Домой Дүйнө Кыз-келиндерди миграцияга жибербе…

Кыз-келиндерди миграцияга жибербе…

38

Жакында президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүндө болуп өткөн жыйында Базар-Коргон районунан Бактыкан Турдиева  айрыкча жашы жете элек кыздарды жана келиндерди  Россияга жумушка иштөөгө жибербөө маселесин көтөрүп чыкты. Ал Россияда он эки жыл жүргөн мезгилинде кыргыз кыздарынын зордук-зомбулукка туш болгонун көрүп жүргөнүн жыйналышта көзүнө кайра-кайра  жаш алуу менен айтып берди.
Боорукер эненин боору ооруганда

Чет өлкөлөрдө кордук көргөн кыз-келиндер менен аялдардын тагдырына боор ооруган анын баяны өткөн аптада ютуб интернет желесинде да пайда болду. Жергиликтүү кеңештин бул депутаты өз жерибизде өнөр жай ишканаларын куруп, ага кыз-келиндерди иштетүүгө жана аларды коргоо үчүн атайын мыйзам кабыл алууга үндөдү:
-Ата-энелер, кыздарыңарды башка өлкөлөргө чыгарбагыла! Мен ошол жакта он эки жыл жүрүп, көрүп келдим. Кыздарыбыз кор болуп жатат. Жашы жетпеген кыздар да легалдуу эмес жумуштарда иштеп жүрүшөт. Аларга ал жакта эч ким карабайт, көңүл бөлбөйт. Балдар-кыздарын ата-энеси менен кайын эне, кайын аталарына таштап кеткен үй-бүлөлөр бар. Ошолордун балдарына деле өз ата-энесиндей билим-тарбия берилбейт. Жашы жетпеген кыздарды, келиндер менен аялдарды да Россияга, чет өлкөлөргө жөнөтпөгүлөчү? Бир нече кыз тигүү фабрикасында өрттөнүп кеткенин билесиңер! Эгемендигибизге отуз жылдан ашты. Завод-фабрикалар курулганда биздин жаштар өз мекенибизде иштеп, ошол жакка барышпайт болчу. Биздин жаштар чет жактарга чыкпасынчы? Түрктөргө, корейлерге, кытайларга тийип атышат. Мына, кордук! Түрктөргө экинчи аял болуп тийип алышып, өз мамлекетине кайра келе албагандары да бар. Анткени, түрктөр балдарын бербейт экен. Ким күнөөлүү буга? Завод-фабрикаларды ачкыла, ошондо иштесин, барышпасын. Машиналарды, турак-жайларды да бул жерде берилген айлык, жөлөк пулга эмес, Россияда иштеп тапкан акчаларына сатып алып жатышат, үйлөрдү куруп атышат,- деди ал улут келечеги тууралуу камтамасын билдирип.
Мындай окуялар бир-эки жыл мурун да болгон. Анда интернетте аты-жөнү белгисиз жигит башка улуттагылардан бир нече күн кордук көргөн кыргыз кызды СМС маалыматы аркылуу кыйладан кийин таап алышып, зордукчулардын колунан куткарышканын айткан. Ошондо да куткаруучу жигит: ” Аялыңарды, кыз-келиндерди чет жакка иштеткени жибербегиле!”- деп, өлкөбүздөгү эркектерге кайрылган. Бирок, мындай кайрылууну мамлекетибизде жашагандардын бардыгы эле укпагандыр.

