн ар жеринен жарака кетип, шыбактары көчүп, мал сарайга окшоп калыптыр. Муктардын көзүнөн жаш тегеренди. Кыйлага чейин үйүнө ичтеги бугун чыгара албай томсоруп турду. Анан Тилекке үйүн көрсөттү. Ичи кайышып, үйү менен ичинен коштошуп, Шайлообектин үйүнө кайтты…
Муктар Маралды өз көзү менен көргүсү келип, үч күндөн кийин карылар үйүнө барды. Барса, аны киргизбейт. Акыры карылар үйүнүн башчысынын уруксаты менен кирди, Муктар «Аялым эле, көргөнү атайын алыстан келдим»,- дегенден кийин үчөөнү жолуктурушту. Марал менен Муктар бири-бирин тиктешип кыйла туруп, анан сөзгө келишти.
— Кандай жакшысыңбы?- деди Муктар.
— Сен Муктарсыңбы?
— Ооба.
— Үйгө бир жолу келдиңби? Үйдүн ачкычы менде,- деди Марал чөнтөгүн сыйпалап. Анын бетинде кан-сөлү жок, кубарыңкы тартып, көздөрүн чылпак басып бозомук көрүндү. Бетин тордолгон бырыш басып бүкчүйгөн бир араңжан, токсондон ашып калгандай кемшейген кемпир турду. Муктар ортодон өткөн он тогуз жылда Маралдын ушунчалык тез карып, өзгөргөнүнө таң калды. Аны сүйлөтүш үчүн дагы суроо берди.
— Бул жерге качан келдиң?,- деди Муктар.
-Эмне деп жатасың кулагым жакшы укпайт,- деп алаканын кулагынын арт жагына калкалап туруп. Анан Марал өзү сөз баштады.
— Мынабу бала ким ?
— Менин уулум – Тилек,- деди Муктар.
— Өмүрүн берсин, чоңоюп калыптыр,- деп койду кайдыгер гана.
— Эми биз кетели, жакшы кал,- деди Муктар.
— Үйдүн ачкычын ал да, мени ала кет бул жерден, мени өзүң бир жактама кыл…
Мындай сөздү күтпөгөн Муктар бир эсе чочуп алды, көз алдынан дароо Салима сызылып өтүп, кайра жок болду. – Бул эмне деп жатат өзү?,- деп ойлоду кеп маанисине баамы жете бербей, “Эмне, экөөбүз кайра бирге жашайлы”,- дегениби бул, айнып калган окшойт…”,- деп бүшүркөй түшүп, кайра кепке кулак түрдү.
— Мынча келипсиң, эми мени бул жерден алып кет?..
…Жок, бирге жашайлы деп жатпаптыр, акылы деле даана экен… Муктардын көз алдында, жакшылыктан үмүтү биротоло үзүлгөн, жашоонун бардык кайгы-кубанычына кайдыгер тартып, тирүүлүктүн түйшүгүнөн биротоло жадап, эбак аркы дүйнөгө даярданып алган адамдын жүзү турду. Жетимиш аша жашап, турмуштун далай оош-кыйышын көргөн Муктар эми өзү шашып калды…
— Макул! Мен… Мен балдарга айтайын…
Муктар ордунан атып турду. Түз эле иниси Шайлообекке жөнөдү, ары ойлоп, бери ойлоп, атасы эмне кылганы жатканына баамы жетпеген Тилек анын өзүнө тике кайрылды:
-Ата-а, эмне кылганы жатасыз?..
— А-а, сен али жашсың, мындай нерсеге түшүнө албайсың, балам, менин азыр бирдеме дешим кыйын, бир аз сабыр кылып турсаң, өзүң баарын көрөсүң.
Шайлообекке жетип эле, “Марал жеңеңдин акыбалы кыйындап калыптыр, үйдүн эки-жагын тазала, чыгарып келели…”,- деп кайрылды. Агасын бир тиктеп эле, иштин жайын түшүнө койгон Шайлообек:
— Макул, мен туугандары менен байланышайынчы, алар да бир эл, бир журт, бизге неге айтпайсыңар деп жүрүшпөсүн…
Маралды чыгарып келишти, туугандары дүрбөп, алып кетебиз деп чыгышты эле, Муктар бир сөз менен баарынын оозун жап кылды:
— Мен бул жерден эбак чыгып кеткен адаммын, Маралдын болсо – өз үйү, аны ушул жерден эле карап, сый-урматыңарды кыла бергиле!..
