Домой Жай турмуш Өлкө калкы өзүн-өзү кайсы азыктар менен бага алат?

Өлкө калкы өзүн-өзү кайсы азыктар менен бага алат?

19

Бүтүндөй республикабыздагыдай эле Жалал-Абад облусунда да айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү менен андан мүмкүн болушунча көп түшүм өндүрүү аркылуу азык-түлүк коопсуздугун сактоонун аракеттери көрүлүүдө.

Кыргыз Республикасы күнүмдүк турмуш-тиричилик, жашоого аба менен суудай зарыл болгон азык-түлүктөр менен өзүн – өзү камсыздай алабы? Бул жаатта өлкөдөгү жагдай кандай? Мамлекетте кайсы азык-түлүктөр жетиштүү да, кайсылары сырттан келет? Бош жаткан жерлердин тагдыры эмне болот? Жерди жайдак калтырган үлүш ээлерине мамлекет кандай чара көрөт?

Өлкөбүздүн калкын оокат-аштын “май көл, сүт көл” арбындыгын жаратуу үчүн ар бир жеке ишкерлер менен дыйкандар жана кооперативдик, фермердик чарбалар өздөрүнө берилген үлүш жерине, же бөлүп алган, болбосо өз ара бекитилген келишимдер аркылуу ижарага тийген эгин аянттарынын бир кулач жерин да бош калтырбоосу керек эле. Мамлекетибиз саясий жактан көз каранды эмес болгондуктан экономикалык, өндүрүштүк жактан коңшу мамлекеттерге, айрыкча Россия менен Казакстанга, Кытайга көз каранды болуп келе жатканы баарыбызга белгилүү. Экономикалык саясаттын башкы көңүлү жана камкордугу ушул багытта жүрсө, максатка ылайыктуу. Мүмкүн болушунча арбын түшүм өндүрүүнү көздөгөн жаз менен жайдын ар бир күнү кымбат, эгин эгүү-себүү иштерине ыңгайлуу болгон февраль, март, апрель, май айлары да артта калды .

Жалал-Абад облусундагы дыйкандардын бир бөлүгү төрт түлүгүн андан ары көбөйтүп, бодо малы менен жылкыларын жана кой-эчкилерин жем-чөптөн өксүтпөй багуу үчүн жер үлүштөрү менен эле чектелип калбай, өз ара келишим аркылуу ижарага жер алышып, ага көп жылдык өсүмдүктөрдү өстүрүп жатышса, көпчүлүгү пахта эгишип ( анткени, былтыр пахтанын бир килосу 116 сомго сатылган), дагы башкалары бир жылда эки, же үч түшүм алууга кызыгып, декабрь-январь-февраль айларында эде күнөсканаларына эрте жетилээр сарымсак, пияз, капуста, бадыраң, помидор, картошка, жүгөрү эгип коюшкан. Жашылчачылар май айынан тартып эле жаңы бышкан түшүмдөрүнүн алгачкы бөлүктөрүн базарларга сатып өткөрүшүп, андан жакшы пайда табышып, эми кийинки түшүмдүн камылгаларын көрүп жатышса, беде эккендер анын биринчи чабыгын чаап алышып, таңгактап үйлөрүнө ташып-жыйып алгандары, өздөрүнүн мал-койлорунан аша турган тоютун кардарларга эмитен эле бир таңгагын 260-300 сомдон сатып алып жатышкандары бар. Бөлөк бир дыйкандар жылдык азыгын камдоо үчүн күздүк жана жаздык буудайларды, арпа эгип, ал өсүмдүктөр баш алып, бышаарга жакын калса, суусу мол Сузак, Базар-Коргон, Аксы, Ноокен сыяктуу аймактардын мээнеткеч дыйкандары күрүч сээп коюшту. Алардын айтымында өлкөнүн айыл чарбалуу аймактарында жашаган ар бир адам өз жерине керектүү өсүмдүктөрдү отургузуп-өстүрүп, бош жерди калтырбай иштетип, андан жакшы түшүм өндүрүп алуу менен кымбатчылык менен азык-түлүккө болгон көз карандылыгын азайтса болот. Маселен, айыл-кыштактагыларды мындай кой, жайыты жок, үлүш жери да жок Жалал-Абад шаарынын айрым көчөлөрүндө, башка шаарлардын деле чет жакаларында тоок, койлорун багып, көп кабаттуу үйлөрдүн айланасындагы бош жерлерге, же алакандай эле аянтка жашылчаларды ( мисалы, картошка, пияз, помидор, бадыраң, жуусай, сарымсак) өстүрүп, базардан жашылча менен эт сатып албай, жакшы жашагандар жок эмес. Азык-түлүккө керектүү жана жетишсиз болгон башка оокаттарды, нан, туз, ун, өсүмдүк майы, күрүч, кумшекер, таттууларды, кийим-кечекти, курулуш материалдары менен идиш-аяктарды, жемиштерди ишкерлер чет жактардан таап келип жаткан базарлардан сатып алса болот.

