Ушул тапта “Жайкы эс алуу-2022” иш чараларын турмушка ашырууда социалдык өнөктөштөр менен макулдашуулардын негизинде билим берүү жана илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ноокен райкому үлгү болорлук иштерди жүргүзүп жатат. Алсак, алар жакында эле мамлекеттен каражат бөлүү маселеси али чечилбей турганына карабастан, ата-энелердин жана жергиликтүү бюджеттин эсебинен 1-агымда туристтик базада 134, “Арстанбап” пансионатында 84 окуучунун эс алуусун уюштурушту. Ал эми 29-июнь күнү турбазага 2-агымда 126 бала эс алуу үчүн келишти. Ошентип алар азыркы убакытка чейин ички мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, 344 баланын эс алуусун уюштурууга жетишти. Балдардын эс алууларын уюштуруу иши дагы улантылат.
Аталган кесип бирлигинин Жалал-Абад обкомунун төрагасы А. Исмаилов жакында “Арстанбап-Ата” туристтик базасында болуп, эс алып жаткан балдардан жашоо-шарттары, тамак-ашынын сапаты, коопсуздугу, тиешелүү иш чаралардын аткарылышы менен таанышып келди. Бул тууралуу маалыматты Жалал-Абад КБКнин инспектору А. Айдаров билдирди.