Ыдык көрүү – ар кимдин жүрүм-турумуна байланыштуу

Расмий маалыматтар боюнча Орусияда миллиондон ашуун мекендешибиз иштейт. Өлкөбүздө чет мамлекеттерде жумушка орноштуруу менен алектенген 118 жеке агенттик бар. Алар жумушчуларды 20дай өлкөгө жөнөтөт. Кыргыз жарандары Россиядан тышкары, Казакстан, Украина, Европанын бардык өлкөлөрүндө, Америкада, Кореяда, Түркияда иштешет. Россиядагы кыргыз мигранттар жылына өз ата-эне, урук-туугандарына расмий маалыматтар боюнча эки миллиард доллардан ашык каражат жиберишет. Албетте, көпчүлүк байкагандай эмгек көчкүндөрүнүн арасында мектепти жаңы бүткөн 16 – 19 жаштагы кыз-жигиттер, же бүтө элек, 4-класстын окуучу кызы сыңары боору ката элек өспүрүмдөр да жок эмес. Ал он бир жаштагы кыз туугандарынын баласын бакканы Россияга барып, багылган балдардын ата-энесинен кандай кордук көргөнү, корей кишиге турмушка чыкканы менен андан жаралган балдарынын көзүнчө абийири төгүлүп, ур-тепкиге алынган келиндин видеосу да көрүүчүлөргө таркап кеткен.
Чет өлкөдө аман-эсен, эч кимден ыдык көрбөй иштесе болот. Кандай тагдырга туш болоору ар бир мигранттын өзүнүн жүрүм-турумуна жана аң-сезимине байланыштуу. Кыз-келиндер кимге турмушка чыгат, ким менен достошуп, ким менен мамиле түзөт, ал да өз укугу. Россияда, же башка бир өлкөгө барып иштөөнү каалаган адам орус жерине керек болуп жаткан кара жумушчудан тышкары эң эле жок дегенде программист, врач, медсестра, айдоочу, тигүүчү, ашпозчу, слесарь, электрик, жыгач уста өңдүү кандайдыр бир адистикке ээ болуп, орус же башка чет тилдерди мыкты билип, барып иштей турган өлкөсүнүн мыйзамдарын жана өзүн коргоонун жол-жоболорун үйрөнүп алса, көп айлык төлөй турган жумушка орношуусу мүмкүн. Кыз-келиндер деле жогоркулардан сырткары программисттик, IT-технология, тигүүчү, ашпозчу, мугалим, дарыгер, фармаколог өңдүү өздөрүнө ылайыктуу адистиктердин ээси болсо, жерде калбайт.

Кыз-келиндер жыргаганынан барган жок

Укук коргоочулар мекендештерибиз кордук-зомбулук тарткан учурда жетиштүү далилдери менен КРнын элчиликтерине, же иштеп жаткан өлкөсүнүн прокуратура, ички иштер кызматтарына арыз берүүнү сунуш кылышат. Ошол эле убакта жумушуна түз барып, түз келип, ишин жакшы аткарган мигранттар РФда, маселен куруучулар, тигүүчүлөр – 60- 90 миң рубль, медициналык сестралар – 50-60 миң рубль, врачтар – 100-120 миң рубль, айдоочулар 2-3 миң доллар айлык таап, кордук-зордукту билбей эле аман-эсен иштеп жүрүшкөнүн өздөрүнөн нечен курдай укканбыз. Англисче, орусча, түркчө, кытай, корейче мыкты билип, IT-технологияны терең билген эле жаштардын үйүндө эле олтуруп, эң аз дегенде 300-900-1000 доллардан маяна тапканын да билебиз. Ошол эле Россияда жубайы менен үч жыл жашап-иштеп келген облус тургуну Аэлинанын айтымында “оңой акча табам” деген жеңил ойлуу кыз-келин жана жигиттер ишенчээктигинен арам ойлуу кишилердин тузагына түшүп калышат.
