Домой Мезгил, окуя, факты Март окуялары унутула элек

Март окуялары унутула элек

13

Жыл өткөн сайын 2005-жылдын 24-мартында, республикабызда болуп өткөн “жоогазын” төңкөрүшү улам артта калууда. Туура саясаттын жүргүзүлүшү жана элдин жашоо-шартына ылайыктуу социалдык-экономикалык турмуш улам жакшырып бараткан сайын мамлекетибизде тынчтык орноду. Мамлекеттик бардык кызматтар эл үчүн жакшы кызмат өтөп жаткандыктан калктын ынтымагы бекемделди. Өлкөбүздө азыркыдай тынчтык жана ынтымак менен биримдүүлүк түбөлүккө улана берсин. Мындан он сегиз жыл мурда болгон март окуялары да андан башка бурулуш жылдардай эле көпчүлүктүн көз алдында азыр деле элестелип турат.
Ал кезде Жалал-Абадда башталып, тунгуч президент А. Акаевдин урагыс бийлигине каршы чыккан элдик толкундоо кийин бөлөк облустарга да жайылып кеткен. Натыйжада республиканын экинчи президенти кызматка келген. Андан кийин А. Атамбаев өлкө башчылыгына келгенде майрамдык күндөрдүн тизмесинен өчүрүлгөн 2005-жылдагы “жоогазын” ыңкылабы да өлкөбүздүн тарыхында өчпөс болуп, жазылып калчу саясий окуялардын бири. Ал күнү Кыргыз Республикасын он беш жыл башкарган тунгуч президент Аскар Акаев бийликтен айрылып, саясатчылардын тили менен айтканда анын “үй-бүлөлүк башкаруу” доору биротоло ураган.

“Жоогазын” окуясынын себептери
“Жоогазын” төңкөрүшүнөн улам республиканын башчысынын алмашуусуна 2005-жылы февраль айында болуп өткөн парламенттик шайлоонун мыйзам бузуулар менен коштолуп, административдик ресурстун күчтүү болгондугу, эл каалаган эмес, бийлик каалаган адамдардын депутаттыкка тандалышы жана Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн бийлик иштерине тегиз аралашып, уулу менен кызынын парламенттин депутаттыгына шайлануусу себеп болгон. Ага дейре, президенттик жана парламенттик шайлоолор менен референдумдардын калыс эместиги, анан да 2002-жылдын 17-мартында Аксыда болгон “кандуу жекшемби” да Аскар Акаевге каршы нааразылыктарды кыйла күчөткөн.
“Жоогазын” ыңкылабынын учкуну адегенде Жалал-Абад облусунда башталган. Тагыраагы Базар-Коргон-Тогуз-Торо шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгы үчүн шайлоонун бир тараптуу, адилетсиз, административдик ресурстар аркылуу өткөрүлгөндүгүнө нааразы болгон шайлоочулар өздөрү жашаган аймактарда шайлоону кайра өткөрүүнү талап кылышып, нааразылыктарын баштаган. Ага жооп болбогондо алар облус борборуна келишкен. 2005-жылы 4-мартта “ЭркиндиК аянтына топтолгон шайлоочулар “ЭрК” партиясынын облустагы төрагасы Медер Үсөновдун жана анын колдоочуларынын баштоосу менен Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациясынын ичине кирип барышкан. Алар экинчи кабаттагы дубалга илинген А. Акаевдин портреттерин талкалашып, сүрөттөрүн тытышып, майдалап жерге ыргытышкан. Жалал-Абаддын Ленин жана “Эркиндик” көчөлөрүнүн кесилишинде турган анын баннерин тытып ыргытып, өрттөп ийишкен. Облустук бийликтин имаратына кирип алгандар ал жерди он алты күн-түн, 20-мартта таң эрте спецназдын жоокерлери күч колдонуп, айдап чыкканга дейре ээлеп турушкан. Ош жана Жалал-Абад облустарынын ар кайсы райондору менен айыл кыштактарынан келишкен миңдеген адамдар обладминистрациянын маңдайына боз үйлөрдү тигип алышып, “Эркиндик” аянтынан жылбай, митингдерди тынымсыз улантышкан. “Кел-Кел” уюмунун жаштары Жалал-Абаддын көчөлөрүндө А. Акаевдин отставкага кетүүсүн талап кылган тасмаларды көтөрүп алышып, жөө кыдырып жүрүшкөн. Акциянын катышуучулары республиканын Жогорку Кеңешине кайра шайлоо өткөрүүнү, А. Акаевдин кызматтан кетүүсүн, үй-бүлөлүк башкарууну жоюуну, кыргыз жерлерин чет өлкөлөргө бербөөнү талап кылышып, бир нече жолу кайрылуу жиберишкен. Облбийликтин имаратын 4-марттан бери ээлеп жаткан 150-300дөй демонстранттарды спецназдын күчү менен айдап чыгуу үчүн үч ирет, адегенде 6-мартта, кийин 13-марттын түнүндө, анан 19-мартта билдирүүлөр келген. Ал эми Улуттук Банктын Жалал-Абад облусундагы башкармалыгынан белгисиз адамдар уурдаган 22,7 миллион сом кайтарылып алынып, Гамаль Сооронкуловдун айтымында ал акчалар кагаз кутуларга салынган бойдон облустук ички иштер башкармасына тапшырылган.
15-мартта облбийликтин аянтында жайнап жүргөн адамдардын алдына саясатчылар Топчубек Тургуналиев, Дооронбек Садырбаев, Роза Отунбаева, Курманбек Бакиев, Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Текебаев, Бектур Асанов келип сүйлөшүп, обладминистрациянын ичинде жаткандардын акыбалынан кабар алышкан. Ошол эле күнү түштөн кийин элдик курултай болуп, анын чечими менен Жалал-Абад облусунун губернаторлугуна Жусупжан Жээнбеков, биринчи орун басарлыгына Жаныш Курбанов шайланган.
Бирок, жогорку бийлик акциядагылардын шайлоону кайра өткөрүү өтүнүчүнө көңүл бурбай, нечен ирет чакырышса да, А. Акаев Жалал-Абаддык шайлоочу-митингчилердин алдына келген эмес. Атүгүл аны менен жолугушканы Жалал-Абад шаарынын Ленин-Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде топтолгон элге учурабай, Барпы кыргыз театрында жергиликтүү жетекчилер менен жыйналыш өткөргөндөн кийин Ленин көчөсү менен жүрбөй, Пушкин көчөсү аркылуу аэропортко жетип, кетип калган. Ош облусундагы элдик толкундоолор 12-мартта башталган. Оштуктар жергиликтүү облустук мамлекеттик администрациянын алдында нааразылыктарын билдиришкен. Жалал-Абад жана Ош облустук мамлекеттик администрациялардын ичинде жана алдында турган нааразы адамдарды 20-март, таңкы саат беш –беш жарымдарда милициянын атайын топтордогу кызматкерлери уруп-согуп, кууп таркатышкан. Жалал-Абад обладминистрациянын ичинде жаткандарды сүйрөп чыгарып, эки “КАМАЗ” автоунааларына жүктөп алып, Сузак району менен Майлуу-Суу шаары тарапка алып кетишкен. Жалал-Абад облустук администрациянын аянтына тигилген боз үйлөр ырайымсыздык менен кулатылып, анда турган адамдар кууп таркатылып, колго түшкөндөрү Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн убактылуу камоо жайына киргизилген. Таң маалдагы ал окуяларды “Азаттык” радиосунда 1995-жылдан бери иштеген ушул саптардын автору болгон журналисттен башка бир да гезит же, теле жана интернет кабарчылары 2002-жылдын 17-мартындагы ок атууларды өз убагында билдиришпегендей эле 2005-жылдын 20-мартында болгон таңкы окуяларды чагылдырышкан эмес. Видеого да тартылбаган. Бир да саясатчы ошо маалда кууп-таркатылган жана уруп-согулуп жаткан эл ичинде болгон эмес. Ок атылбаганы менен, уруп-согуудан жараат алгандар болгон. Демонстранттар кармап алган жергиликтүү телеканалдын редактору менен операторун, Казакстандын элчилигинен келген кызматкер Оңталапты жана жөө жүрүш учурунда аялдар жакалап-жулмалаган журналистти да ушул макаланын автору бошоткон. Видеоаппараттарын тартып алган адамдардан кайра кайтартып берген.

