Домой Без рубрики Махмуд Кашгари Барскани жана анын «Диваны»

Махмуд Кашгари Барскани жана анын «Диваны»

72

Сабактын максаты:
•Кыргызстандын аймагындагы Барскоон өрөөнүнөн чыккан Махмуд Кашгари жана анын жазган китеби «Түрк тилдер сөз жыйнагы» тууралуу билимдерге ээ болушат.
•Логикалык ой жүгүртүүлөрүн жана сөз байлыгын өркүндөтө алышат.
•Улуттук асыл мурастарды урматтоого, китептин баркын билүүгө тарбияланышат.
Сабактын тиби: Жаңы билимдерди өздөштүрүү сабагы.
Сабактын жабдылышы: Сүрөттөр, Кыргызстандын картасы, проектор, окуу китеби.
Сабактын жүрүшү: Уюштуруу. Жагымдуу маанай түзүү. Баалоонун критерийлери менен балдарды тааныштыруу (ар бир туура жоопторго бирден чүкө берүү).
Алтын эреже:
К – кечикпей келүү
А – активдүү катышуу
Ш – шашылбоо
Г – гумандуулук
А – аракеттенүү
Р – руханий байлыкты өстүрүү
И – илимге умтулуу

Айткым келди, оо, акылман, сөз жайын,
Окуу билим пайдасынан баштайын.
Окуу түндө алдыңдагы шам чырак,
Билим алсаң маңдай ачык жаркырап.
Окуу билим көп нерсеге жеткирет,
Бул экөөнөн урмат-сыйды көп көрөт.
Сокур дешет билимсизди жок дешет,
Окуу гана жарык чачат дүйнөгө.
Жусуп Баласагын.
Үй тапшырмасын суроо:
1) 1000 сом акча бирдигине кимдин сүрөтү түшүрүлгөн?
2) Ж. Баласагын кайсы мезгилде туулган?
3) Ж. Баласагын туулуп-өскөн шаар кайсы өрөөндө жайгашкан?
4) Ж. Баласагындын эмгегинин канча көчүрмөсү бар?
Белектин баары бүтөт, жок да айла.
Мен берген түтөт, турат кылымдарга.
Бул саптарда Ж. Баласагын бизге калтырган кандай белек тууралуу сөз болуп жатат?
Балдар китеп деп жооп беришет.
Ж. Баласагындын “Кут билим” китеби 11-кылымда жазылган. Ошондон бери ал китеп өз маанисин жоготпой келет. Бул китеп 21-кылымдын окурмандары үчүн да баалуу деген жоопторду айтышат.
Китепти сүй, баркын бил.
Китептин көп акылы.
Ким китепке дос болсо,
Ал ошонун жакыны, — деп ыр саптарында айтылгандай эле бүгүнкү сабагыбызда да 10 кылымды басып, бизге жеткен китеп жана ал китептин автору тууралуу билимдерге ээ болобуз.
Китептин аталышы “Дивану лугати т-түрк” энциклопедиялык мүнөздөгү чыгарма. Китеп 1077-жылы жазылып бүткөн. Китептин кириш бөлүгүндө Аббасийлик халифке багышталгандыгы жазылган. Бүгүнкү күндө китептин көчүрмө нускасы Түркия мамлекетинин Стамбул шаарынын “Миллиет” китепканасында сакталып турат. Азыркы учурда “Дивандын” кыргызча, түркчө, өзбекче, уйгурча, англисче, орусча котормолору толук жарыяланган.
Махмуд Кашгари Барскани О. Прицак жана башка окумуштуулардын жоромолунда 1029-1038-жылдардын аралыгында Ысык-Көлдөгү Барскан шаарында кагандык сулалеге таандык үй-бүлөдө туулган деп айтылат. Махмуд Кашгари дүйнөнүн түстүү тегерек картасын чийген. Ал картанын ортосуна Ысык-Көл жана Теңир тоо тоо кыркасы дүйнөнүн чордону катары жайгаштырылган. Бул дүйнө картасы Борбордук Азиялык түрк калктарынын өкүлү жаратып, өз элинин дүйнө таанымын чагылдырган эң алгачкы картографиялык чыгарма болуп саналат.
Саякатчы: Махмуд Кашгари Барскани өзү түз кыдырган жерлер Ысык-Көл, Чүй, Теңир тоо, Жети-Суу, Тарим, Хоросан, Фергана, Мавереннахр. Ал Ат-Башы, Барскан, Баласагын, Кочкор башы, Өзгөн, Кашкар, Бухара, Нишапур, Багдад сыяктуу шаарларда болгону талашсыз.
Махмуд Кашгари Барскани:
•Дүйнөнүн түстүү тегерек картасын сызган.
•Китеп жазган.
•Саякатчы


Бышыктоо:
Туура варианттарын белгиле.
1. Абу Али Ибн Сина А энциклопедиячы
2. Жусуп Баласагын Б карта түзүүчү, саякатчы
3. Махмад Кашгари В философ, ойчул, акын
4. Абу Райхан Бируна Г дарыгер
Жообу: 1-г 2-в 3-б 4-а
Жыйынтыктоо: Борбордук Азия илимий ачылыштардын чөлкөмү. Борбордук Азиядан бир катар мусулман окумуштуулары чыккан. Кыргызстандын аймагынан дагы Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари дүйнөгө белгилүү болгон китептерди белек кылып кетишти.
Чыгуу билети:
“3-2-1 техникасы”
3-жаңы түшүнүк
2- кызыктуу болгон эки түшүнүк
1-билгиси келген бир түшүнүк
Баалоо: Ар бир баланын чүкөлөрүн саноо менен баалоо.
Үй тапшырмасы: §10 окуп келүү, М. Кашгаринин түзгөн картасынын сүрөтүн тартып келүү.

Кундуз АКМАТАЛИЕВА,
Р. Солпуев атындагы №60 орто мектебинин тарых сабагынан мугалими,
Аксы району.