-Эч ким жыргаганынан Россияга, же башка мамлекеттерге барып, иштеген жери жок да. Жашообуз адамдын каалоосуна жараша, маянасы жогору жумуш болсо, эч ким деле чет өлкөгө барып, иштөөнү каалабайт. Баары аргасыздыктан болуп жатат. Туура, бизде бюджеттик мекемелерде иштегендердин айлыктары көбөйгөнү менен бардык адамдардын турмуш-тиричилиги “майдай, сүттөй” деп, айта албайбыз. Эмне үчүн кыздарыбыз башка улуттагылар менен жүрүп, аларга турмушка чыгышат? Себеби, сүйүү да болушу мүмкүн. Тескерисинче Россияда жүргөн биздин жигиттердин айрымдары, баары эле эмес, кыз-келиндердин кадырына жетпейт. Кыздарга кандай мамиле жасоо керектиги, маданияттуулук менен иши жок. Айрымдары орой, башка улуттун жигиттери менен жүргөн кыз-келиндерге чоң муштумдугун көрсөтүшөт. Кыздарды сыйлоону, сылык, кичи пейил мамиле жасоону, камкордук көрүүгө кызыкпай, кыйынсынышып, кысынып, арзан батирлерде көпчүлүк болуп жашап турушат. Ошон үчүн биздин кыздар аргасыздан бөлөк улуттагы эркектер менен кол кармашып, жактырса, үй-бүлө куруп атышат. Мен тажик жигит менен мамилеси жакшы болуп, ынтымактуу, бир үйдө жашап жаткан кызды көргөм. Түрктөргө турмушка чыгып, бактылуу жашаган келиндерди да угуп жүрөбүз. Ал эми кыз-келиндердин бөлөк улуттагылардан кордук, зордук-зомбулук көрүүсү биринчи иретте алардын өздөрүнө жараша, ишенчээктигинен, акчага көз каранды болгондугунан келип чыгат. Өз маңдай тери менен жашап, кордук-зордуктан алыс, тынч жашап жүргөндөр миңдеп саналат. Жумуштан кийин эс алгылары келишип, кафе-ресторандарга барып, ичип алышып, эс-акылын жоготкон кыз-келиндерди да көрүп жүргөнбүз. Жашоо жакшы, баарына ылайыктуу, маянасы жогору жумуш, үй-жай болсо, эч ким деле чет өлкөгө барып, иштөөнү каалабайт,- дейт Аэлина.
Жаштардын чет өлкөлөргө эмне себептен иштегени барышкандарынын жүйөөлөрү белгилүү: алар насыя албай, айлыкты көп таап, жашоолорун жакшырткысы келет. Алар Россияда иштеген миңдеген адамдар өздөрү иштеп тапкан каражаттары менен өлкөбүздө азыркы заманга ылайыктуу турак-жайларды курушуп, жакшы кийинип, кымбат баалуу автоунааларды сатып алышкандарын көрүп жатышат. Ошолор сыңары жакшы жашагылары келет.

