Домой Усул каана Мөңгүлөр – таза суунун булагы (География, 6-класс)

Мөңгүлөр – таза суунун булагы (География, 6-класс)

14

Сабактын максаты:
• Окуучуларга мөңгүлөр жана анын жаратылыштагы мааниси боюнча кеңири түшүнүк берүү.
• Адамдын иш-аракеттеринин мөңгүлөргө тийгизген таасири жана бүткүл дүйнөлүк проблемалар, таза суунун запастарынын булактарын суроо менен окуучулардын аң-сезимин өнүктүрүү.
• Окуучуларды табиятты сүйүүгө, жаратылышка аяр мамиле жасоого тарбиялоо.
Сабактын методу: Аралаш сабак.
Сабактар аралык байланыш: химия, адеп жана биология.
Сабактын жабдылышы: ДВД-ролик, таблица, сүрөттөр, слайд шоу.
Сабактын жүрүшү:
1. Уюштуруу «Биз кыялыбызда» оюну менен баштоо.
2. Уй тапшырма суроо (карточкалар менен).
3.Жаны тема: Мөңгүлөр – таза суунун булагы.
Мөңгү – бул кургактыктагы таза суунун бир булагы болуп эсептелет. 11-декабрь бүткүл дүйнөдө эл аралык тоо күнү болуп белгиленип келатат. Борбор Азиянын суу менен камсыз кылып турган Кыргызстандын мөңгүлөрү глобалдык жылуулуктан жана экологиялык кесепеттен улам азайып баратат. Өлкөдөгү 8000ден ашык мөңгүлөрдөн 2000дейи эрип кеткен. Адистер кийинки 15-20 жылдардын аралыгында мөңгүлөр тез эрип, муз катмары азайып баратат, 35% көлөмү кичирейип калган деп айтышууда.
Аба ырайы жылып жатат, жаан-чачындын да таасири бар. Нарын дарыясынын жылдык көлөмүнүн 7-8% гана мөңгү суусу түзөт. Ысык-Көлгө баратканда, сол жактагы тоолордо мөңгү калбай калган. Токойлорду кыюуну токтотуу керек. Кыргызстанда мөңгү аянты 8100 км2. Бир га токой бир жылда 50 тонна чанды жутуп өзүнө сиңирип алат. Ал эми жутулбаган чаңдар шамал аркылуу мөңгүлөргө жетүүдө. Адистер башында, аба ырайы +2 с учурда Күңгөй Ала-Тоонун Түштүк кырка тоо тарабында мөңгүлөрдүн аянты 76%, Түндүк тарабы 32%,азаят. Нарын дарыясы мөңгүлөрдүн 50% чейин жоготушу мүмкүн.
Мугалим:
1. Силер мөңгүлөр жөнүндө эмне билесиңер?
2. Мөңгүлөр – тоо мөңгүсү жана каптама мөңгү болуп бөлүнөт.
3. Таза суунун запасы көп.
4. Жер шаарында суунун айлануу процессине катышат.
5. Мөңгүлөрдөн тоо дарыялары башталат.
6. Уюлдук мөңгүлөр Жердин жылуулук балансына чоң таасир тийгизет.
2. Тапшырма: Климаттын өзгөрүшүнө эмнелер таасир этет? Окуучулар оз ойлорун айтышат. (Интернет булактарынан алынган маалыматтар.)
3. Тапшырма: Кургакчылыктын кесепеттери. (Слайд көрсөтүлөт)
4. Бышыктоо.
Кластер түзүү: Мөңгүлөрдүн эриши. Токойлордун кыйылышы, СО2нин көбөйүшү. Химикаттар. Топурак кыртышынын бузулушу.
Суроо – жооп уюштуруу:
1. Жер шаарында муздардын жалпы аянты?
2. Эн узун мөңгү?
3. Айсберг деген эмне?
4. Каптама муз тоолор каерде коп ?
5. Аккумуляция жана абляцияны салыштырып бер.
6. Мөңгүлөрдүн жана көп жылдык тоңдун табияттагы маанисин айтып бер.
7. Борбордук Теңир-Тоодогу эн ири мөңгү кайсы ?
8. Суу жөнүндө макалдарды чечмелеп бер: Суу сыйлаган зор болоор, суу кордогон кор болоор. Суу – өмүрдүн булагы.
Үй тапшырмасы:
1. Мөңгүлөрдүн жана көп жылдык тондун табияттагы мааниси жөнүндө эссе жазгыла.
2. Жер шаарындагы коп жылдык тон жана мөңгүлөр тараган райондорду картадан көрсөткүлө жана контр картага түшүргүлө.
Баалоо: Комментарийлөө менен.

Кутбү КОЖОБЕКОВА,
Н. Мамбетов мектебинин
география мугалими,
Аксы району.