Конкреттүү мисалдарга токтолсок: Жалал-Абад облусунда ушу убакта 159866 гектарда айыл чарба өсүмдүктөрү өстүрүлүүдө. Алардын ичинен 68198 гектар жер эгин аянты,7396 гектарда май өсүмдүктөрү (былтыр ал 6309 гектарга өстүрүлгөн) болуп эсептелет. Эгиндин үрөндөрү былтыркыга караганда быйыл облуста 8200 гектарга ашыкча эгилген. Пахта 11444 гектарга себилип, пландан ашыкча түрдө 550 гектарда көп өстүрүлүүдө. Ал эми буудай аянттары 18348 гектарды ээлейт. Былтыр ал 17790 гектар болчу. Демек, үстүбүздөгү жылы буудай да 550 гектарга ашыкча айдалган. Ошол эле учурда суу чыкпаган, таштак жана саздак, түшүмүнө караганда чыгымы арбын болуп, киреше такыр бербеген 8500-9000 гектар жер бар. Алардын арасынан беш миң гектар жерден чөп чаап алууга болоорун жер адистери белгилешет. Бирок, 142652, 5 тонна ун, 11292 тонна өсүмдүк майы керек болгон облус калкына жыл сайын ун жана дан азыктары менен өсүмдүк майы да жетишпей келет. Себеби, адистердин изилдөөсүнө караганда облуста өстүрүлгөн буудайдан тартылган унда жабышкактык (клейкосту) төмөн болгондуктан нан болууга жарабайт. Ошондуктан облус өзүн ун жана дан азыктары менен 25 пайыз гана камсыз кыла алат. Калган азыктар облуска башка жактан ташылып келет. Ошол эле учурда бир гектардан 4-5 тонна буудай өндүрүп, короосундагы кой-эчкисин зарыл учурда союп алып, базардан эт, же ун, буудай сатып албай, өз керектөөсүнөн ашып калган эгиндерди сатып, кымбатчылыкты сезбей жашаган замандаштарыбыз да бар.

Айдалбай, үрөн себилбей, жайдак калган аянттар республиканын башка облустарынан көрүүгө болот. Мисалы, жердин кенендигинен үлүш аянттары ар бир кожолукка арбын тийген, малга жана жашылча-жемишке жайлуу келген Талас, Чүй, Ысык-Көл облустарында жер бош турганын ал жактарга каттаган ар бир эле киши баамдайт. Жерди бош калтырган жарабайт. Иштетилбей калган жерлердин тагдырын чечүү мамлекеттин колунда. Жайдак жерди мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жалкоолордун колунан алып, өндүрүмдүү иштетүү жагын ойлонуу да абзел. Буудайды эгип өстүрүп, аны тазалап, тегирменге тарттырып алган убаракерчиликке караганда азыркы учурда даяр унду сатып алуунун чыгымы бирдейлигин кээ бир дыйкандар да ырасташууда.

Ал эми республикабызда азык-түлүктүн айрым түрлөрү эки айга жетээри тууралуу тармактык министрликтер байма-бай жазып келишүүдө. Азык- тулүк коопсуздугу боюнча өлкөдөгү учурдагы абал кандай жана ага кандай аракеттер көрүлүүдө?