Мигранттардын тапканы таттуу

Эмгек көчкүндөрү ушул жылдын январь айынан мартка чейин республикабызга 518 млн. доллар которгон. Алар чегерген акчанын 97% Орусияга туура келет. Улуттук банк 2021-жылда чет өлкөдө иштеп жүргөн мекендештер 2,7 млрд. доллардан ашуун каражат которгонун билдирген.
Ал эми “Акыйкатчынын” Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыял Токтобаева ата-энелердин жашы жете электерди жана кыз-келиндерди Россияга жиберүүсүн идеологиялык иштер менен жумушсуздуктан жана экономикалык абалдын жакшырбагандыгынан көрөт.
-Дегеле аялдар менен кыз-келиндердин, жашы жете электердин Россияга, же башка жакка барып иштөөсүнө социалдык-экономикалык жагдай менен үй-бүлө институтунун нарктуулугу себепкер. Ата-энелер балдары үчүн жооптуу. Алар уул-кыздарына кам көрүп, “акча таап кел” деп, адистиги, же билими, өнөрү жок кыз-келиндерди чет өлкөлөргө жибербөөсү абзел. Кайсы улуттан экенине карабай, кыз-жигиттер бири-биринин кулк-мүнөзүн терең талдап, айбанчылык касиеттери жок экендигине көзү жеткенден кийин гана баш кошуп, бири-бирин урматтап, ынтымактуу жашаса болот. Тарбиянын жетишсиздиги, муктаждык да зордук-зомбулукка түрткү болууда. Азыр ата-энелердей эле балдар да материалдык кызыкчылыкты биринчи орунга коюп калышты. Социалдык- экономикалык абал жакшырып, бардык тараптан корголгон жумуш орундары түзүлсө, идеология туура багытта жүрсө… “Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат” дейт го! Идеология алсыз.. Ата-энелер уул-кыздарынын кандай тагдырга туш болоорун, үйдөн алты кадам узагандан кийин мусапыр болуп, бирөөнүн көзүн кароого муктаж экендигин алдын ала ойлоп, жаш баланы, кыз-келиндерди Россияга же, башка чет өлкөгө жибербеш керек. Быйылкы беш айда бизге зордук-зомбулук боюнча үч арыз түштү. Алардын бирөөсү өз арызын кайтарып алды. Бирөөнүкү тергөөдө. Үчүнчү кайрылуучунун арызы соттун кароосуна жиберилди. Облус борборунда болгону менен район-шаарларда кризистик борборлор жок. Жер-жерлерде комиссия иштесе, аял-эркек тең укуктуу экенин унутпайлы,- деди “Акыйкатчынын” Жалал-Абад облусундагы өкүлү Кыял Токтобаева.
Облус аймагында да кыз-келиндер өздөрүнө ылайыктуу ашпозчу, тигүүчү, дарыгер, мээрбан эже, мугалим, бухгалтер адистиктери боюнча жумуштарды таап, иштесе болот. Коңшу улуттун кыз-келиндери ата-энесинин үлүшүнө тийген жерлерине жашылчаларды өстүрүп, эки-үч түшүм өндүрүп, үй-бүлөсү менен бактылуу өмүр сүрүп жатышкандыктарын көрүп жүрөбүз. Пахталуу райондорубузга Өзбекстандан келип иштеген кыз-келиндер чакчайган түштө баштарын ак жоолукка ороп алышып, гозонун чабык маалында жол киреси менен тамак-ашынан сырткары ар бири 500-600 сомдон, пахта териминде 1000-1500 сомдон иштеп табышаарын бардыгы билишет. Облустагы таанымал сүрөтчү Алмасбек Самидинов жаштарды да өз өлкөбүздө эмгектенүүсүн туура көрөт: “Биз: ”Тиги жакта андай экен, мындай экен. Россияда көп айлык төлөйт экен”,- деп сонуркап, сырт жактардын баалуулуктарын өзүбүзгө салыштырып сүйлөп, ойлогонго, идеал тутууга көнүп калганбыз. Бардык нерсе өз колубузда, өз мекенибизде турганына жетишээрлик маани бербейбиз, көңүл бурбайбыз. Чет жакка барбай эле өз жеринде олтуруп, иштеп, мыкты жашагандар бар. “Туулган жердин топурагы – алтын”,- деп бекеринен айтылбайт да. Өз мекенибизде эле иштеп, эч кимге кор болбой, зордук-зомбулук көрбөй эле тыңгылыктуу жашоого бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Нечендеген адамдар насыяларды алып, аны туура иштетип, байып жатпайбы! Кыз-келиндердин башка жакка барып, зордук менен иштөөсүнүн кереги жок. Алардын курбу-курдаштары, ата-эне, тууган-уруктары, дос-жарлары, келечектеги же маңдайындагы жубайлары ушул жерде. Эч ким алардын чекесине чертпейт. Жашы жете элек өспүрүм кыздар менен балдар бели ката электе иштебей, заман талабына жараша татыктуу билим алып, келечегине тиешелүү кесиптерге ээ болуп, бактылуу өмүр сүрүүлөрү абзел!,- деди сүрөттөрүнүн көргөзмөсү эки күн мурда АКШда коюлган “маданияттын мыкты кызматкери” Алмасбек Самидинов.

Мыйзамдуу долбоорлорго катышып иштешсе,
кыз-келиндер кордолбос

Россияга легалдуу эмес барып, ар түрдүү кыйынчылыктарга туш болгондон көрө, кыз-келиндер менен аялдар, жаштар чет тилдерди үйрөнүп, мыйзамдуу түрдө республикабыз келишим түзгөн Түштүк Корея, Британия, Германия өлкөлөрүнө барып, иштесе болот. Маселен, Британиянын мамлекеттик программасы менен айыл чарбасындагы мезгилдүү жумуштарына иштөөгө быйыл миң адамды алуу боюнча келишим түзүлгөн. Ал программага өтүү үчүн 7 миң кыргыз жараны арыз тапшырган. Алардын биринчи тобу, же 260 адам 20-майда Англияга сапар тартты. Алар алты ай иштешет, айлык акылары 1000-2000 доллар болушу мүмкүн деп айтылууда. Түштүк Кореяда келишим боюнча 5 миң кыргызстандык иштеп жатат. 2022-жылдын төрт айында ал жакка 300дөн ашык жаран иштегени учуп кеткен. Германия менен да мигранттарды жөнөтүү боюнча келишим түзүлгөн. Ага ылайык Кыргызстандын төрт медициналык окуу жайында окуган 250 медицина кызматкери жөнөтүлгөнү турат.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ,
журналист.