Мен бул үйгө кайра келбеймин, эсен-аман келсе, Эрмек жайгашар…
Маралды өз үйүнө алып келишти. Эки күндөн кийин ал дүйнөдөн өттү. Анын туугандары, өзүнүн туугандары биригип, элге кабар кылып, акыркы сыяпатын кылып, ак кепиндеп, тигил дүйнөгө узатышты.
Тилек баарын көрүп, кызмат кылып, топурак салышып жүрдү. Улам апасына телефон чалып, болгон окуяларды билдирип турду. Муктар Ата-Журтуна чындап көчүп келүүнү чечти, ылайыктуу үй-жай караштырып дагы бир жума жүрүп калды. Анын багына бир жакшы үй табылып, баасын бычып, кол алышты да, Тилек экөө Бишкекке аттанышты…
…Жол узак, машина термелткен сайын түмөн-түйшүк ойлор келет… Да-а, кишинин өмүрү кыска эле болот турбайбы, балким, мага да кезек жетип калгандыр… Анан оюна Марал кылт этти, “…зирек эле байкушум, өлөр күнү саналып калганын билген экен. Бирок “чыгарып кет” деп туугандарынын кимдир бирөөсүнө эмес, мага айтканын карачы… Анан алыскы-алыскы жигит кези, трактор айдап бара жатканда, Маралдын жоодурап кол көтөрүп турганы, кыз башы менен тартынбай, алгачкы жолу бетинен өпкөнү эсине түштү. Марал чечкиндүү кыз болчу… Ошондогу жылуулукту эстеп, ичи туз куйгандай ачышып, көзүнөн жаш кылгырды… Олтургандарга билгизбей жашын сүртүп, буурул башын чеңгелдеп, ойго чөктү. Көрсө, Маралдын оюндагысын кылып, ашкере алчактатып, эрке талтаң кылган өзү экен. “Аялды башынан…” дечү эмес беле, Муктар жаш келинчегине башынан бекем боло албаган турбайбы, дал ошол жумшактыгы акыры келип өз башына таш болуп тийиптир… Канчалык жек көрүп, жектебесин, ыза болуп, күйүп-бышпасын, көңүлүнүн тээ түпкүрүндө Маралга деген бир жылуулук калганын азыр билип, ага өзү да таң калды, бу адам дегениң ушунчалык табышмактуу болорбу, кысталак?!.
Марал кантсе кыз алган жары болчу, кечээ Маралды эле көмбөстөн өзүнүн жаштык кезин, өткөн турмушун кошо көмгөнүн, эми келме-кезек өзүнө жеткенин Муктар эми гана даана сезди.
…Кой, балдар жаш, эртерээк үй-жайын ырастап, тууган-урукка аралаштырып, шартын түзүш керек экен… Йа, парвардигер, бала-чакамдын өмүрүн узун кыл, тилеген тилегине жеткир, эли-журтубузду аман, төрт көзүбүздү түгөл кыл, бала-чакамды үйлөп-жайлап, жайгаштырып алганга жетер күч-кубат, ошого жетер өмүр бер… Турмуштун ачуу-таттуусуна жедеп башы бышып, буурул башы калтаңдаган Муктар чал ушинтип эле угуза кобуранып бара жатты.
Эми Муктар бир өмүрүндө эки үй-бүлө күтүп, көрбөгөндү көрүп, башы бышып, кабыргасы ката элек балдарын эптеп эл катары жайгаштырып алсам дегенде, эки көзү төрт болгон, кудайдан ошого жетер гана өмүр тилеген, калган кызыкчылыктан, жеке өз жашоонун кам-чомунан эбак кол үзгөн адам болчу…
8-январь 2017-жыл.
Мундуз айылы.