Бул багытта айыл чарба министрлиги 2026-жылга чейин азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу боюнча программа кабыл алган. Тармактык министрликтин өкүлү билдиргендей “биз өзүбүздөгү азык-түлүк менен өзүбүздү 85%, болбосо 100% камсыз кылабыз деген аракеттин үстүндө иштеп жатабыз. Ал үчүн биринчиден — түшүмдү көбөйтүүгө үрөн сапаттуу болушу керек. Буга чейин дыйкандарыбыз сапаттуу үрөнгө дээрлик мүмкүнчүлүк алган эмес. Биз 2022-жылдын түшүмү үчүн 11 миң 100 тонна жогорку сапаттагы үрөн алып келип, дыйкандарга 2 жылдык мөөнөткө 4,5% менен насыяга бердик. Күздүк себүүгө дагы 7 миң тонна үрөн алып келебиз. Келерки жылга дагы 6 миң тонна үрөн брондолуп турат. Өлкө калкын азыктык буудай менен камсыз кылуу үчүн 300 миң тоннадан ашык буудай, 90-92 миң тонна ун импортточубуз. Быйылкы жылы биздин божомол менен импорттой турган буудайдын көлөмү 200 миң тоннадан ашпайт. Бул былтыркыга караганда 30-40% төмөн дегендик. Ошол эле мезгилде биз дыйкандарыбыз өндүргөн буудайды мамлекеттик резервдер фондуна сатып алабыз деп аракет кылып жатабыз.

Маселен, былтыр декабрда кумшекерге 70 миң тонна бөлсө, 15-апрелде кошумча 35 миң тоннага квота берилген. Азыр биздин ишкерлер ошонун жарымын алып келатышат. Майды сыртка чыгарууга Москва чектөө койгон эмес. Аны бизде кызыл кулактык менен гана кымбаттатып жиберишкен. Азыр бул эки товарда тартыштык жок, экөө тең ташылып келип жатат”.

Республикага 170,8 миң тонна кумшекер керек. Мамлекет былтыр мунун 40% (64 миң тонна) гана камсыздаган. Ал эми өсүмдүк майы өлкөдө 60 миң тонна пайдаланылса, жергиликтүү өндүрүш былтыр 5,4 миң тонна даярдаган.

Өлкөбүздө көп керектелген буудайдын быйылкы тагдыры тобокелчиликте калууда. Өлкөгө жылына 770 миң тонна буудай зарыл болсо, талаалардан орточо түрдө 400 миң тонна жыйналып алынат. Азыктын бул түрүнөн Орусияга, Казакстанга көз каранды”.

Азык-түлүк коопсуздугунун деңгээлин баалоо үчүн тамак-аштын эң керектүү тогуз түрү – буудай, нан азыктары, картошка, мөмө, жер-жемиштер, жашылча жана бакча өсүмдүктөрү, кумшекер, өсүмдүк майы, сүт азыктары, эт азыктары жана жумуртка аныкталган.

Республика алардын үчөөсүн – картошка, сүт, жашылча менен өзүн толук камсыздайт. Калгандарынын көбүн сырттан ташыйт. Эгер пайыздык көрсөткүчтөр менен карасак, аталган маанилүү товарлардын 70% башка өлкөлөрдөн сатылып келет. Ошондуктан окурмандардын бири бизде жерди өндүрүмдүү иштетип, андан талаптагыдай түшүм өстүрүп алуунун жана элди жакшы багуунун ордуна саясатчылар баш ооруткан кеп менен көбүрөөк алпурушаарын минтип айтууда:

-Азыр ар бир адамдын сүйлөгөнү эле саясат. Сүйлөшө келсең, мамлекетти кантип гүлдөтүп, өркүндөтүү жөнүндө насаат айтат. Эми ошол эле адамдын үйүнө барсаң , эшигинин алдындагы томуктай жери иштетилбей, бош калып, ала бата менен тикен басып жатат… Эмне үчүн мынтип кыйналып жашайсыңар десе: “Бизге шарт түзүп берген эмес”- деп, ата-энесин күнөөлөйт. “Иштейин десең иш жок”- деп, мамлекетти күнөөлөйт.

Ошонун ордуна шартты өзүң түз, мүмкүнчүлүктү өзүң жарат. Эч ким сага алдыңа даяр ашты алып келбейт. Милдеттүү да эмес!

Ырас, мамлекетти өнүктүргүң келип атса өзүңдөн башта. Оку, өнүк, дүйнө таанымыңды кеңейт. Алгач кичинекей мамлекеттиңди ( үй-бүлөңдү) бактылуу кыл.Сенин кыйналбай, эч кимге оорчулугуң түшпөй жашаганың эле мамлекетке кошкон салымың болот”.

 

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, журналист.