Ошондо “учкундан жалын тутанган”
Бирок, 20-март түшкө жакын Сузак районуна караштуу “Телтору” ат майданынын айланасына райондун тоолуу айыл-кыштактарынан эл топтолгон. Алар ошо кездеги республиканын Малайзияда элчиси болуп жүргөн Бектур Асановдун жана анын “ЭрК” партиясынын Жалал-Абаддагы мүчөлөрүнүн баштоосу менен облбийликти көздөй ушул эле шаардын Б. Осмонов, Кыргыз Республикасы, Ленин көчөлөрү менен шаарга жөө жүрүш жасаган. Жолдо келе жатканда облустук ички иштер башкармасы менен шаардык ички иштер бөлүмүнүн имараттарынын төбөсүндө жүрүшкөн куралдуу кызматкерлер асманды көздөй ок чыгарышкан. Бирок, ага карабай, демонстранттар облустук мамлекеттик администрациянын имаратын кайра ээлешкен. Абактагылар бошотулган. Бешим ченде облбийликтин, “Мөлмөл” мейманканасынын айлана-тегерегине уулуу газ коё берилген. Губернатор Ж. Жээнбеков баштаган обладминистрациянын кызматкерлери шаардык ички иштер бөлүмүнүн кеңсесинде иштеп турган. Шаардык ички иштер бөлүмүнүн бир каанасы жана бир автобус өрттөлгөн.
21-марттан баштап, демонстранттар Бишкекти көздөй жөнөшкөн. Республиканын башка аймактарынан борборго барган адамдар жана Бишкекте жашаган кишилер топтолуп, 22-23-март күнү Бишкектеги Ак үйдүн алдына келишкен. Президент А. Акаев 24-мартка караган түнү Россия Федерациясына качып кеткен. Парламенттин Москвага анын артынан барган депутаттарына Кыргыз Республикасынын президенттигинен кеткендиги тууралуу арызын жазып берген. Натыйжада республиканын тарыхында биринчи жолу бийлик башчы алмашкан. 2005-жылы болгон “жоогазын” төңкөрүшүнө 24-мартта он сегиз жыл толмокчу.
2010-жылы болсо, апрель окуялары болуп кетти да, ошондо бийликке келген А. Атамбаев майрам күн болуп калган 24-мартты жокко чыгарды.

Ырысбай АБДЫРАИМОВ, журналист.